Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

"Каримовдун ишенген адамы калбады"


Ислам Каримов, 17-октябрь, 2013-жыл
Ислам Каримов, 17-октябрь, 2013-жыл

23-июнда өзбек президенти Ислам Каримовдун бийлигине туура 25 жыл толду. Анын тегерегиндеги азыркы кырдаал, жээн небересинин ымандай сырын төккөн интервьюсу тууралуу Лондондо жашаган өзбекстандык саясат таануучу Алишер Илхомов менен маектештик.

"Азаттык": Өзбек президенти Ислам Каримовдун жээн небереси орусиялык телеканалга интервью берип, ичиндеги сырын төктү. Бул айла жоктон жасалган акыркы кадам болдубу?

Алишер Илхомов: Мындай кадамга кадимки турмуштук жагдай себеп болду деп ойлойм. Гүлнара Каримова азыр Өзбекстандан чыга албайт, үй камагында отурат деп жатышат. Интернетке да чыга албайт, компьютер, телефондорун алып коюшкан. Баласы Ислам апасынын акыбалына тынчсызданып, айласы кеткенде таятасына, өзбек президенти Ислам Каримовго кысым көргөзүүгө аракет кылды. Маек учурунда кенже Ислам Каримов кырдаал өзгөрбөсө, чет өлкөдөн саясий башпаанек сураганга мажбур болоорун кыйытты. Андай болсо, Өзбекстандын президенти үчүн аябай уят иш болот. Президенттин небереси саясий башпаанек сурады деген чоң эле жаңжал да. Гүлнара Каримованын уулу апам дарыланышы керек, ууландырылгандан кийин ден соолугу начар, өлкөдөн чыгаргыла деген өтүнүч ишара жасады. Мен ушундай деп түшүндүм.

"Азаттык": Өзбекстандын президенти мүнөзү катаал, айтканынан кайтпаган адам катары сүрөттөлөт. Ушундай саясатчы азыр үй - бүлөсүндөгү жаңжал, эже-сиңди, эне-кыз ортосундагы уруш-талаштын ортосунда калып олтурат. Кайсыл жерден ката кетирди?

Алишер Илхомов: Менимче, президент Каримов улуу кызын болочок мураскору катары таптап, ага саясий жана финансылык капитал топтоо жагынан көп эркиндик берди. Келечекте ушул кызым үй-бүлөлүк коопсуздук, кол тийбестиктин кепили болуп берет деп ойлоду. Гүлнара Каримова атасынын колдоосуна шерденип, байлык топтоп, кайрымдуулук ишмердигин жайылтып, маданий, интеллектуалдык катмарды өзүнө тартып, Батыштын баалуулуктарын карманган прогрессивдүү адам катары имиджин күчтөндүрүп жаткан. Бирок эки чоң ката кетирип, чектен ашып кетип, атасынын ишеничинен таптакыр чыгып калды. Биринчиден, жеңил ойлуу, коомдук эрежелерге сыйбаган ээн-эркин жүрүш-турушу олуттуу саясатчы болуу кыялынан алыстатты. Экинчи жана андан да маанилүү катасы – Гүлнара Каримованын финансылык иштери Европада тергөөгө алынып, анын ысымы кооптуу кылмыш иштерге аралашып калды. Мындай жагдай Гүлнаранын гана эмес, бүткүл Каримовдордун үй-бүлөсүнүн топтогон капиталына коркунуч жаратты, анткени үй бүлөдө иликтей келсе финансылык байланыштар чубап чыга берет да. Кылмыштуу, коррупциялык бизнес жалгыз Гүлнаранын колунан келмек эмес, ага эң жогору жактан колдоо, калканч болгон үчүн ошондой иштер жасалды да. Ушул эки фактордон улам Өзбекстандын президенти улуу кызын саясий саябанга таптамак тургай, азыр көргүсү келбей кыжыры кайнап турган кез.

"Азаттык": Ислам Каримов Өзбекстандын биринчи жетекчиси болгонуна туура 25 жыл толду. Сиздин оюңузча, азыр ал кандай абалда? Кээ бирлер бийлигин өткөрүп берүү ниетин көргөзө баштады деп да жазып атышат...

Алишер Илхомов: Бирөөнө бийлигин өткөрүп берүүгө камданууда деген сөздөр негизсиз, жөн гана элди алаксытыш үчүн айтылган нерсе. Конституцияны өзгөртүү сунушу жасалып, Каримовдун бийлигин узартуу аракети башталды. Өзбек президентинин айланасында ал толугу менен ишене турган адам жок азыр. Каримовдун мүнөзү ошондой, ал негизи элдин баарынан шектенип, сестенип жашаган адам. Көзүнчө канчалык мактап, жагалданышкан сайын ал аябай сактанып турат. Ошондуктан менимче, ал ден соолугу жол бергенге чейин, акыр-аягына чейин бийликте отура берет, башкаларга бербейт. Түркмөнстандын президенти Бердымухамедовду көп мисалга келтирет экен, кечээ эле маркум Түркмөнбашыга кошомат кылып жүрдү эле, өзү бийликке келгенде аны кандай кылып атат деп.

"Азаттык": Өзбекстан коомчулугу президенттин үй-бүлөлүк жаңжалдарына кандай көз карашта? Каримовго боору ооруп, жаны кейип атабы, же сооп болот деп табасы кангандар көппү? Коомдо кыжырдануу күчтүүбү?

Алишер Илхомов: Эл адаттагыдай эле унчукпай көз салып турат. Албетте, үй-бүлөдөгү жаңжалдар президент Каримовдун кадырын көтөргөн жок. Андан башка да саясий-экономикалык көйгөйлөр кошулуп, азыр коомдогу нааразылык көп катмарлуу болуп топтолуп калган десек туура болор. Эл азыркы саясий режим чирип бүткөнүн, кызы-небереси аралашкан жаңжалдар ошол чириген бийлик тараптан чыккан сасык түтүн экенин түшүнүп турат. 25 жыл бийликтен кетпей отурган мамлекет башчылардын жолу акыр аягы жакшылык менен бүткөн жок, алар моралдык, саясий жактан жыдып, ирип-чиригенче отура берсе кайдан жакшылык болмок эле?

"Азаттык": Ушундай чарчап-чаалыккан, үй-бүлөлүк жаңжалдардан улам кабагы бүркөө президент Ислам Каримовдун азыркы маанайы Кыргызстан өңдүү коңшулары менен мамилесине да таасир этип аткан жокпу? Түштүккө газды жаап салышты, уксаңыз керек...

Алишер Илхомов: Эми баарынан шектенген, эч кимге ишенбеген мүнөзү өлкөнүн тышкы саясатына, коңшулар менен мамилелерине таасир этпей койбойт. Кыргызстандын артында Орусиянын кызыкчылыгы турат, коңшулар аркылуу Москва империялык дымагын ишке ашырууда деп шектенбей койбойт. Мурдагы СССРдин коркунучу бар деп ишенет. Коңшулар тууралуу сүйлөгөндө акылдуусунуп, аларды туура эмес кылып атышат деп сындаганды адат кылып алган. Негизи эле бийликте турганына 25 жыл болгон Ислам Каримов тегерегиндеги адамдарга да ишенбеген түнт, ачуулуу адамга айланды.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG