Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

АКШ Борбор Азиядагы стратегиясын өзгөртүүдө


Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрүндөгү президенттердин картайганы да Ак үйгө стратегияны карап чыгууга түрткү болду дешет эксперттер.
Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрүндөгү президенттердин картайганы да Ак үйгө стратегияны карап чыгууга түрткү болду дешет эксперттер.

Президент Барак Обаманын кеңсеси Борбор Азия боюнча стратегиясын акыркы мезгилде саясый-экономикалык жагдай өзгөргөнгө байланыштуу кайра карап чыкты. Анын себеби эмнеде? Ага эмне түрткү болду?

Ак үй Борбор Азия стратегиясын карап чыкканы жөнүндө “Азаттык/Эркин Европа” радиосуна Мамлекеттик департаменттин өкүлү билдирди. Жаңы документ, Конгресстин өкүлүнүн сөзүнчө, жакынкы жумаларда жарыяланат окшойт. Америкалык талдоочулар мурдагы стратегияны карап чыгууга Украинадагы кризис, Ооганстандагы абал, Орусия экономикасынын алсыздануусу, ошондой эле Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрүндөгү президенттердин картайганы түрткү болду дешет.

Мамдепартаменттин өкүлү жаңы стратегиянын мазмуну жөнүндө эч кандай маалымат берген жок. Бирок ал АКШ мурдагыдай эле Борбор Азия өкмөттөрү менен чөлкөмдөгү коопсуздукту камсыздоо, эл аралык экономика менен интеграцияланууну бекемдөө, адам укугун урматтоо жана башкарууну демократиялуу кылуу, эки жактын тең кызыкчылыгына ылайыктуу маселелер боюнча иштешүүнү уланта берерин айтты.

АКШлык расмий адамдар жаңы стратегия Вашингтондун буга чейинки Борбор Азия саясатынан олуттуу айырмаланбайт жана анда каралган Жаңы Жибек Жолу демилгеси АКШ жана НАТО күчтөрү Ооганстандан чыгып кеткенден соң региондогу өз ара сооданы колдоого багытталган дешет.

Борборазиялык кээ бир серепчилердин оюнча, Вашингтон береги долбоорду Кытайдын Борбор Азия аркылуу өтчү өз Жибек жолун ыкчам куруп жатканына жооп кылып иштеп чыккан болушу мүмкүн.

АКШлык ырасмий адамдардын айтымында, Америка менен Кытайдын региондогу аракеттери бирин-бири жокко чыгарбайт, тескерисинче, толуктап турат экен.

Аталган долбоор Борбор Азия менен Ооганстанды болочокто дүйнөлүк соода жолунун чордонуна айлантууну көздөйт деп билдирген 18-мартта АКШ Мамкатчысынын Борбор жана Түштүк Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Ричард Хогланд. Ал Борбор Азия менен Орусиянын саясый-экономикалык, коопсуздук эле эмес, адамдары ортосундагы байланышы да бекем экенин Вашингтон танбасын, бирок АКШ өкмөтү эч бир өлкө башка мамлекеттин саясый- экономикалык багытын бир жактуу түрдө аныктоого акысы жок деп эсептээрин баса белгилеген. Орусия Украинада жасап жаткан иштер Борбор Азиянын кээ бир өлкөлөрүн тынчсыздантканын айткан Хогланд- Москваны окуяларды антиамерикалык жана антиевропалык таризде чагылдырган пропагандага Борбор Азияны каптатып жатат деп сындаган.

Береги стратегияга байланыштуу Кошмо Штаттардын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Жон Хербст НАТО аскерлеринин Ооганстандан чыгып кетүүсү Борбор Азияга жаңы түйшүк жаратат деген пикирин билдирди “Азаттык” радиосуна телефондон берген интервьюда:

- Борбор Азиядагы ислам экстремизминин келечеги деген эмне? НАТОнун Ооганстандын чыгып кетүүсү чөлкөмдүн коопсуздугуна коркунучтуубу? Албетте “Ооба” деп жооп берем. Пакистандан жана Ооганстандагы борборазиялык согушчандар Борбор Азияга келе баштаганына күбө болгону турабыз. Албетте бул Ашраф Ганинин өкмөтүнүн Ооганстанды туруктуу кылуу жөндөмүнө байланыштуу же талиптердин жеңгени, анан биз өлкөнүн мыйзамдуу шайланган бийлиги деп санаган бул өкмөткө ачыктан ачык коркунуч туудурат.

Жон Хербст былтыр августта президент Путин “Казактарда эч качан мамлекети болгон эмес” деп, 2008-жылы Украинага айткандай орой тилге салып, Орусия менен бирдиктүү мейкиндикте болгону казактар үчүн пайдалуу экенин каңгытканын эскерте кетти.

Казакстан Орусия башындагы Евразия экономикалык союзунун мүчөсү. Уюмга Кыргызстан май айында кошулганы турат.

Кээ бир эксперттер АКШнын Борбор Азия боюнча мурдагы стратегиясын таразалап көрүүгө Украина кризиси менен Ооганстандагы жагдайга катар Орусиянын экономикалык абалынын осолдошу жана Борбор Азиянын улгайган лидерлеринин мураскерлерди дайындоо боюнча “көмүскө” пландары түрткү берген дешет.

Ушундай пикирин АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин Орусия жана Борбор Азия бөлүмүнүн 2012-14-жылдардагы директору Пол Стронски да “Азаттык” радиосуна айтты:

- Буга чейинки саясат коопсуздук маселесине көңүл бурган. Борбор Азия кандай алып караганда да Ооганстанда болуп жаткан окуялардын призмасында каралчу. Эми биз Ооганстандан чыгып кетип жатканда, аны-маанилүүбү же маанисизби - караш керек болду деп ойлойм. Дале Ооганстанда чоң коопсуздук маселелери бар. Мен маңзаттары жана экстремизмдин мүмкүндүгү жөнүндө айтуудамын. Бирок менин оюмча, биз башка маселелерге, ошондой эле туруктуулукка тиешелүү, экономикалык жана саясый модернизациялоонун кээ бир проблемаларына көңүл бурушубуз шарт. Чөлкөмдө бир инсанга байланган саясатка негизделген жана бийлик институттарына негизделбеген өлкөлөр бар. Булар узак мезгилдик проблемаларды жаратат. Өзгөчө кээ бир лидерлер өтө карыганда.

АКШнын Ташкенттеги мурдагы элчиси Жон Хербст да улгайган лидерлер жетектеген Борбор Азия өлкөлөрүндөгү бийлик алмашуулар демократия үчүн чоң сыноо болот дейт.

- Авторитардык мамлекеттердеги бийлик алмашууга байланыштуу коркунучтарды Борбор Азия менен тааныш көпчүлүк америкалыктар тарабынан демократия жөнүндө биз сүйлөгөн саясат үчүн сыноо ирети каралат. Себеби, демократия акыр аягында мыйзамдуу бийлик алмашуу эмеспи.

29-мартта Өзбекстанда жана 26-апрелде Казакстанда президенттик шайлоо болот. Эки өлкөдө тең башкы талапкерлер чейрек кылымдан бери тактыда отурган 76 жаштагы Ислам Каримов жана 74 жаштагы Нурсултан Назарбаев.

XS
SM
MD
LG