Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

ЕАЭБ ун өндүрүүчүлөрдү убайымга салууда


Ош базарындагы ун саткан жер
Ош базарындагы ун саткан жер

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу өлкөдөгү ун соодасындагы ишкерлерге терс таасирин тийгизери айтылууда.

Евразия экономикалык биримдигиндеги өлкөлөрдүн чек аралары толук кандуу ачылышы менен Кыргызстандын рыногун казак уну ээлеп аларын адистер айтышууда.

Мындай жагдайда дан азыктары менен соода кылган ата мекендик ишкерлер коңшулар менен атаандаша албайт. Анткени, казак унунун баасы арзан жана сапаты жогору.

Ошентип, Кыргызстанда ири ун өндүрүүчү ишканалардан тартып, буудай эккен дыйкандарга чейин башы катып турган кези. “Дан Юг” ун комбинатынын жетекчиси Султан Тойгонбаевдин пикиринде, бул маселе чечилбей кала берсе, жакынкы жылдары ун комбинаттары таптакыр ишин токтотууга аргасыз болот:

- Биз казак уну менен атаандаша албайбыз. Алардын сапаты жакшы, баасы төмөн. Эми чек аралар ачылса, эч тоскоолдуксуз эле кире баштайт. Менин пикиримде, Кыргызстандагы ун комбинаттары жаңы жылга жетпей жабылып калышы мүмкүн.

Жалпы ун соодасы тармагында өлкө боюнча 10 миңге жакын адам эмгектенет. Ун комбинаттары жабылса, алардын көбү жумушсуз калып, мал чарбасына даярдалган арзан жем дагы токтотулат дейт Тойгонбаев.

- Мисалы, менде эле 150дөй адам иштейт. Ун тармагында өлкө боюнча 10 миңдей адам эмгектенет. Биз ун гана эмес, малга жем дагы чыгарып беребиз. Ун комбинаттары жабылса, аны менен кошо мал чарбасы, дыйкандар кошо зыян тартат. Эч ким буудай айдабай калат.

Ишкерлердин айтымында, негизги көйгөй ишканалардын токтошу же жүздөгөн адамдардын жумушсуз калышында эмес. Азыр башкы маселе - азык - түлүк коопсуздугу. Ал эми буудай, ун азык-түлүк коопсуздугунун негизги өзөгүн түзөт. Кыргыз бийлиги өлкө Евразия экономикалык биримдигине толук кандуу киргенге чейин бул маселеде чечкиндүү кадамга барышы керек. Көйгөй чечилбесе, үч-төрт жыл ичинде жергиликтүү дыйкандар буудай өндүрүүнү кескин кыскартат. Себеби, алардын кетирген чыгымы акталбайт. Анткени жогоруда айтылгандай, коңшу өлкөдөн арзан буудайдын келиши эки эсе көбөйөт.

Ун комбинаттары жабылса, аны менен кошо мал чарбасы, дыйкандар кошо зыян тартат. Эч ким буудай айдабай калат.
Султан Тойгонбаев

Кыргызстан башка мамлекеттин көзүн карап калууга өтөт. Ал эми Казакстанда буудай аянттарынын көпчүлүгү кайрак жерлерде. Демек суу жетиштүү болуп, дан эгиндери мол болуп турганда Кыргызстанга арзан буудай келип турат. Ошол эле маалда кургакчылык каптаса, эгин тартыш болбойт дегенге эч ким кепилдик бербейт. Андай учурда коңшулар буудайга асмандаган бааны коюп же таптакыр бербей, карайлатышы мүмкүн.

Ишкерлер союзунун өкүлү Рустам Жунушев мындай стратегиялык жагдайга бийликтин салкын мамилесин түшүнбөй турат.

- Биз бийлик өкүлдөрүнө кайрылып эле келе жатабыз. Аларга мындай сунуш киргиздик. Импорттолуп келген буудай же унга кошумча нарк салыгын алып салышса деп жатабыз. Азырынча маселе чечиле элек. Бийлик бир нерсени түшүнүшү керек. Биздин айтып жатканыбыз азык-түлүк коопсуздугу. Ата мекендик буудай өндүрүүчүлөрдү колдоп, аларды кризистик абалдан сактап калышыбыз керек. Болбосо, айыл-чарба тармагындагы чоң секторду талкалап алабыз.

Ун өндүрүүчүлөр ассоциациясы, ишкерлер союзу, ун комбинаттары өкмөткө кайрылышкан. Алар кыргызстандык ишкерлер үчүн сырттан ташып келген буудай же унга кошумча нарк салыгын алып салышын суранууда. Бирок ал Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарына туура келеби же жокпу ошо жагы маселе.

Экономика министрлиги менен Айыл чарба министрлиги ун өндүрүүчүлөрүнүн сунушу менен парламент, өкмөткө бул боюнча мыйзам долбоорун даярдап жатат. Айыл чарба министрлигинин өкүлү Жумабек Асылбеков негизинен Кыргызстанда өндүрүлгөн буудайдын сапаты, Казакстандыкынан төмөн дейт. Ошон үчүн баары бир коңшу өлкөдөн кошумча буудай керектелет.

- Биздин ундун сапаты бир аз төмөн. Дайыма алардын буудайы менен аралаштырып жакшы ун чыгарып жүрөбүз. Эми биздин ишкерлер башкалар менен атаандаш болушу үчүн импорттолгон буудай же унга кошумча нарк салыгын алып салуу каралып жатат.

Илгери Кыргызстан өзүн өзү буудай менен камсыз кылчу. Бул жерде Айыл чарба министрлигинин иши чабал экени көрүнүп турат. Алар буудайды казактардан алабыз деп жатышса, биздин дыйкандар буудай экпей калган.
Жамин Акималиев

Бирок мындай жол менен абалдан чыга албайбыз деген адистер дагы бар. Алардын бири - Жамин Акималиев эгерде айыл чарба тармагындагы дан эгиндерин айдоо саясаты жолго салынса, Кыргызстан өзүн-өзү ун азыктары менен камсыз кыла алат деди:

- Биздин ундун сапаты начар деген болбогон кеп. Мага окшогон далай адистер Евразия экономикалык биримдиктеги ушул кемчиликти какшап эле жаттык. Эч ким укпай койгон. Эми минтип, кайсалап турушат. Илгери Кыргызстан өзүн өзү буудай менен камсыз кылчу. Бул жерде Айыл чарба министрлигинин иши чабал экени көрүнүп турат. Алар буудайды казактардан алабыз деп жатышса, биздин дыйкандар буудай экпей калган. Кыргызстан буудай өстүрүү жагынан коңшулардан кем калышпайт. Эгер туура саясат жүргүзүлгөн болсо.

Парламенттеги Агрардык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Эсенгул Исаков бул маселе боюнча өкмөткө тиешелүү тапшырма берилгенин билдирди. Эл өкүлү өкмөт ишти кечеңдетип жатканын сынга алды:

- Мен төрт жылдан бери айтып келе жатам. Өкмөткө бул боюнча тапшырма берилген. Иштеп атабыз эле дейт, бирок жыйынтыгын көрө элекпиз.

Кыргызстанда жалпы жонунан кыркка жакын ун азыктарын өндүрүүчү ишкана бар. Алардын көпчүлүгү Чүй облусунда жайгашкан. Расмий маалымат боюнча Кыргызстан 2014-жылы 319 миң тонна ун өндүргөн. Ал эми сырттан 400 миңге чукул буудай, 56 миң тонна ун ташылып келген.

Өлкөдө беш жыл ичинде буудай өстүрүү 1,5 эсеге азайган. Маселен, 2010-жылы өзүбүздүн буудайдан 478 миң тонна ун өндүрүлгөн болсо, ал эми 2014-жылы 319 миң тонна болгон.

Жыл башынан бери Кыргызстанга сырттан 451 миң доларга 1100 тонна буудай уну, 4 миллион 772 миң долларга 24 миң тонна буудай ташылып келди. Кыргызстан жылына 900 миң тоннанын тегерегинде ун керектейт. Бул сандын жарымынан көбүрөөк пайызын коңшулар толтурат. Учурда Кыргызстанда бир килограмм ундун баасы орто эсеп менен 25-30 сомдун тегерегинде. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусу менен ундун баасы түшөрү күтүлүүдө.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG