Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:52

Азербайжанда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат


Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү.
Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү.

Азербайжандын борбору Бакуда Кыргызстандын маданият күндөрү өтүп жатат.

24-апрелде башталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар министри Алтынбек Максүтов, Азербайжан Республикасынын маданият министри Адил Габил оглу Каримли, коомдук ишмер Медеткан Шеримкулов баштаган Кыргызстандын интеллигенция өкүлдөрү, атайын чакырылган расмий меймандар, Кыргызстандын жана Азербайжандын маданият ишмерлери, Баку шаарында жашаган мекендештер күбө болушту.

Маданият күндөрүнө Улуттук “Манас” театрынын төкмө акындары, Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жана Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын солисттери, Чоро Кожомжаров атындагы эстрадалык-симфониялык оркестри, Нурдин Түгөлов атындагы Кыргыз мамлекеттик “Ак-Марал” бий ансамбли, Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын өкүлдөрү, “Мурас” фольклордук-этнографиялык ансамбли катышты.

Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү.
Кыргызстандын Азербайжандагы маданият күндөрү.

Ачылыш аземде Алтынбек Максүтов “кыргыз-азербайжан элдеринин ортосунда эл аралык деңгээлдеги маанилүү даталарды жана иш-чараларды чогуу белгилөө салтка айланганын, мындай биргелешкен маданий иш-чаралар аркылуу эки элдин улуу тарыхый барактары, окшоштугу сезилерин” билдирди.

Гейдар Алиев атындагы маданий борборунун чоң залында өтүп жаткан саамалык бүгүн 26-апрелде, кечинде жыйынтыкталат.

Маданият күндөрү президент Садыр Жапаровдун 2022-жылы 19-20-апрель күндөрү Азербайжанга болгон расмий сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын жана Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 5-жыйынынын жыйынтыгы менен жетишилген макулдашуулардын алкагында ишке ашууда. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG