Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Улуттук музейден баалуу сүрөт уурдалды


Улуттук көркөм өнөр музейинин имараты.
Улуттук көркөм өнөр музейинин имараты.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Улуттук көркөм өнөр музейинен уурдалган атактуу сүрөтчү Иван Айвазовскийдин сүрөтүн издөө иштери уланууда.

Белгилүү орус сүрөтчүсү Иван Айвазовскийдин “Крымдагы деңиз пейзажы” деп аталган эмгеги музейден жаңы жыл алдында, 27-декабрда уурдалып кеткен. Аны издөө иштеринен азырынча майнап чыга элек.

Улуттук көркөм өнөр музейинин директору Юристанбек Шыгаевдин сөзүнө маани берсек, жоголгон маданий байлыкка болгон кайдыгерлик байкалат:

- Сүрөттүн тарыхын билбейм. Эми жөнөкөй эле пейзаж да. Айвазовский мындай сүрөттөрдү көп эле тарткан.

Бул окуядан соң биз менен ой бөлүшкөн айрым инсандардын сөзүнө караганда, музейдеги шалаакылыкты бишкектиктер мурда эле баамдагандай. Белгилүү кыргыз блогери Бектур Искандер аталган музейдеги бир окуяны эске салды:

- Бул сүрөт жоголгондон кийин мага бир таанышым үч жыл илгери тамаша иретинде илинип турган ушул сүрөттү кармалап, кадалган жеринен чыгарып көрүшсө да эч ким эч нерсе дебегенин айтты. Жада калса маани да беришкен эмес экен. Ушундан улам ал жердеги маданий байлыктар таптакыр көзөмөлсүз экенин баамдоого болот. Эми баалуу сүрөттүн уурдалышы бир чети кайгылуу дечи, бирок ошол эле учурда бизде да мындай сүрөт уурулары катталып жатканы кыйла кызыктуу тенденция. Мен буга чейин мындай уурулук жалаң алыскы Америка, Европа өлкөлөрүндө болот деп ойлочумун.

Сүрөт күйөрманы Бектур Искандер ошол эле учурда ичи күйүп жатканын да жашырган жок. Ал ушул күнгө чейин музейде мындай баалуу сүрөттүн бар экенин элес албай, аны көрбөй калганына арманда:

- Музей жаныбызда турат, убакыт болгондо барам деген шылтоолордун айынан бут жетпей келген. Эми жоголгондо ичимди тырмап, Айвазовскийдин эмгектерин изилдеп окуп отурабыз.

Ал ортодо музейлерге көзөмөл салган Маданият, маалымат жана туризм министрлиги окуя боюнча атайын комиссия түздү. Министрликтин Көркөм өнөр музейи боюнча куратору Дамира Алышбаеванын билдиришинче, бул уурдоо бардык музейлерге жана бийликке сабак болушу керек:

- Биз атайын комиссия түздүк. Себеби бул келечекте боло турган кокустуктарга каршы белги болушу керек. Музейде Айвазовскийдин сүрөтүнөн башка да Франциядан келген, Орусиядан келген сүрөттөр, анан да кыргызстандык сүрөтчүлөрдүн дагы канчалаган баалуу эмгектери сакталып турат. Эми мындан ары дагы уурулук кайталанбашы үчүн кандай аракеттерди жасаш керектигин карап көрүшүбүз керек.

Залкар сүрөтчү-маринист Иван Айвазовскийдин бийиктиги 53, туурасы 43 сантиметр келген "Крымдагы деңиз пейзажы" сүрөтү 1866-жылы жаралып, Кыргызстанга 1955-жылы Москвадагы Третьяков галереясынан алынып келинген. Ал кезде СССРдин Маданият министрлиги аны 10 миң советтик рубль деп баалаган.

Полотно 27-декабрга оогон түнү, музейдеги жаңы жылдык отуруштан соң уурдалган. Сүрөт илинип турган алкактан олдоксон кесилип алынган. Азырынча бул сүрөттүн баасы эки миллион сом деп болжолдонууда.

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейи Кыргызстандын эң башкы сүрөт казынасы. Ал 1935-жылы ачылып, учурда 17 500дөн ашуун эмгектер сакталып турат. Бул сүрөт уурдоо музейдин тарыхындагы үчүнчү учур.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG