Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:20

Иран: ядролук келишим жана анын пайдасы


Келишим түзүлгөндөн кийин Тегерандын жашоочулары майрамдашууда. 14-июль, 2015-жыл
Келишим түзүлгөндөн кийин Тегерандын жашоочулары майрамдашууда. 14-июль, 2015-жыл

Ирандын ядролук программасы боюнча 12 жылдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүү келишим менен бүттү. Келишимге дүйнө өлкөлөрү кандай баа берүүдө? Анын Иранга пайдасы кандай?

Ирандын ядролук программасы боюнча 12 жылдан бери жүрүп жаткан сүйлөшүү келишим менен бүттү. 14-июлда Иран жана дүйнөнүн алты бакубат державасы (АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия) макулдашкан келишимге ылайык, Тегеран ядролук программасын кескин кыскартат, ушуну менен бул өлкөгө каршы эл аралык санкциялар токтотулат.

Ядролук келишимдин түзүлүшүн Венадагы марафондук сүйлөшүүгө катышкан өлкөлөр чоң ийгилик ирети сыпатташууда. АКШ президенти Барак Обама узак мөөнөттүк келишим Ирандын ядролук куралдуу болушуна жол бербейт деди:

- Иранда урандын 10 ядролук курал жасаганга жетчү кору бар. Азыркы келишим боюнча ал кор жалгыз куралга керек өлчөмгө азайтылат. Уран коруна 15 жылдык чектөө киргизилет.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер келишим Жакынкы Чыгыш жана Иранга босоголош өлкөлөрдүн коопсуздугун жакшыртат деп ишенет:

Франк-Вальтер Штайнмайер
Франк-Вальтер Штайнмайер

- Бул тарыхый күн, анткени 12 жылдык сүйлөшүү келишим менен аяктады. Бул жооптуу жана жакшы келишим Жакынкы Чыгыш менен Ирандын коңшуларынын коопсуздугун жакшыртат деп айта алам.

Штайнмайер эртеңден тартып эле Жакынкы Чыгышта баары өзгөрбөсүн, жагдай Ирандын келишимди аткаруусуна багыңкы болоруна да көңүл бурду.

Ядролук келишим, Британиянын тышкы иштер министри Филип Хэммонддун айтымында, британ компанияларынын Иран менен кызматташуусуна дарбазаны кенен ачат:

- Ирандын ядролук куралынын коркунучун жок кылуу Иран менен кызматташуу жөндөмүбүздү өзгөртчү оюн. Санкцияны алып салуу менен ишкерлерибиз Иранга инвестиция сала алат, компанияларыбыз Иран менен соода кыла баштайт, ирандыктар дүйнөнү кыдырып, башкалар катташа баштайт дегенди билдирет. Мунун баары маанилүү өзгөрүүлөр.

Франция президенти Франсуа Олланд болсо Иран Сириядагы согушту токтотконго көмөктөшүп, президент Башар Асадды колдогонун токтотуусу керек экенине ишара кылды:

- Эми санкциялар алып салынса, Ирандын финансылык мүмкүнчүлүгү кеңейет. Иран эмне кылганын өтө кылдат байкап турушубуз абзел. Иран мен түз айтсам, Сириядагы жаңжалды токтотконго даяр болушу керек.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Венада макулдашылган келишим Жакынкы Чыгышты ядролук жана башка массалык кыргын салчу куралдардан эркин аймакка айлантууга ыңгайлатат деген илгери үмүттө:

Сергей Лавров
Сергей Лавров

- Кабыл алынган чечим, ядролук куралдарды жайылтпоо режимин сактоодо маанилүү роль ойнору калетсиз. Экинчиден, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Перс булуңундагы жалпы кырдаалдын оңолушуна оң таасир этет. Үчүнчүдөн, бул келишимдин аткарылышы региондогу башка проблемаларга киришүүгө, өзгөчө, Жакынкы Чыгышты массалык кыргын салчу куралдардан эркин зонага айлантуу боюнча конференцияны өткөрүүгө байланыштуу иштерди бүткөрүүгө өбөлгө түзөрүнөн күмөн санабайм.

Кытайдын Тышкы иштер министри Ван И өткөн түнкү сүйлөшүүдөгү негизги оюнчулар: АКШ жана Иран акыркы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарышпаганын баса белгиледи.

Буга чейинкидей эле Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаняху келишим Ирандын финансылык абалын жакшыртып, Жакынкы Чыгыштагы террорчу топторду колдоосуна мүмкүнчүлүгүн кеңейтет деп санайт. Ушундан келип “Бул тарыхый масштабдагы жаман жаңылыштык”, - деди ал.

12 жылдык татаал сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жетишилген келишимдин Иран үчүн пайдасы чоң. Өлкөнүн мунай министри Бижан Намдар Занганенин айтымында, эл аралык санкциялар токтотулгандан кийинки жарым жыл арасында Тегеран күнүмдүк кара май экспорттоону 500 000 баррелге көбөйтө алат. Андан аркы жарым жылда мунай экспорту дагы ошол көлөмгө көбөйөт. Азыр Иран күнүнө 2,8 млн. баррель кара май өндүрөт.

Тегерандагы атомдук реактор. 2009-жыл
Тегерандагы атомдук реактор. 2009-жыл

Америка банкынын маалыматы боюнча, Иранда ушу тапта 30 млн. баррель мунай кору бар болгондуктан, кара майды тышкы базарга ыкчам жөнөтө алат.

Bloomberg Business басылмасынын жазышынча, 2012-жылкы санкциялардан улам Иран күнүнө тыш өлкөлөргө 1 млн. баррель мунай сата албай калган. Жыл башында АКШнын финансы министри Жэкоб Льюнун айтканына караганда, 2012-жылдан бери санкциялардан улам Ирандын ички дүң жыйымынын көлөмү 15-20% азайган. Тегеран мунайдан түшчү 160 млрд. доллар кирешеден кол жууган жана тыш өлкөлөрдүн банктарында эсеби жабылган 100 млрд. долларын пайдалана албай калган. Бул экономикага тескери таасир эткен. Инвестиция кыскарып, 2013-жылы инфляция 35% серпип барган. Ошол жылы ноябрда Ирандын ядролук программасы боюнча түзүлгөн өтмө келишимдин натыйжасында, былтыр инфляция 15% түздү. Өлкө жумушсуздуктан да жабыр тартууда. Ирандын Статистика борборунун маалыматына караганда, 2013-жылы жумушсуздук 10,3% түздү. Расмий эмес маалыматтарда эмгекке жарамдуу калктын ар бир бешинчиси иш таппай жүргөнү айтылат. Анын айынан, Дүйнөлүк банктын эсебинде, жылына Иранды жогорку билимдүү 150 миңдей жаран таштап кетүүдө. Иранга каршы санкциялар алынса жана өлкөнүн сырт өлкөлөрдө убактынча камакка алынган акчалары бошотулса, экономиканы өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын ачууга жана элдин турмуш абалын жакшыртууга чоң огожо болот.

XS
SM
MD
LG