Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:46

АКШ-Кытай: оболу жалпы кызыкчылыктар


АКШ-Кытай стратегиялык сүйлөшүүсү. Бээжин, 3-май, 2012-жыл
АКШ-Кытай стратегиялык сүйлөшүүсү. Бээжин, 3-май, 2012-жыл

АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кытайды адам укуктарын сыйлоого чакырды. Ал эми АКШнын колдоосуна ишенген укук коргоочу Гуаңчең өкүнүч билдирүүдө.

Хиллари Клинтон Кытайдагы адам укуктарынын маселесин эки өлкөнүн Бээжиндеги жыл сайын өтүүчү кытай-америка сүйлөшүүсүнүн башталышында козгоду:

-Диалогдун бир бөлүгү катары Кошмо Штаттары адам укуктарынын жана фундаменталдык укуктардын маанисин баса белгилейт. Өз жарандарынын намыстуу, укуктук өлкөдө жашоого умтулуусуна бардык өкмөттөр жооп бериши керек. Бир да өлкө бул укуктарды тепсендиде калтыра албайт. Президент Обама ушул жумада айткандай, Кытай бардык жарандарынын укуктарын коргоого алса, өлкөнүн күч-кубаты жана экономикасы дагы бекемделип, орток мамиле да оңолоору шексиз.

Клинтон АКШнын Бээжиндеги элчилигине келип, баш калканч тапкан көзү азиз укук коргоочу Чен Гуаңчеңди эскерген жок. Гуаңчең өз өмүрүнөн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугунан коркуп, Кошмо Штаттарына алып кетүүнү сураган, бирок кийин «ал Кытайда калсын» деген макулдашуу жетишилди. Укук коргоочу болсо мындай чечимге өкүнүчүн билдирүүдө.

Клинтон ошондой эле Кытай Түндүк Корея менен Ирандын ядролук иш-аракеттерин тизгиндеп, Сирия өкмөтүн кан төгүүнү токтотууга көндүрө алат деген үмүтүн кошумчалады.

Сүйлөшүүнүн башындагы сөзүндө Кытайдын мамлекет жетекчиси Ху Цзинтао АКШ менен Кытай талаштуу маселелер боюнча дагы өз ара сыйлашууну улантуусу керектигин белгиледи:

- Эки тарап тең бири бирин сыйлаганды, орток пикирге келип, жалпы кызыкчылыктарды көбөйтүп, айырмачылыктарга тийиштүү мамиле жасап, бири бирибиздин ой-пикирлерибизди сыйлап, өз ара түшүнүүчүлүктү бекемдөө менен талаштарды диалог жана сүйлөшүү аркылуу чечип, алардын Кытай-АКШ мамилесинин жалпы абалына кесепет тийгизишине жол бербесек деген тилек.

Көзү азиз укук коргоочу Чен Гуаңчең АКШ элчиси Гэри Лок менен Бээжинде. 2-май, 2012-жыл
Көзү азиз укук коргоочу Чен Гуаңчең АКШ элчиси Гэри Лок менен Бээжинде. 2-май, 2012-жыл
Анын аралыгында АКШнын Кытайдагы элчиси өз өлкөсүнүн укук коргоочу Ченге карата саясатын актап чыкты. «Ченге эч ким АКШнын элчилигинен кет деп айткан эмес, ал өзү аялы менен сүйлөшкөндөн кийин кетип калды» деди элчи Гэри Лок. Кабарчылар менен жолугушканда ал элчилик Чендин бардык каалоолорун аткарууга ниеттенип турганын ырастады.

Америкалык тараптын айтымында, келишим боюнча Чен үй-бүлөсү менен коопсуз аймакка көчүрүлүп, окуусун уланта ала турган болду. Бирок Бээжин АКШны Кытайдын ички иштерине кийлигишет деп күнөөлөп, америкалык дипломаттардын жүрүм-туруму үчүн кечирим суроону талап кылууда.

Ал эми СNN сыналгысы Чендин «Кошмо Штаттарынан мындайды күткөн эмесмин» деп айтканын кабарлады. Чен Кытайда төрөткө жарамдуу аялдарды күч менен стерилизациялоо өнөктүгүнүн бетин ачкандыгы менен бийликтердин каарына калган эле.

XS
SM
MD
LG