Жума, Май 25, 2012 Бишкек убакыты: 05:41

Атайын баракчалар / Шайлоо

Шайлоо: Алгачкы жыйынтыктар чыга баштады

БШКнын электрондук тактасы талапкер Алмазбек Атамбаев атаандаштарынан алдыда баратканын көрсөтүүдө.

Ош шаарындагы бир шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү добуштарды эсептөөдө. 30-октябрь, 2011-жыл
Текст көлөмү - +
Борбордук шайлоо комиссиясына 2315 добушканадан түшкөн алдын-ала маалыматтарга караганда, талапкер Алмазбек Атамбаев 63,19% добуш (1 млн. ашык добуш) менен алдыда. Андан кийинки орунда Адахан Мадумаров 14,76% добуш (269 миңден ашуун добуш), үчүнчү орунда Камчыбек Ташиев 14,33% добуш (261 миңге чукул добуш) менен келатат.

БШКнын электрондук эсептөө сайты калган 13 талапкер азырынча бир пайызга жетпеген добуш алганы көрсөтүүдө. Бул 31-октябрь, саат кечки 5ке карай маалымат.

2315 шайлоо участогу жалпы 2318 добушкананын 99,87 пайызын түзөт.

Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы бүгүн айтылаары күтүлүүдө, ал эми толук жыйынтык мыйзам боюнча 20 күндүн ичинде чыгышы керек.

Кыргызстанда бүгүнкү президенттик шайлоо жалпы жонунан тынч, өтө одоно мыйзам бузууларсыз өткөнү кабарланды. Бирок шайлоочулардын бир тобу өздөрүн тизмеден таппай калышы нааразылыктарды пайда кылууда.

30-октябрдагы добуш берүүгө шайлоочулардын жарымынан ашыгы, тизмедеги 3 миллион 30 миңден ашуун шайлоочунун 60 пайыздан ашууну катышканы айтылууда. Кыргызстандыктар бул күнү өлкөнүн төртүнчү президенти үчүн добуш беришти.


​​
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 9 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жаныл
09.11.2011 16:37
Мен Атамбаевдин отушуно ишенгемин.Себеби кимде бийлик болсо ошол женип келген.Элдин добушуна карашпаган мурун эле шайлоонун жыйынтыгын даярдап коюшкан.Эми бизге шайтан азгырбай жакшы иштеп берсе болгону.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.11.2011 21:35
talashyp tartyshbagyla Atambaedi El shailady.

кимден: Конок каяктан: Кыргызжер
01.11.2011 18:49
Бул шайлоонун жүрүшүн көрүп, 2009-жылдагы шайлоону эстеп кеттим. Айырмасы, бул жолу “кокусунан свет өчтү, тигил залга барып турсаӊар” болгон жок. Эми шайлоо таза өтүп, татыктуу талапкер келет десе...

кимден: Мигрант каяктан: Москва
31.10.2011 21:53
Эгер кыргыз элинин башына "толковый"ажо келсе,Россиядан элиме кайтайын деп ойлонуп жургом.Бүттү!..... жакынкы 5жылдыкта да кетпей калдым го...
Посольствого- атуулдук мумкунчулугумдон колдонуп шайлоого катышып келейин деп барсам,ал жерде да каттоодо жоксун деп киргизбей койду.
Элчиликте мага окшогон далай кыргыздар томсооруп гана турушту го.....
Пикирге жооп

кимден: jolbors каяктан: osh
03.11.2011 00:56
Tatiktuu ajo degening Madumarov da,tuurabi? A Madumarov tushtuktgou mitingderde Bakievdi siy urmat m-n alip kelem dep jurdu. İshenbeseng youtubega kirip izdep kor.

кимден: Ошская девачка каяктан: Москва
31.10.2011 19:46
Эмнеси болсо да Акаевди жакшы корчубуз
Пикирге жооп

кимден: jolbors каяктан: osh
03.11.2011 00:57
Akaevdibi je Akaevanibi? Sebebi olkonu Akaeva bashkarip turgan da.

кимден: Кыргыз бала
31.10.2011 19:03
Атамбаев эркек болсо 10 чакты шайлоо участокторунун протоколдорун текшертип коруш керек. Андай кылууга ЭРКИ жетпейт.
Шайлоо бурмаланып балит отту!!! Бир эле мисал http://bulbul.kg/video:10978/ Бул нерсени да бул бетижоктор адатынча "фальшивка" дешээрине толук ишенем.

кимден: Бактылуу Кыргызстан каяктан: Ош Ноокат
31.10.2011 18:03
Мен бул кандидаттардын арасынан Суваналиевди да татыктуу талапкер деп эсептейм.

кимден: Urankai
31.10.2011 17:42
Шайлоо таза өтсө да, таза эмес өтсө да эми демди басыш керек. Бөөдө кайра эски кейпибизди кийип калбайлы, туугандар. Же сөзсүз Мадумаров же Ташиев жеңиш керек беле? Шайлоого катышпай калган адамдар "Биз катышпай калдык, шайлоону жокко чыгарыш керек, биздин укук тебеленди" дегени кандай?! Шайлоо жокко чыгарылса, шайлоого катышкан 3 миллиондон ашык жарандардын укуктары эмне болот?
Пикирге жооп

кимден: Сабыр каяктан: Бишкек
31.10.2011 23:22
Биринчиден шайлоого 3 миллион адам катышкан жок, аларпдын тебеленген укуктары тууралуу капа болбой эле кой, жогоруда айтылып жатпайбы шайлоочулардын 60 пайызы катышты деп. Экинчиден, чындап караганда, шайлоочулардын саны андан бир кыйла томон болду, просто, УК мучолору 'керектуу', 'талап кылынган' цифраны женичуу учун обеспечить этишти.

кимден: Орунбек
31.10.2011 17:24
еркан казыр деген сөз адабий кыргыз тилинде жок.Мындай сөздү казак туугандар колдонушат.Шайлоо таза болдубу болбодубу Атамбаев Президенттике өттү.Эми ийгиликтүү иштеп, ажыдаарга эле айланбаса болду.Эл үчүн иштесе, эл жашоосу оңолсо колдоп берет эл деген.Ийгилик каалап, ишеним арталы.Бирок азыркы полномочиясы менен эч нерсе кыла албайт.

кимден: Жаныш каяктан: Бишкек
31.10.2011 16:35
Ушул жерде жазып жаткандарды окуп алып, тан калып жатам. Себеби, Атамбаев отпойт эле деген создор коп экен. Мисалы мен баарына каршы добушту бердим. Бирок Атамбаевдин отушуно ишенем. Анткени менин копчулук тааныштарым, досторум, туугандарым, коллегаларым Атамбаев деп добуш беришти (себеби мен жолуккан адамдардын баарынан сурап жатам. Сурагандардын баары эле Атамбаевге добушубузду бердик деп жатышат). Ушундан улам Атамбаевдин отушу реалдуулукту корсотуп жатат. Менин субъективдуу оюм боюнча кандидаттардан президент болууга татыктуу эч кимдин жок эле. Бирок мен озундун элимдин тандоосуна моюн сунам, анткени копчулук элдин тандоосу менен эсептешем. Анан жазылып жаткан бир ууч адамдардын ую бут элдин оюн билдирбейт деп ишенем. Эми ар бирибиз кандидаттардын озубузго жакпаган тигил же бул жактарын ушул жерде жаза бербей озубуздун иштерибиз менен алек болсок жакшы болот эле. Кыргыз элме тынчтык жана жакшылыктарды каалайм.
Жалпы 9 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине