Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Сузактагы кырсык: ооруканадагы он бала Бишкекке жеткирилди


Сузак: Ооруканадагы абалы оор балдар Бишкекке которулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:43 0:00

Сузак: Ооруканадагы абалы оор балдар Бишкекке которулат

Сузактагы "Манас айтуу" иш-чарасында унаа тебелеп кеткен балдардын арасынан баш сөөгү сынып, жарааты олуттуу экени айтылган тогуз жаштагы кызга Бишкекте операция жасалды.

Саламаттык сактоо министрлиги 4-майда билдиргендей, кыздын баш сөөгүн операция кылуу жараянына министр Алымкадыр Бейшеналиев жана башка дарыгерлер катышты. Расмий маалыматта бейтаптын абалы туруктуу экени айтылат.

Сузакта окуучуларды автоунаа коюп кеткен окуядан кийин ооруканага түшкөн 10 бала 3-майда атайын борт менен Бишкекке алып келинди.

Оор абалдагы балдар туугандарынын көзөмөлү астында Бишкектеги тез жардам кызматынын шаардык балдар клиникасында дарыланары кабарланды.

Жалпысынан 30дан ашык бала жабыр тартып, 12 бала ооруканага жаткырылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майда билдиришинче, балдардын бешөөнүн абалы оор. Бул күнү саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Сузакка барып, балдардан кабар алып, ата-энелер менен жолукту.

Каргашада жалпысынан 30 бала жабыркаган. Окуучулар Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасына, Сузакта жана Октябрь кыштагындагы бейтапканаларга жаткырылган.

Абалы оор беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон берилди. Жабыркаган дагы 30 балага 50 миң сомдон бөлүндү. Каражатты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 3-майда тапшырганын "Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдады.

Камчыбек Ташиев бейтаптардын ата-энелери менен жолугушканда абалы оор балдар Бишкекке учак менен жеткирилип, дарыланарын кошумчалаган.

Ал "Урааным Манас" чакырыгы менен өткөрүлүп жаткан иш-чаранын коопсуздук маселесине көңүл бурулбаганы бийликти таң калтырганын айтты:

"Мунун баарын иликтейбиз. Тиешелүү адамдар жообун алышат. Президент дагы тиешелүү адамдардын жоопкерчилиги тууралуу сунушту күтүп турат. Коопсуздук кызматынын, милициянын жана прокуратуранын өкүлдөрү бул маселени ийне-жибине чейин иликтеп чыгат", - деди Камчыбек Ташиев.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү да жабыркагандарга акчалай жардам берилерин маалымдады.

Сузакта окуучуларды автоунаа коюп кеткен окуядан кийин Билим берүү жана илим министрлиги өлкө аймагында "Манас айтуу" фестивалы токтотулганын билдирди.

Ооруканадагы балдардан кабар алганы барган Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева "Азаттыкка" комментарий берип, мындан ары коопсуздук маселеси камсыздалмайынча, окуучуларды чоң мааракелерге катыштырууга тыюу салынарын айтты.

Министрдин маалыматы боюнча, Сузак райондук Билим берүү бөлүмүнүн башчысы убактылуу иштен четтетилди. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө анын күнөөсү аныкталса, жоопко тартылат.

Кырсыктын чоо-жайын териштирүү үчүн комиссия түзүлдү. Расмий маалыматка ылайык, мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен ага министрликтердин, президенттик администрациянын өкүлдөрү кирди.

Кырсыкка себепкер болгон "Хундай-Портер" машинесинин айдоочусу кармалды.

Каргашалуу окуянын чоо-жайы

Каргаша 2-майда түшкү саат 13:30 чамасында Сузак районунун аймагындагы талаада "Манас" айтуу иш-чарасы учурунда болгон.

Күбөлөр "Азаттыкка" жиберген видеолордо "Портер" балдар желек көтөрүп, жоон тобу каз-катар отурган учурда ылдыйды көздөй жүрүп, бет алдындагы кишилерди коюп кеткенин көрүүгө болот. Андан кийин ал чет жакта тигилген боз үйдү тебелеп кеткен.

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, жаракат алган балдар 9-16 жаштагылар.


"Бул окуя министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө, тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылууну тапшырды", - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

"Саат 14:00дөн тарта бизге бейтаптар түшө баштады. Аларды "Тез жардам" менен алып келишти, жарандар тарабынан да жеткирилгендер болду", - деди Октябрь айылдык жалпы дарыгердик практика борборунун директору Өмүрбек Махмаджунус уулу.

"Портердин" айдоочусу кармалды

Сузак райондук милициясы кырсык Жерге-Тал айылынын Катмы жайлоосунда болгонун ырастады. Андан 30дан ашык бала жабыркаганы маалым болду.

Маалыматка караганда, текшерүү учурунда иш-чара президенттин жарлыгынын негизиндеги "Урааным Манас" деп аталган кароо-сынактын райондук туру экени белгилүү болгон. Ал жердеги иш чарага райондун аймагынан 3000дей окуучу катышып жаткандыгы такталган.

30дан ашык окуучунун 18и ооруканага жаткырылган, алардын арасынан төрт окуучу Жалал-Абад облустук ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүнө сынык жаракаттары менен түшүп, абалы оор деп эсептелүүдө. Ал эми калган 13 окуучу амбулатордук түрдө медициналык жардам алып чыгып кеткен. Азыркы учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгон атуулдар такталып суралып, тийиштүү тергөө ыкчам иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

“Хундай-Портер” Жерге-Тал айылынын Жунусов көчөсүнүн 1976-жылы туулган тургунуна таандык. Ал кароо-сынакка катышып жаткан балдарга балмуздак таркатуу үчүн барган. Машинени өчүрбөй токтотуп, түшүп кеткен мезгилде унаа кокусунан жылып кеткенин айтып берген.

"Айдоочу өз көрсөтмөсүндө окуя болгон учурда ал демөөрчүлүк кылып, жети куту балмуздак жүктөп чыккандыгын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан аны кайсыл жерге жеткирип берейин деп сураш үчүн автоунаасын токтотуп, түшүп телефондон чалып жаткан учурда, машинеси ылдыйга жүрүп кеткендигин байкабай калганын, артынан чуркап токтотууга жетишпей калгандыгын билдирген", - деп жазылган анда.

Милиция окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козголгонун кошумчалады. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, "Портердин" айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды.

Чүйдө жана Нарында сынак токтотулду

Каргашалуу окуядан кийин Чүй жана Нарын облустарында пландалган окуучулар арасындагы "Манас" айтуу боюнча сынак токтотулду. Бул тууралуу Кыргыз улуттук «Манас» театрынын директорунун орун басары Нурбек Талантбеков бейшембиде Фейсбук баракчасына жарыялаган видео кайрылуусунда айтты. Ал бул долбоордун уюштуруучусу катары кырсыкта жабыркаган балдарга жана алардын ата-энелерине өз колдоосун билдирди.

"Сузактагы окуяда өзүм билемдик менен балдардын коопсуздугун карабай, керектүү камсыздоону жүргүзбөгөн жетекчилер мыйзам алдында жооп берет", - деди Талантбеков.

"Биз мындан кийинки Нарын жана Чүй облустарында өтчү иш-чарабыздын баарын токтоттук", - деди долбоордун уюштуруучуларынын бири.

Маалыматка караганда 19-апрелде өлкөдөгү мектеп окуучулары арасында "Манас" айттуу боюнча сынак башталган. Баткенден башталган иш-чара Ош, Талас жана Ысык-Көл облустарында буга чейин жыйынтыкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG