Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:32

Президенттин администрациясы Икрамовдун мыйзамын көчүрүп алганын төгүндөдү


Өкмөт үйү.
Өкмөт үйү.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун “Министрлер кабинети депутаттардын мыйзам долбоорун уурдап жатат” деген сөзүнө байланыштуу билдирүү таратты.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 22-апрелдеги жыйынында “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралган. Алимент төлөбөгөн ата-энелерге жана ата-энесин карабаган балдарга жазаны күчөтүүнү максат кылган долбоорду Тазабек Икрамов баштаган депутаттар сунуштаган.

Мыйзамды талкуулоо учурунда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева ушундай эле максатты көздөгөн мыйзам долбоорун Министрлер кабинети сунуштап чыкканын билдирип, “алар бири-бирине карама каршы келип каларын, кийин президент ага вето коюп коюшу мүмкүн экенин” айткан.

Тазабек Икрамов мыйзамды Министрлер кабинетинен мурда демилгелеп чыкканын белгилеп, өкмөттү анын идеясын “уурдап алды” деп айыптаган. Ал Президенттин администрациясы алардын мыйзамына “корутунду берүүнү атайылап созуп, соңунда өзүнүн мыйзамын алып чыкты” деген.

Президенттин администрациясы өз түшүндүрмөсүндө Министрлер кабинетинин сунуштаган мыйзам долбоору 2023-жылы 16-ноябрда Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлгөнүн, ал 2024-жылы 11-апрелде экинчи окууда кабыл алынганын тактайт.

Мекеме Икрамов баштаган депутаттардын мыйзам долбоору 2023-жылы 4-декабрда расмий корутунду берүү үчүн Президентин администрациясына киргизилгендигин белгилеп, ал мыйзам долбоору 2024-жылы 7-мартта демилгеленгенин жана учурда биринчи окууда экенин тактайт.

“Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамовдун Министрлер Кабинети “мыйзам долбоорун уурдап жатат” деген билдирүүсү таптакыр чындыкка коошпой турганын белгилейбиз. Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоору менен Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзам долбоору бири-бирине окшош эмес жана олуттуу айырмачылыктарга ээ. Ошону менен бирге Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоорунда депутаттар демилгелеген мыйзам долбоорунан айырмаланып, балдарын кароодон качкан ата-энелерге катуу жаза каралган”, – деп айтылат Президенттин администрациясынын маалыматында.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 22-апрелдеги жыйынында Икрамов баштаган депутаттар сунуштаган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапкан.

Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев комитеттин ошол күнкү жыйынында билдиргендей, Кыргызстан боюнча 53 548 туруктуу түрдө алимент төлөбөгөн жарандар катталган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG