Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03

Украинадагы согушта мерт болгон 51,6 миң орусиялыктын тек-жайы такталды


Орусия Украинадагы согушта мерт болгон аскерлеринин санын, тек-жайын ачыкка чыгарбайт.
Орусия Украинадагы согушта мерт болгон аскерлеринин санын, тек-жайын ачыкка чыгарбайт.

Би-Би-Си менен "Медиазона" басылмасы Орусия Украинага кол салып, бастырып киргенден бери кеминде 51 679 орусиялык набыт болгонун чогуу аныктап чыкты.

Ага ылайык, набыт кеткендердин 6159у мобилизацияга тартылгандар, 10,5 миңден көбү абактан согушка жөнөтүлгөндөр.

Журналисттер согушта мерт болгондордун тек-жайын жергиликтүү бийликтердин айткандары, маркумдардын жакындары бөлүшкөн кабарлар, көрүстөндөр өңдүү ачык булактардан алынган маалыматтын негизинде тактап жатат. Алардын пикиринде, реалдуу сан кеминде эки эсеге көп.

Москва менен Киев уруштагы жоготууларын ачыкка чыгарышпайт. Ошондой эле согушкан тараптар адатта өз жоготууларын азайтып, душмандыкын көбөйтүп көрсөткөнгө аракет кылышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG