Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:05

ЕАЭБ эпкини: "Дордойдо" соода солгун


"Дордой" базары
"Дордой" базары

“Дордой” базарында соода жүгүртүү 80 пайызга азайды. Муну соода комплексинин кесиптик кошууну ​Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүү процессинин кечеңдеши менен байланыштырууда.

Бийликтер болсо биримдикке кирген өлкөлөр Кыргызстанды өзүнө кошуп алуу келишимин ратификациялагандан кийин гана бул көйгөй чечилерин билдирүүдө.

“Дордой” базарынын кесиптик кошуунунун төрайымы Дамира Дөөлөталиеванын айтымында, соодагерлер өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигине кирер алдындагы убадасына алданып калган. Азыр эми биримдикке толук мүчө болуу процесси кечеңдегени базарда соода кескин кыскарган:

- Темир Сариев экономика министри болгон кезде “азыркы биздин баа менен Кыргызстанга товарларды арзан, көп киргизип алгыла, анан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин ошол эле товарыңарды эки эсе кымбат сатасыңар” деп күнү-түнү айтып жатты. Соодагерлер кредит, пайызга акча алып, карызга толтура товарларды киргизип алышты да. Эми минтип ЕАЭБге кире албай, анын бирин да сата албай кыйналып атышат. “Дордой” базарында мына акыркы ай ичинде эле товар айлантуу 80% чейин азайып кетти.

Кыргыз-казак чек арасында ары-бери жүк өткөргөн аялдар
Кыргыз-казак чек арасында ары-бери жүк өткөргөн аялдар

​“Дордой” базарындагылар чет өлкөлүк унаалардан экологиялык төлөм алуу боюнча өкмөттүн соңку токтому да алардын кардарларын качырып жатканын айтышууда:

- ЕАЭБге кире албай турганыбыз аз келгенип, эми экинчи көйгөй пайда болду. Өкмөттүн токтомуна ылайык, Кыргызстандын аймагына кирген чет өлкөлүк номурдагы машиналардын ээлери ар бир киргени үчүн экологиялык салык катары миң сомдон төлөйт. Ошол себептүү казактар, орустар бүт бизге кире албай атышат. Күнүнө биздин өлкөгө үч жолу кирсе үч миң сом, төрт жолу кирсе төрт миң сом төлөйт экен. Ушуга кыйналып кеткен казактар эми “жөн эле салык төлөгөндөн көрө Алматыдагы эле базарга барганыбыз оң” деп “Дордойго” келбей жатышат. Аларга эми бизге кирүү эч кандай пайда алып келбейт. Чын да бул салыкты кайдан ойлоп таап, не киргизишти эч түшүнбөйм,- деди “Дордой” базарынын кесиптик кошуунунун төрайымы Дамира Дөөлөталиева.

Евразия экономикалык биримдигине даярдык катары товарларын эки-үч эсе көп топтоп алышкан соодагерлердин айрымдары банкротко учурай баштаганы айтылууда. Анткени алар алып келген кийим-кечек, буюмдардын сезону өтүп кетүүдө. “Дордойдогу” сатуучулардын бири Нуркамил Тейитбаев мындай деди:

- ЕАЭБге 9-10-майда киребиз деп, баарыбыз эле ишенип турганбыз да. Бийлик өзү деле айтып атпадыбы, ушул күндөрү киребиз деп. Анан сатуучулар арзаныраак алып кирип алсак, эртең киргенде кымбат сатабыз деп, алып келген товарлары бүт күйүп кетип жатат. Алган киши жок. 1000 сомго алган товарды, баягы калдыктарды алган фирмага 100 сомго сатып атабыз. Үйүн сатып, машинесин сатып товар алып келгендер бүт алаканын жайып эле отуруп калышты.

Буга чейин орусиялык, казакстандык жана жергиликтүү 1,5 миллиондой керектөөчү “Дордой” базарынан соода кылчу. Бул жерде жалпысынан 60 миңден ашык киши жанын бакчу. Бирок эми чек ара жакын арада ачылбаса, жүздөгөн адамдар жумушунан айрылчудай абал түзүлүп отурат:

- Азыркы абалды таптакыр түшүнүп болбойт. Мурда күнүнө 50-60, 100дөй киши келсе, азыр күнүнө мага маселен эки-үч эле киши кирип атат. Бир ай мурда алган товарымды сата албай отурам. Дүң саткандар бириндетип сата албай калдык. Эгер бул ЕАЭБге кирүү дагы созулуп кетсе, кандай болот билбейм. Бул жерде иштегендин баары жумушу жок калып ит болобузбу деп корком,- дейт соодагерлердин бири Урумкан Байсалова.

"Дордой" базары
"Дордой" базары

Бирок бийликтер Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр Кыргызстанды биримдикке кабыл алуу келишимин ратификациялагандан кийин гана көйгөйгө чекит коюларын айтууда. Экономика министрлигинин ички соода сектору боюнча бөлүм башчысы Жылдызбек Жумаков буларга токтолду:

- ЕАЭБге кирүү боюнча келишим али күчүнө кире элек. Биз кабыл алган менен тиги биримдикке мүчө өлкөлөр азыр ратификациялабай жатат. Алар дагы бир-эки айда, болбосо күзгө барып бүтөт. Алар кабыл алгандан кийин гана биздин товарлар экспортко эркинирээк кете баштайт. “Дордой” базарынабы, же башка базардынбы иши ошондо жүрүшөт. Ага чейин эми биз Казакстанга “чек араны ачып кой” деп айта албайт экенбиз да.

Кыргызстан, Орусия, Беларус, Казакстан жана Армениянын президенттери Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине биротоло кирүүсүнүн шарттарын караган документтерге 8-майда кол коюшкан. 20-майда Жогорку Кеңеш ал келишимдерди ратификацияласа, андан бир күндөн кийин президент Алмазбек Атамбаев ал келишимдерди бекиткен. Эми Орусия, Казакстан, Беларус жана Армения парламенттери ал келишимдерди ратификациялап, андан кийинки жол-жоболор аткарылган соң Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин толук кандуу мүчөсү болуп калат.

Бирок Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болуп, чек аралар ачылса эле “Дордой” базарында соода жакшырып кетерине ишенбей турушат. Ошол эле убакта дагы бир ири соода жайы “Кара-Суу” базарынын тагдыры да бүдөмүк бойдон калууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG