Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:32

Каримов өзбек мигранттардан уялат


Ислам Каримов эмне үчүн өзүнүн жарандары Орусияга иш издеп кетип жатканын такыр түшүнбөй турганын алгачкы жолу катуу сын менен билдирди.
Ислам Каримов эмне үчүн өзүнүн жарандары Орусияга иш издеп кетип жатканын такыр түшүнбөй турганын алгачкы жолу катуу сын менен билдирди.

Өзбек президенти Ислам Каримовдун Орусияда иштеген өзбек мигранттарын “даңгесе” деп атаганы, "бизде азыр бир да тилемчи жок" дегени экономикасы мигранттардан түшкөн акчага көз каранды Өзбекстанда көпчүлүктүн оозун ачырып, шакабага айланды.

Ислам Каримов 20-июнда өлкөнүн Жиззах жана Сырдарыя региондоруна барды. Ал жакта жергиликтүү дыйкан-фермерлер жана чиновниктер менен жолугушууда ал өлкө экономикасынын негизги тирөөчү болгон мигранттарды “жалкоо, даңгеселер” деп атады.

"Азыр Өзбекстанда даңгеселер аябай эле аз. Мен “даңгесе” деп, Москвада көчө шыпырып жүргөндөрдү атайм. Адам ушунчалык жийиркенет. Өзбек улутундагы адам бир туурам нан үчүн ошол жакка барып, көчө шыпырышы керек имиш. Өзбекстандын өзүндө эч ким азыр ачкачылыктан өлүп жаткан жери жок, береке тапкыр!", - деди президент.

Каримовдун бул сөзү тартылган видео клипте аны курчап отурган жергиликтүү чиновниктер улам макул экенин ишарат кылгандай башын ийкегилеп, “туура-туура” деп отурушту.

Ислам Каримов: Москвада көчө шыпырган өзбек - даңгесе

Ислам Каримов: “Москвада көчө шыпырган өзбек - даңгесе"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:11 0:00

Мамлекет башчы муну менен эле токтоп калган жок. Ал өзү бир убактары Ташкенде иштеп жүргөндө жекшемби күндөрү атайын “Эски Жува” деген районго барып, тилемчилерге акча таркатып берип жүргөнүн эстеди. Бул оюн жыйынтыктап жатып, Каримов: "Азыр текшериш үчүн ошол районго барып көргүлөчү, издеп да тилемчи таба албайсың, - деди. - Кудайга шүгүрчүлүк кылыш керек. Айткылачы, мына силердин Жиззахта барбы тилемчилер? Жок. Ошого этибар бергиле, мен буга көңүл буруп жатам. Азыр көчөгө чыгып, колун суна тилемчилик кылыш адамдардын ар-намысына катуу тийет. Өзбек улуту башкалардан эмнеси менен айырмаланып турат? Ар-намысы менен! Өлүм менен барабар бул. Мен ошон үчүн Москвага барып алып, көчө шыпырып, баарыбызды шерменде кылып жаткандарды жалкоолор дейм".

Өзбекстанда президент тигил же бул регионго барарда жергиликтүү бийликтер үчүн көчөлөрдү тилемчилерден тазалоо, кудум эл ал жакта курсагы ток, жакшы жашап жаткандай көрсөтүүгө аракет - көнүмүш эле нерсе.

Каримовдун ушул эле сөздөрүнөн бир нече күндөн кийин, 25-июнда, “Азаттыктын” өзбек редакциясынын кабарчысы Ташкенде милиция кантип көчөдө тилемчилерди кууп жатканын сүрөткө тартып алган.

Ислам Каримовдун билдирүүсүнөн кийин “Фейсбук” жана “Твиттер” социалдык түйүндөрүндө отурган өзбекстандыктар көчөлөрдөгү тилемчилердин сүрөттөрүн интернетке жарыялай башташты.

(http://gdb.rferl.org/C5F0C1F8-8136-423E-95E8-018E65582710.png)
(http://gdb.rferl.org/9BBE8C47-9554-4FF9-A3E9-FD3A3187F021.png)
(http://gdb.rferl.org/9BBE8C47-9554-4FF9-A3E9-FD3A3187F021.png)

Бул эле эмес, өзбек президентинин мигранттар жөнүндөгү сөздөрү канчалаган тамаша-шакабалардын жаралышына да түрткү болду окшойт. Шакабачылардын бири: “Каримов туура айтат. Бизде бир да тилемчи жок. Анткени аларга Өзбекстанда эч ким пул бербегендиктен, баары Орусияга кетип калышкан”, - деп жазат.

"Даңгеселердин" Каримовго белеги

WhatsApp аркылуу "Азаттыктын" өзбек кызматына жолдонгон ушул видеодо президент Каримов айткан "даңгеселердин" бир тобу иштен кийин чыгармачылыкка да убакыт таап жатканы белгиленген.

"Даңгеселердин" Каримовго белеги
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:12 0:00

Президенттин мигранттар жөнүндө анчалык кескин сөзүнө карабай, азыр өлкөнүн Улуттук дүң өндүрүмүнүн 16.3% алар жиберген каражат түзөт. Бул – Орусиянын Борбордук банкы билдирген расмий көрсөткүч, дагы канчалаган мигранттар банк аркылуу эмес, накталай акчаны тааныш-билиштери аркылуу салып жатышканы белгисиз.

Азыр Орусияда эмгек мигранттарынын саны 12 млн.го чейин жетсе, алардын көпчүлүгүн Борбор Азиядан барып, мыйзамсыз иштеп жаткандар түзөт. Алар күнүмдүк жашоодо түрдүү кысмактоолорго, эксплуатацияга, полициянын кодулоолоруна жана улутчул жаштардын чабуулдарына кабылышат.

Жакырчылык кеңири жайылган Өзбекстанда жумушсуздуктун айынан эл Орусияга барып, иш издегенге мажбур. Ошондуктанбы, айтор, көпчүлүк өз президентинин кескин сынын начар кабыл алганы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG