Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:17

Кыргызстандын музейлеринде "Музейдеги түн" иш-чарасы өтөт


Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" музейи.
Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" музейи.

Эл аралык музейлер күнүнө карата 18-майда өлкөдө "Музейдеги түн" аттуу иш-чара өтөт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Бул күнү Улуттук тарых музейинде кыргыздын улуттук кийимдеринин этно-модасынын, “Өңүр” улуттук кийимдер коллекциясынын көргөзмөсү, экспозициялык залдарда көрүүчүлөргө тарыхый каармандардын образдары көрсөтүлүп, "космос дүйнөсүнүн" авиациялык моделдери, робототехника, улуттук оюндар, искусствонун ар кандай түрлөрү боюнча мастер-класстар өтөт.

Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги кино, сүрөт, музыка жаатында белгилүү искусство таануучулардын лекциялары өтүлөт. Сүрөт тартуу, айкел чегүү, сайма саюу, шырдак шыруу, кагаз гүлдөрдү жасоо, карапа искусствосу боюнча мастер-класстар болот.

Ушундай эле иш-чара Ош облусунда жайгашкан Тургунбай Садыков атындагы көркөм сүрөт музейинде, Ысык-Көл облусундагы Курманжан Датка атындагы Көчмөн цивилизация борборунда, Нарын облусундагы Какен Мамбеталиев атындагы тарыхый-этнографиялык музейинде дагы уюштурулат.

Маданият министрлигинин буйругуна ылайык, “Музейдеги түн” иш-чарасынын алкагында музейлерге кирүү акысыз.

"Музейдеги түн" акциясы он жылдан бери уюштурулуп келет. Иш-чара кечки саат беште башталып, кечки саат 10го чейин уланат. Каалоочулар бул мезгилде музейлерди кыдырып, көрө алат. Акция маданий иш-чаралар менен коштолот. Бул акция дүйнөнүн 40 өлкөсүндө өтөт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG