Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:33

Сырттан апкелинүүчү ундун кошумча нарк салыгын көбөйтүү боюнча өкмөттүк комиссия түзүлөт


Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын кабарлоосу боюнча бул ата мекендик ун өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоо максатында болмокчу. Анткени өткөн жумада вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов менен болгон жолугушууда тегирменчи ишкерлер коңшулаш Казакстандан ундун көп өлчөмдө апкелиниши - жергиликтүү ун өндүрүүчүлөрдүн ишине жолтоо болуп жатат, деп даттанышкан. Буга байланыштуу атайын өкмөттүк деңгээлде комиссия түзүлүп, сырттан алып келинүүчү ундун кошумча нарк салыгын 20 же 30 пайызга көбөйтүү маселесин карамакчы. Ушул тапта чет жактан апкелинүүчү унга 10% кошумча нарк салыгы төлөнөт. Ал эми ата мекендик ун өндүрүүчүлөр 12% төлөшөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG