Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 04:14

Эркиндик

Тизмеден чыр чыгууда

Шайлоо участкасына добуш бергени келген жарандар тизмеден аты-жөндөрүн таппай калган учурлар дээрлик бардык аймактарда кездешти.

Текст көлөмү - +
Катардагы жарандар менен бирге эле аттуу-баштуу коомдук, саясий ишмерлер Турдакун Усубалиев, Азимбек Бекназаров, президенттин уулу Атай Садыбакасов да өздөрүн тизмеден таппай, добуш берүү укугунан ажырап калышты.

Бул учурунда өз аты-жөнүн тактап албаган жарандардын күнөөсүбү? Мыйзамдын алешемдиктериби, же Боршайкомдун уюштуруу иштериндеги одоно мүчүлүштүктөрбү?

​​Добуш берүү тизмесинде карапайым адамдар өздөрүн таппай жатканы - бул шайлоодо негизги кемчилик катары айтылчудай болду. Келгендердин бир даары башын чайкап кетип калса, башкалары арыздануу менен нааразылыгын билдирүүдө. 

Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын тургуну Шералы Файзуллаев тизмеден өзүн таппай калгандарын бири:

- Мен мурда келип текшерип кеткем. Бүгүн келсем жок экен. "Арыз жаз" дешти. Каякка арыз жазыш керек экенин билбейм турам. Аялым да кирбей калыптыр.

Тизме боюнча нааразы топтордун алды Боршайкомго чейин келишти. Алардын бири Асылбек Акматов эрежеге ылайык, катталып кеткенин айтат:

- Мен атайын келип, бардык эрежелерге ылайык катталып кеткем. Телефонумдун номерин алып калышкан. Эгерде бирдеме болсо чалабыз дешкен. Эч ким чалган жок. Бүгүн тизмеден өзүмдү тапкан жокмун. Мен эле эмес, ушул жерден мен сыяктуу ондогон киши добуш бере албай калышты.

​​Катардагы жарандар менен эл-журтка атагы чыккан инсандар да добуш бере албай калышты. Алардын арасында мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев, саясий ишмер Азимбек Бекназаров, ошондой эле өлкө президенти Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов да бар.

​​Жогорку Кеңештин депутаты Жылдызкан Жолдошева да үй-бүлө мүчөлөрүнүн тизмеде жок болуп чыкканын айтууда:

- Менин эки келиним тең өздөрүн тизмеден таппай, добуш берген жок. Ал эми үйгө чакыруу баракчалары келген. Азыр арыз жаздым. Таң калганым: биз үй-бүлөбүз менен мурунку шайлоолордо деле добуш берип келгенбиз. Анан БШКнын мүчөлөрү мурдагы негизги тизмени ушундай башаламандыкка айлантууга кандай акысы бар эле? Тизме деген шайлоонун өзөгү да.

"Мында эки тарапта – бир жагынан мыйзамды туура аткарбай жаткан БШКнын айрым мүчөлөрүндө жана кайдыгерлик кылган жарандарда күнөө бар", - деди медиа-эксперт Абдымомун Мамараимов:
Бүгүн тизмеден өзүмдү тапкан жокмун. Мен эле эмес, ушул жерден мен сыяктуу ондогон киши добуш бере албай калышты.

- Негизги себептердин ичинде ошол элдин өзүнүн пассивдүүлүгү да бар. Анткени өз учурунда текшертип койсо, балким мындай болбойт беле.

Бирок шайлоочуларды да күнөөлөй берген болбойт. Менин угушума караганда Турдакун Усубалиевич да добуш бере албай калыптыр. Эми ушунча жыл шайлоого катышып келген адамдын тизмеде болбой калышы мүмкүн эмес. Ойлоп көрсөңөр, республикада 3 миңден ашык шайлоо участкасы бар. Анын ар бирөөсүндө эң эле аз дегенде 5 адам тизмеде жок болсо, 15 миңдей адам болуп кетет. Бул өтө чоң нааразычылыкты жаратышы мүмкүн. Албетте баягы “кошумча тизмени” алып салуу бул өтө жакшы, прогрессивдүү кадам болду, бирок жаңы мыйзамды киргизгенден кийин БШК ошого жараша катуу иш алып барыш керек эле.


Байкоочулардын пикиринде, бул шайлоо мурдагыларга салыштырмалуу таза өтүүдө. Тек гана тизме маселеси бул шайлоого көлөкө түшүрөт өңдөнөт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: бишкек
31.10.2011 20:59
бул деген шайлоого чейин эле алдын ала дайардалган план болгон .канчалаган шайлоочу оз укугун колдоно алабай калды.Азиза Толойкан эжелерибиз кайда журот буздин укугубузду коргоп беришсин.

кимден: эркинай каяктан: Ош
31.10.2011 12:30
Шайлоо куну атайын Джалал-Абад облусунан эрте чыгып Ош шаарындагы Боконбаев мектебинде жайгашкан шайлооо участкасына келип тандаган кандидатыма добуш берейин деп келсем, оз атымды шайлоо тизмегинен таба албай койдум. Кошумча тизмеге коштуруу боюнча арызымды 19-октябрда жазганмын, ошол жерден эле текшерсем регистрационный журналда менин чындыгында арыз жазганым киргизилген, бирок шайлоо тизмегинен чыкпай калдым. Озумду ар тизмеден издеп 15-20 муноттой туруп калдым, мени менен бирге 5-6 адам оз аттарын таппай калышты. Эмне кылаарыбызды билбей далдырап калдык. Баарынан дагы ошол жердеги шайлоо участкасындагылар бир так жооп бере албагандыгы жанды чындыгында кашайттырды. Бироосу мэрияда жайгашкан Ош облусттук территориалдык шайлоо коммиссиясына жонотушуп, ошол жактан тактагыла деп коюшту. Биз билбейбиз, БШК силерди тизмеге киргизбей коюшуптур деп кутулуп жатышты. Байкоочулардын жанында оздорун тизмеден таппай калган 3-4 адам отуруп калышты. Регистрационный журналдан менин атымды издеген эжеден эми мен эмне кылышым керек, мен ушинтип силердин куноордон шайлай албай каламбы деп сурасам, сендейлер тигине отурушат, кааласанар кечке чейин отургула деп, корс жооп берип койду. Эч ким мындай учурларды каттаган дагы жок, протокол жургузгон дагы жок. БШКнын 0312 66 01 16 телефонуна чалып оз атымды базадан издеттирсем, Жалал-Абад шаарындагы №4 мектебинде жайгашкан шайлоо участкасынын тизмесинен чыктым. Оператор кыз: "Вы сможете проголосовать только по этому адресу деп жооп кайттарды". Мен катталган жеримде шайлаганы мумкунчулугум жок деп, мыйзамдын негизинде 19-октябрда Ош шаарында шайлайм деп арыз жазганмын. Бул деги эмне деген шумдук болду? БШКнын мучолорунун бул корунушко "Билбейбиз кандайча мындай болуп калганын, системадан сбой кетти, айрым ушундай учурлар болду" дегендери акылга сыйбаган иш. Бул деген массовый турдо болду десем эч кандай жанылышпайм. Биздин эле уй-булодон, 2 адам: мен жана эжем оз аттарын таппай калышты. Канча деген адамдар оз конституциялык укугунан ажырашты. Ушунча нааразы болгон адамдарга эмне деп жооп беришет экен? БШК мындан ары тизмелерди тактоо боюнча кандай иш-чараларды жургузушот болду экен? Же бул шайлоо отту эми деп тизмелерди жаап, кийинки шайлоодо так ушундай кырдаал дагы кайталанабы? Биз дагы алдандык го. Кайдагы чындык!!!???

кимден: Ermek каяктан: Osh
31.10.2011 12:10
Туура айтасынар эмне учун крнын жараны озунунун айылында студенттерди айтпай эле коеюн аскердик билет,idи карттын копиясы,заграничный пасспорту м.н барса киригизбей коюшту бул эмне деген зомбулук оштогу бир шайлоо участкасында 600 шайлоочу катталса анын 200 у кире албаптыр, ачыктан ачык шайлоочулардын укугун тебелешти мурунку шайлоолордо эмне учун ушинтип тартип м.н шайлатпайт?дагы шайлоо таза отту ортоазияда биринчи шайлоо деп коюшат,аттин...качанга чейин ушинтип журоберебиз?

кимден: Нурлан каяктан: Ош
31.10.2011 11:18
Урматтуу окурмандар, бул шайлоодо биздин тизмелерге жооптуу болгон адамдар оздорунун коен экендигин,коен журок экендигин анык корсотушту.Кыргыз, кыргыз болбой калдык, ошол коендордун ордуна арстан журок Манас атабыздын чыныгы урпактары келуубуз зарыл, антпесек ал коендор элдин башын айлантып журо берет. Уятсыздар, озуно, озунун адамдык сапатына каршы чыккандар Аллахты суйгуло, коркула.

кимден: Ашым
31.10.2011 10:54
Эн балит шайлоо болду!
Уят!!!

кимден: ayperi каяктан: bishkek
31.10.2011 10:40
men ozum kattalgan emesmin. ke4e kattalbagyma suyunup kettim sebebi saat 8 de dostorum wailoogo barywsa spisokto jok eken/2lerde uwup kelip kalywty/ kyrgyzstandyn kelechegi uwundai bolo berse jawtar kandai tarbiya alywat ?

кимден: KG каяктан: KG
31.10.2011 09:58
Мен дагы эл катары эле тизмеде жок болуп шайлай албадым, получается биздин добуштар бардыгы Атамбаевге кетти да, бийликтин бул кылганы туура эмес. Эми элдин алдында мени эл шайлады деп уялбай кантип журот дейм да

кимден: Сайраш каяктан: Ош
31.10.2011 09:06
20 жыл мындай ыплас шайлоо корбогом. Акаев,Бакиев дейт адамдар алардын убагында 20 жыл кадимкидей Кыргызстанды жараны катары эч кандай укугубуз бузулбай добуш бергенбиз. Азырчы 20 жыл каттоодо туруп ушунча жыл добуш берип журуп, тизмебиз чыкпай калды. АКАЕВ менен БАКИЕВден айланып кеткиле.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.10.2011 08:48
Тизмеге биздин уйдон 3 адам кирбей калды 1990 -жылдан бери бир эле участокто добуш берип жургонбуз чакыруу барагы келген барсак тихзмеде жоксун дейт БШК заказ аткарган окшойт биз Ошто чонойгонбуз же себеби ошолбу,же админ.ресурс следующий методун ойлоп таптыбы

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.10.2011 08:48
БШКа элди кунолобосо,пассивный болушту деп.Эгерде элде куноо болсо бир кана жерде,ар бир айыл окумотундогулор жакшы билишкен,ким кимге добуш бергени жатканын,анткени адамдар ачык эле айтып жатышпадыбы кимге добуш беришерин.Ошого жараша тандалгандарды тизмеге тушурбой коюшту да,бул жерде ачык эле корунуп турбайбы административтик машина иштегени. Ушундан кийин калыстык тууралу унчукпай эле койолук
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине