Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:21

Текебаев: Шайлоо менен өткөөл мезгил аяктады


"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" маек курууда, 7-июн, 2010-жыл
"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" маек курууда, 7-июн, 2010-жыл

Президенттик шайлоонун жыйынтыктары туурасында Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Азаттыкка" кеп курду.

- Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары белгилүү боло баштады. Анын жыйынтыктарына кандай баа бересиз?

- Шайлоо Кыргызстанда өзгөчө кырдаалда өттү. Шайлоонун өтүшү менен өткөөл мезгил аяктады. Бул Кыргызстан үчүн эле эмес бүтүндөй Орто Азия үчүн маанилүү прецедент, үлгү түзгөн окуя болуп калды. Шайлоо жаңы шайлоо жана саясий системанын шартында өттү. Кабыл алынган мыйзамдарга ылайык шайлоо комиссиялары көз каранды эмес жаңы бийлик органын түздү.

Орто Азия эмес КМШ өлкөлөрүндө жок дагы бир окуя – биз шайлоо комиссияларын түзүүгө партияларды катыштырдык. Ошентип партиялар талапкер эле эмес шайлоонун администратор, уюштуруучусу болуп чыга келди. Мисалы Борбордук шайлоо комиссиянын үчтөн эки бөлүгүн бийлик жана оппозиция партиялары түздү. БШКнын төрагасы жана орун басары оппозиция партияларынын өкүлдөрү болду. Жергиликтүү шайлоо комиссияларынын курамынын жарымын саясий партия өкүлдөрү ошонун ичинде оппозиция партияларынын өкүлдөрү түздү.

Шайлоо комиссияларында “Ата Мекенден” эки миң мүчө, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ата-Журт” партиясынан дагы эки миңден мүчө бар. Ошентип партиялар толук кандуу шайлоонун уюштуруучулары болуп чыга келди. Мындай биздин тарыхта жана КМШ өлкөлөрүнүн тарыхында да болгон эмес. Ошондуктан шайлоо мурункуга караганда ачык-айкын жана адилеттүүрөөк болду десек болот. Албетте, мунун баары салыштырмалуу, каталар, кемчиликтер шайлоонун жүрүшүнө таасирин тийгизип жатат.

- Мурдагы бийлик тушунда, айрыкча Курманбек Бакиев бийликте турган учурда шайлоо бурмаланып, таза өтпөгөнүн айтып келгенсиздер. Сиз шайлоону ачык, айкын өткөрүүнү талап кылгандардын алдыңкы сабында тургансыз. Азыр деле шайлоонун жыйынтыктары анык көрсөткүч эмес деп айткандар арбын болуп атат. Түштүк жергесинде расмий маалыматтар боюнча шайлоочулардын 50% чукулу добуш берди десе, ал жакта тизмеге киргизилбей калгандар арбын болгону айтылып жатпайбы?

- 2005, 2007 жана 2009-жылдардагы шайлоолордо Баткен облусунда шайлоочулардын 99% шайлоого келди, алардын 99% Бакиевге же “Ак Жол” партиясына добуш берди деп айтылган. Эгерде Кыргызстандан миллиондон ашуун адам сыртка чыгып кеткен десек, анын ичинен эң көп Баткен облусунан ички жана тышкы миграцияга кеткен деп айтып жүрсөк, анан кантип ошончо шайлоочу келип, добуш бермек эле.

Мына ошонун өзүн бурмалоонун белгиси катары караса болот. Азыр шайлоочулардын 50-60 % келди дегенди реалдуу деп ойлойм. Албетте, кемчиликтер бар. Бирок бул борборлоштурулган, мамлекеттик саясаттын чегинде чыгарылган саясат эмес, шайлоо системасынын кемчилиги, жаңы эрежелерди элдин, шайлоо участкаларынын мүчөлөрүнүн түшүнбөгөнү жана техникалык мүчүлүштүктөрдөн келип чыккан кемчилик деп ойлойм.

- Шайлоо жыйынтыктары өлкөдөгү жалпы кырдаалга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн? Анткени буга чейин айрым талапкерлер экинчи турга өтпөсө митинг өткөрө турганын жарыялаган эле?

- Албетте, саясий стабилдүүлүккө таасирин тийгизет. Мен дагы таптакыр эле шайлоо жакшы өттү дегенден алысмын. Чиновниктер иштин жеңилин көздөп административдик ресурсту колдонду, акча таратылды, анча-мынча жерде криминалдык көрүнүштөр дагы болду. Бирок булар мурунку шайлоолорго караганда азыраак, бет чүмбөтүн жаап, акырындап болуп атат да. Мисалы 2007-жылы шайлоо өнөктүгүндө “Ата Мекен” партиясы акчасын төлөп КТРден чыгалы десек чыгарбай койгон. Сотко берип, Жогорку Соттон утуп келсек дагы теледен чыгарган эмес.

Ал эми утулуп калып көчөдө маалымат жыйын өткөрүп, митингге чыкканда КТР көрсөткөн эмес. Кечээ таң атканча телевизор көрдүм, утулду деген талапкерлерди 20 жолу көрсөттү. Бүт участкаларда болгон мыйзам бузууларды, кемчиликтерди көрсөтүп атат. Биз ошондон сабак алып, күнөөлүүлөрдү жазалап, кеткен кемчиликтерди оңдогонго аракет кылыш керек. Шайлоо идеалдуулуктан алыс. “Үйрөнгөн адат калабы” дегендей эски кемчиликтердин бардыгы кайталанды, бирок мурдагыдай чоң массалык масштабда эмес.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG