Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:16

Журтташтар

Четтеги журтташтар шайлоого жигердүү катыша алган жок

Чет өлкөлөрдөгү кыргызстандык мигранттардын саны жүз миңдеп кетери айтылып жүргөнү менен консулдук каттоодо турган жана шайлоо тизмесине киргендер саны 40 миңге жеткен эмес.

Текст көлөмү - +
Алардын 30-октябрдагы шайлоого катышуу көрсөткүчү абдан төмөн болду, добуш берүүгө тизмедегилердин жети пайызга жетпегени гана келди. Бирок шайлоо бекеттерине келип, өзүн тизмеден таппагандар чет өлкөлөрдө да, өзгөчө Орусия менен Казакстанда көп кездешти.

Бул шайлоодо 23 өлкөдө 29 гана шайлоо бекети түзүлгөн. Булардын ичинен Орусияда үч, Германияда үч, Казакстан, Түркияда экиден, Кыргызстандын элчилиги же консулдугу бар калган өлкөлөрдө бирден гана шайлоо бекети болду.

​​Бул жолу жаңы мыйзамдын талаптарына ылайык, четтен консулдук каттоодо турган, буга кошумча элчиликке же консулдукка шайлоого катышарын күн мурунтан кабарлап, арыз берген жарандар гана катыша алмак.

Андыктан чет өлкөдөгү шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү кыргызстандыктардын добуш берүүгө катышуу көрсөткүчү төмөн болгондугун ириде ушул себеп жана экономикалык фактор менен байланыштырышты. Анткени элчилик же консулдук жайгашкан шаарга жетүү белгилүү бир каражатты талап кылат.

Орусия, Казакстан

Чет өлкөлөрдөгү добуш берүүнү уюштуруу боюнча аймактык шайлоо комиссиянын маалыматына караганда, четте катталган шайлоочулардын  саны 38 жарым миңдин тегерегинде. Алардын он беш миңден ашууну Орусияда, он миңден ашууну Казакстанда консулдук каттоодо тургандар.

Бирок бир нече жүз миң кыргызстандык бар деп эсептелген Орусия борбору Москвада 800ге жетпеген гана жаран добуш бере алды. Элчиликтеги шайлоо комиссиянын төрагасы Алмаз Абдисияев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Жалпысынан 15542 шайлоочу тизмеге кирген. Алардын 713ү добуш берип кетти. Ошол жалпы тизменин 13 миңден ашууну консулдук каттоодо турган жарандарыбыз. Калган 3 миңге жакын адам элчиликке өздөрү күн мурунтан келип, шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз жазып кеткендер. Бирок Москванын шартында, кыргызстандыктарда дем алыш деген да азыраак болот. Добуш бере албай кеткен жарандарыбыз да болду. Алар эмне үчүн добуш бере албай калгандарын түшүндүргөнгө аракет кылдык. Бирок ошентсе да бизге дооматтар айтылды.

“Азаттыктын” Москвадагы кабарчысынын баамында, элчиликке келгендердин ар бир экинчиси тизмеде жок болгондуктан добуш бере албай кайткан.

​​Он миңдей адам консулдук каттоодо турган Алматы шаарында добуш берүүгө болгону 122 адам гана катышты, бирок бул жердеги шайлоо комиссиясынын мүчөсү Алтынбек Сыдыковдун “Азаттыкка” айтканына караганда, консулдук каттоодо тургандар ичинен да өзүн тизмеде таппагандар арбын болду. Ал эми шайлоого эл аз келгенинин бир себеби добуш берүү мурдагыдай базарга жакын жерде уюштурулбагандыгында болду.

- Көбү келе албай калды, көбү тыгынга кабылып, жетише албай калышты. Консулдук каттоодо тургандар да өздөрүн тизмеден таппай, урушуп, арыз жазгандары жазып, жазбагандары жазбай кетишти. Мурунку шайлоолордун баары адамдар көп иштеген базардын жанында өтчү эле. Азыр консулдуктун имаратында өткөнү үчүн жол кире акысы эле эки миң теңге, же алты жүз сом. "Автобус жөнөтсөңөр барат элек" деп телефон чалгандар болду.

Европа, Азия

Европадан кыргызстандыктар Германияда үч жерде, мындан сырткары Австрия, Британия, Бельгия, Швейцарияда бир жерде, Түркияда эки жерде добуш беришти.

Европанын кыргызстандык эмгек мигранттары эң көп жүргөн өлкөсү Италияда элчилик да, консулдук да жок болгондуктан ал жердеги журтташтардын эч кимиси жарандык укугун ишке ашыра алышкан жок. Италиядагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири Гүлнара Арыкбаева мындай дейт:

- Абдан өкүнүчтүү. Чет өлкөдө жүрүп, Кыргызстанга жардам көрсөткөнүбүз менен үнүбүз угулбай калды. Ошого абдан өкүнүп турам.

Гүлнара Арыкбаева
​​Гүлнара Арыкбаеванын айтымында, Италиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны бери дегенде 3 миңдин тегерегинде.

Азиядан кыргызстандык эмгек мигранттары эң көп жүргөн өлкө - Түштүк Корея. Бул жерде 3-4 миң кыргызстандык жүрөт деп эсептелгени менен консулдук каттоодо алардын 10 пайыздан бир аз ашууну гана турат. Элчиликтеги шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, тизмедеги 523 адамдын 109 гана добуш берди.

Элчи Дүйшөнкул Чотонов “Азаттык” менен маегинде бул өлкөдөгү кыргызстандыктардын шайлоого катышуу активдүүлүгүнүн төмөндүгүнүн бир себебин башка шаарлардан борбор Сеулга жетүү үчүн жол киренин кымбаттыгы менен түшүндүрдү. Элчинин айтымында, Түштүк Кореяда да тизмеде жоктордон 30-40 адам элчиликке келип, бирок добуш бере алышкан жок.

АКШ

​​Чет өлкөдөгү шайлоо бекеттеринин эң акыркысы убакыттагы айырмачылыктан улам АКШда ачылды. Вашингтондогу шайлоо комиссиясынын төрагасы, “Кыргыз клаб” бирикмесинин жетекчиси Айбек Хакимов “Азаттыкка” белгилегендей, АКШдагы кыргызстандыктар саны жети миңге чейин жетет деп эсептелгени менен, шайлоочулар тизмесине аз эле киши кирген:

- Бизде 140 адам катталган. Анткени Вашингтондо жашаган кыргызстандыктар аз эле. Көпчүлүгү Нью-Йоркто, Филадельфияда, Калифорнияда, Синсинатиде. Белгилүү себептер менен алар келе албайт. Биз Нью-Йорктон элүүдөй адамды алып келүүгө аракеттендик. Бул да жакшы.

АКШда каттоодогу азганактай кыргызстандыктар добуш берип жаткан кезде, Кыргызстанда шайлоонун баштапкы жыйынтыгы, кайсы талапкер алдыга чыкканы белгилүү болуп калган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жаркынай каяктан: Москва
01.11.2011 13:39
Бир гана Москвада эмес,буткул Кыргызстан боюнча шайлоонун туура эмес откондугу баарыбызга белгилуу. Акыркы жылдары бул корунуш Кыргызстан учун адатка айланды десек да болот. Мисал келтирсек Ош шаарында кобунчо озбек улутундагы Кыргыз жараандары шайлоого катышышкан. Эн окунучтуусу Кыргыз жараандарынын шайлоого кайдыгерлиги. Озубуз шайлоо куну добуш бербей,шайлоо буткондон сон баары нараазычылыктарын билдируудо.

кимден: Эрхан каяктан: Кыргызстан
31.10.2011 20:07
Москва шаарындагы шайлоодо ар бир экинчи адам шайлоого катыша албады деген маалыматты кайдан алып берип жатат. Чындыгына келгенде ар бир экинчи адам шайлоого келгенде 100000 ден ашуун мигранттар нааразы болуп кетпейт эле. А. Абдисияев мырза силер кантип шайлоо откордунор билбейм жана билишти да калаабайм. Ошол куну элчикананын алдында мен шайлоого катыштым деген бир дагы шайлоочуну коргон жокмун. Тескеринче шайлоого катыша албай жатам деген мигрант шайлоочулардын саны арбын эле. Москва шаарында откон шайлоого мен ишенбей турам бул шайлоо бийликтин басымы астында отту. Мен шайлоо башталгандан шайлоо жонундогу макалаларга коментарийлериме жазып келип жатам бул шайлоодо да административдик ресурс колдонулат деп айткам. Ошол создорум так жана кыйшаюусуз аткарылды.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине