Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:11

Бишкекте ири маңзат кампасы табылды


Бишкектен табылган кампа. 26-апрель, 2024-жыл.
Бишкектен табылган кампа. 26-апрель, 2024-жыл.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Манас” бажысы менен бирге уюштурган иш-чаралардын жүрүшүндө Кыргызстанга, андан Казакстан, Өзбекстан жана Кытайга маңзат ташуу аркылуу көмүскө кирешелерди адалдоо менен алектенген трансулуттук кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын маалымдады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Бишкектеги кампалардын биринен жалпы салмагы 4 тоннадан ашуун апийим куурайы табылган.

“"Кодеин" жана "Морфин" баңги жана психотроптук заттарын камтыган апийим куурайынын лабораториялык изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы 350 килограммга жакын” деп жазылган маалыматта.


Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 285-беренеси ("Бажы чек арасы аркылуу өтүүнүн атайын эрежелери белгиленген буюмдарды аткезчилик жол менен алып өтүү") жана 282-берене ("Сатуу максатында баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында кыргызстандык жарандар А.Ф.К. жана А.А.К. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 17-апрелдеги билдирүүсүндө Кыргызстанда маңзат жасагандарга жана саткандарга каршы күрөш күчөтүлөрүн билдирген. Ал былтыр жана быйыл жыл башынан бери 12 милиция кызматкери маңзат соодасына байланыштуу кармалып, жоопко тартылганын тактаган.

2020-2021-жылдары укук коргоо органдары издөө-иликтөө иштеринин аркасында 28 кг синтетикалык маңзат табышкан. Ал эми 2022-жылы 89 кг, 2023-жылы болсо 150 килограмм каражат алынган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG