Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:31

Ирак өкмөтү согушкерлерди багынууга чакырды


Ирак -- Фаллужа шаарындагы согушкерлер. 5-январь, 2014.
Ирак -- Фаллужа шаарындагы согушкерлер. 5-январь, 2014.

Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики Анбар провинциясындагы согушкерлерди багынып берүүгө кайрадан чакырды.

Маалыматтарга караганда, алдыдагы ыктымал уруштан кооптонуп бул провинциянын Фаллужа шаарынан эле миңдеген үй-бүлө качып чыккан.

Ирак өкмөт башчысы шаршембидеги телекайрылуусунда өкмөт менен каршылашуудан өз эрки менен баш тарткандарга кечирим берилерин ишара кылды. Ал-Малики ошондой эле Анбар провинциясындагы суннит уруулары эгер согушкерлерди өз алдынча сүрүп чыгарышса, күч колдонулбайт деген мурдагы убадасын да кайталады.

- Мен Фаллужанын калкын, уруу башчыларын биригип туруп, бул адамдарды сүрүп чыгарууга чакырам. Анткени Фаллужа мурда да күрөштөрдүн очогуна айланып, талкаланган. Биз шаар дагы запкы тартуусун биз каалабайбыз. Эгер уруулар “ал-Каида” менен күрөшүп, аларды кууп чыгууга даяр болсо, биз күч колдонбойбуз.

Ирак премьеринин бул сөздөрү армия танктары менен артиллериясы Фаллужа шаарынын айланасына топтолуп, көбүнесе сунниттер жашаган шаардын бир бөлүгүн өткөн аптада ээлеп алган согушкерлерге чабуул жасоону күтүп жаткан учурда айтылды.

“Азаттык” радиосунун Ирак кызматынын кабарларына караганда, Анбар провинциясынын борбору, согушкерлер бир бөлүгүн ээлеп алган Рамади шаарында шаршембиде мектептер, ишканалар ачылган.

Фаллужа шаарында да жашоо кайра нугуна кайтып, көчөгө жол полициясы чыкканы байкалды. Бирок кырдаал чыңалган бойдон калууда. Шаарда беткап кийген куралчан адамдар жүрсө, шаар сыртында аскер күчтөрү турат.
Декабрдын соңунан берки уруштардан Анбар провинциясында канча адам өлгөнү, канчасы жаракат алганы белгисиз. Маалыматтарда ондогон кишинин өмүрү кыйылганы айтылып жатат.

Ирактагы Кызыл Жарым ай уюму кечээ билдиргендей, алдыдагы ыктымал уруштардан кооптонуп соңку күндөрү Фаллужаны 13 миңдей үй-бүлө таштап кеткен. Шаар тургундарынын бири күйүүчү май, отун жетишпей жатканын айтат:

- Фаллужада газ жок, мамлекеттик мекемелер иштебеди. Бензин жок. Калк мына ушундай абалда күн көрүүдө.

Ирак премьери өз сөзүндө эл аралык коомчулукка анын өкмөтүнө “ал-Каидага” каршы күрөштө колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык да билдирди. Апта башында АКШ Ирактын күчтөрүнө жардамдашуу үчүн курал-жарак, анын ичинде ракета, учкучсуз башкаруудагы учактарды берүүнү тездетүүнү убада кылган. Бирок Вашингтон аскерлерин кайра жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн такыр эле жокко чыгарды.

Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни:

- Биз бул жерден Вашингтондон да, Багдаддагы элчилигибизден да Ирактын эң жогорку саясий лидерлери менен тыгыз байланыштабыз. Жалпы душманга каршы кантип биргелешип күрөшүп, Анбар провинциясындагы коркунучтарды жеңүү үчүн кантип биргелешип аракеттенээрибизди талкуулоодобуз.

Талдоочулардын көз карашында, Ирактын шииттер башкарган өкмөтүнүн Анбардагы аскерий операциясы бийлик менен суннит азчылыгынын мамилесинде ансыз деле чыңалган абалды курчутуп жибериши мүмкүн.

Ирактык шиитер менен сунниттер ортосундагы ажырым 2003-жылы Саддам Хусейн бийликтен кулагандан кийин күчөгөн. Саддамдын учурунда бийликте үстөмдүк кылып келген сунниттер азыркы өкмөттү аларды кысмактап жатканы үчүн айыптап келишет.

Согушкерлер Ирактын Сирия, Иордания, Сауд Арабия менен чектешкен провинциясындагы шаарлардын бир бөлүгүн АКШ күчтөрү 2004-жылы бул аймакты өкмөттүн көзөмөлүнө кайтаргандан бери алгачкы ирет ээлеп отурат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG