Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:08

Каримовго Бажы биримдиги жакпай...


Өзбек президенти Ислам Каримов
Өзбек президенти Ислам Каримов

Каримов Бажы биримдигин сындады, Путин Нормандияда жалгыз калды, Кытайда ит союу фестивалына каршылар арбууда.

Өзбек президенти Ислам Каримов Орусия, Казакстан, Белорусиядан турган Бажы биримдиги ага мүчө өлкөлөрдүн эгемендигин жоготууга алып келет деп сындап чыкканын Euroasia.Net он-лайн басылмасы кабарлады. "Алар мүчө өлкөлөрдүн эгемендүүлүгүнө шек келтирбейбиз деп жатат. Бирок экономикалык көз карандысыздык болмоюнча саясий эркиндик кайдан болмок эле?" - деди Каримов Ташкентте өткөн эл аралык бизнес форумда.

Өзбек лидери Кремль баштаган уюмдар менен саясий бирикмелерге кошулбай, оолак туруп келет. Маселен 2012-жылы Ташкент Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан чыгып кеткен дейт Euroasia.Net басылмасы.

Салтанатта Путин жалгыз калды
6-июнь, 2014-жыл.
6-июнь, 2014-жыл.

Дүйнөдөгү ири басылмалар Нормандияда экинчи фронттун ачылгандыгынын 70 жылдык салтанатындагы дүйнөлүк лидерлердин жүрүм-турум, кебете-кешпирин чагылдырган сүрөттөр менен коштолгон аналитикалык макалаларды байма-бай жарыялады. Маселен Британиянын The Independent гезитинде англис ханышасы Елизавета Экинчини Барак Обама баштаган Батыш лидерлери чогулуп, тепкичтен түшкөнгө жардам берип жатканда оң жакта Путин жалгыз турган сүрөтүн «Путин Нормандиядагы салтанатта башкалардан бөлүнүп калды» деген аталышта чыгарып, ал интернет сайтта эң көп окулган аптанын макаласы болду.

Foreign Policy басылмасы да Путиндин Германия канцлери Ангела Меркел менен жолугушуусун чагылдырып, "бул эки тараптуу сүйлөшүүдө Меркел Путинди жактыра бербей мурчуюп отурду" деп жазды.

«Нормандия экинчи фронтунун ачылгандыгынын 70 жылдык салтанаты мурда күтүлгөндөй эле дүйнө лидерлери үчүн өтө ыңгайсыз көп абалды жаратты. Айрыкча Украинанын жаңы шайланган президенти Петро Порошенко менен Путиндин саламдашуусу өтө муздак болду. Бирок эки тараптык жолугушууда эки лидер Украинадагы кан төгүүлөрдү токтотуп, тынчтыкты орнотууда тилектештигин билдирди»,- деп жазат Foreign Policy.

Ит союу фестивалына каршылык

Кытайдын China Daily гезити жаныбарлардын укугун коргоо активисттери Гуанси автономиялуу облусунун Юлин шаарында жыл сайын 21-июнда өтүүчү ит союу фестивалына каршы чыгып жатканын жазды. Фестивалда жылына 10 миңден ашуун ит союлуп, ит этинен жасалган тамак-аш жармаңкеси өтүп, ага миңдеген киши барат. Кытайдын Чен Кун, Янг Ми сыяктуу поп-жылдыздары Sino Weibo аттуу социалдык тармак аркылуу ит сойгондорду сындаган пикир-блогдорду жазышууда.

Бээжиндеги үй жаныбарлардын ветеринарлар бирикмесинин башчысы Лю Лянг ит эти өлкөнүн тастыкталган тамак-аш тизмесине кирбегенин жана аны жегенде адамдын ден-соолугуна эч кандай кепилдик берилбестигин айтат. Союла турган ит-мышыкка 200-300 юандан атайын аныктама алынышы керек. Бирок жармаңкени уюштургандардын көбү айылдык болгондуктан, мындай тастыктоолорду албай эле иттерди соё берет.

Мындай каршылык бир нече жылдан бери эле уланып, атургай айрым активисттер Америка Кошмо Штаттарынын президентине муну токтотууну суранып кат жолдошкон. Бирок Юлин шаар башчылыгы иш-чараны токтоткон жок. Юлиндин 28 жаштагы тургуну Вей Женже: “Биз ит жеп аябай жырткыч болсок, чочко, уй, тоок этин жегендер жырткыч эмеспи? Алар деле жандыкты союп жатышпайбы. Салтыбызды токтото албайбыз”, - деди China Daily гезитине.

Гангам Стайлдын жашыруун баасы

Мына ушундай аталыштагы макала узаган аптада The Economist журналындагы эң көп окулган тизмекте орун алды. Түштүк Кореянын Пи Си Ай аттуу ырчысы ырдаган “Гангам Стайл” ыры YouTube сайтынан 2 миллиард жолу көрүлгөн.

4,12 мүнөттүк ырды 2 миллиард жолу көрүү 140 миллион саат жана 16 миң жылга тете. Бул мезгилде адам баласы Гизадагыдай 4 пирамида, Дубайдагы дүйнөнүн эң бийик имараты Бурж Халифадан алтыны салып, эки Уикипедия сайтын жазып чыкса болмок. Пи Си Айдын киши убакытын алган ырынын баасы өтө эле жогору, эмнеси болсо да адам баласын эс алдырган тарыхтагы эң көп угулган ыр болуп калды дейт The Economist.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG