Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

АКШ-Кытай кызматташып, Азия үчүн атаандашууда


Барак Обама менен Си Цзинпин АПЕКтин саммити учурундагы бейрасмий жолугушууда. Бээжин, 10-ноябрь, 2014-жыл.
Барак Обама менен Си Цзинпин АПЕКтин саммити учурундагы бейрасмий жолугушууда. Бээжин, 10-ноябрь, 2014-жыл.

Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун саммитинде Бээжиндин эркин соода зонасын түзүү идеясы колдоо тапканы айтылды. Кошмо Штаттар ошол эле учурда Тынч океан айланасындагы он эки өлкө менен Кытай катышпаган соода келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келет. Азиядагы таасир үчүн атаандашкан АКШ менен Кытай Барак Обаманын Бээжиндеги сапары учурунда эки өлкөнүн жарандарынын алака-катышын жана бизнести жеңилдете турган макулдашууга жетишкени жарыяланды.

Бээжин бир топтон бери түртүп келаткан Азия-Тынч океан эркин соода зонасын (FTAAP) түзүү идеясынын АПЕК саммитинде колдоо табышын кытай президенти Си Цзинпин “тарыхый чечим” деп атады:

- Жол картанын жактырылышы эркин сооданын Азия-Тынч океан зонасын түзүү боюнча жараян башталганынын символикалык белгиси. АПЕКтин мүчөлөрү экономикалык интеграцияны алга жылдыруу ишенимин жана чечкиндүүлүгүн көрсөтүп жатат. Бул Азия-Тынч океан интеграциясын жаңы бийиктикке чыгаруучу тарыхый чечим.

Кытай эми алдыдагы эки жыл ичинде эркин соода зонасын түзүү планын иликтеп, анын жыйынтыгын АПЕКтин лидерлеринин кароосуна коюуну сунуш кылууда.

АПЕКке мүчө 21 өлкөгө бүгүн дүйнө калкынын 40%, дүйнөлүк дүң өндүрүштүн 54%, сооданын 44% таандык. Эркин соода келишими алардын экономикалык карым-катнашын азыркыдан да күчөтүүнү максат кылат.

Кытайлык Fosun Investment деген компаниянын башчысы Лианг Хинжун "Рейтердин" кабарчысы менен маегинде азыркы шартта АПЕКтин өлкөлөрү арасында инвестиция жасоо кыйын экенин айткан:

- АПЕКтеги башка өлкөлөргө инвестиция жасоо абдан татаал иш. Анткени инвестиция боюнча эрежелерде, соодада, ташууда бир топ кыйынчылыктар бар. Карым-катнаштын жөнөкөй жолдорун куруу абдан зарыл нерсе.

Расмий Бээжиндин Азия-Тынч океан өлкөлөрүнүн алкагында эркин соода зонасын түзүү мүдөөсү ишке ашар-ашпасын убакыт көргөзмөкчү.

Маселен, АПЕКке мүчө АКШ он эки өлкө менен Транс Тынч океан өнөктөштүгү соода келишимин түзүү маселесин талкуулап келатат. Бирок Вашингтондун бул долбооруна Кытай жана Орусия тартылган эмес.

АПЕК саммитинин жүрүшү. Бээжин, 11-ноябрь, 2014-жыл.
АПЕК саммитинин жүрүшү. Бээжин, 11-ноябрь, 2014-жыл.

Талдоочулар муну Кытайдын Азияда артып бараткан таасирин АКШнын тең салмактоо аракети, президент Обаманын багытты Азияга “буруу” саясатынын экономикалык таянычы катары баалашат. Кытайдын үстөмдүгүнөн чоочуган Азия өлкөлөрү АКШ менен мындай кызматташтыкка өздөрү да кызыкдар.

“Вашингтон Пост” гезити жазгандай, АКШ администрациясы бул соода келишими аркылуу Тынч океан боюндагы өлкөлөрдө америкалык инвестицияга стимул берүүгө умтулууда.

“Вашингтон Пост” басылмасы белгилегендей, бул соода келишими айыл чарбасы жана интеллектуалдык менчик маселесиндеги талаштардан улам алга жыла албай келет.

Виза мөөнөтү узартылат

Азиядагы таасир үчүн атаандашканы менен АКШ жана Кытай жарандарынын ортосундагы алака-катышты, бизнести жеңилдете турган макулдашууга жетишти. Барак Обама АПЕКтин саммитинде сүйлөп жатып:

- Биз Кытайга ийгилик каалайбыз. Биз бизнес үчүн атаандашабыз, бирок ошол эле учурда маселелердин кеңири чөйрөсү жана жалпы мүмкүнчүлүктөр үчүн кызматташтыкка умтулабыз. Менин сапарым учурунда АКШ менен Кытай виза боюнча жаңы механизмди макулдашты. Ал студенттерден тартып, туристтерге, орто жана чакан ишканаларга пайда алып келет. Азыркы эреже боюнча эки өлкө ортосундагы виза бир жыл гана болсо, жаңы макулдашууга ылайык студенттик виза беш жылга, туристтик жана бизнес визанын мөөнөтү он жылга узартылат, - деди.

АКШ президенти айткан макулдашуу 12-ноябрдан тарта күчүнө кирмекчи. Обама Кытайдан соң Мьянмага барат. Ал жерде бүгүн - эртең Түштүк-Чыгыш Азия – АСЕАН ассоциациясына кирген өлкөлөр менен АКШнын биргелешкен саммити өтөт.

Кытай президенти Си Цзинпин өткөн аптада Чыгыш жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жыйында Бээжин инфраструктураны каржылоочу Жибек жолу корун түзүүгө 40 миллиард доллар бөлүнөрүн убада кылган.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG