Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:24

Обама ирандыктарды Нооруз менен куттуктады


Обама ирандыктарды Нооруз менен куттуктады
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:21 0:00

Барак Обама

АКШ президенти Барак Обама ирандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктап, эки өлкөнүн мамилелерин өзгөртүү үчүн көп жылдардан бери биринчи жолу “эң мыкты мүмкүнчүлүк” түзүлүп жатканын белгиледи.

Барак Обама Кошмо Штаттарда жана жалпы дүйнөдө Ноорузду майрамдаган элдерди жаздын келиши менен куттуктады.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Иран элине, жетекчилерине түздөн-түз кайрылган президент үстүбүздөгү жылы Ислам жумурияты менен эл аралык коомчулук, анын ичинде АКШ менен мамилелер жакшырат деген үмүт жаралганына басым жасады:

- Тегерандан тартып, Шираз же Табризке чейин, Каспий деңизинин жээгинен Перс булуңуна чейин майрамдык дасторкондун айланасында чогулганда жаратканга ыраазычылыгыңарды билдирип, бакубат келечекти тилейсиңер. Үстүбүздөгү жылы биздин эки өлкөнүн келечеги башкача болот деп үмүттөнүүгө эң жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

АКШ мамлекет башчысы Ирандын ядролук программасы боюнча баштапкы келишимге бир жыл мурун жетишилгенин, эки тарап тең өз милдеттенмелерин аткарып келгенин белгиледи. Иран атомдук программасын өнүктүрүүнү токтотту, эл аралык коомчулук болсо санкциялардын айрымдарын жеңилдетүүгө барды.

Иран, Нооруздун алдында
Иран, Нооруздун алдында

Ушул тапта дипломаттар менен илимпоздор Ирандын атомдук программасына байланышкан маселени биротоло чечүү үчүн сүйлөшүү жүргүзүшүүдө, – деди Обама.

- Жылдар бою биздин эки элди өз ара ишенбестик жана коркуу сезими бөлүп келди. Эми эрте жаз келди. Эки өлкөгө, жалпы дүйнөгө көп жылдарга оң өзгөрүүлөрдү гана алып келе турган мүмкүнчүлүк жаралды. Эми ирандыктар менен америкалыктар ушул жаздай болуп гүлдөп кетүүчү учурдан пайдаланышы керек.

"Бирок Иран жетекчилиги атомдук курал жасоого умтулбаганын далилдесе, катардагы ирандыктарга ири мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү, андай болбосо алар обочодо кала берет", - деп кошумчалады америкалык президент.

Тегерандагы базарлардын бири
Тегерандагы базарлардын бири

Обама үчүн алдыдагы күндөр жана апталар чечүүчү болмокчу. Сүйлөшүүлөрдө прогресс болуп жатканы менен, пикир келишпестиктер кала берүүдө. "Маселенин дипломатиялык жол менен чечилишине каршы болгон адамдар жок эмес. Иран элине кайрылып, биз көздөгөн келечектин урматына үн кошушубуз керек", - деп белгиледи.

Ал тапта Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф Вашингтон жана башка державалар ядролук программа боюнча келишимге жетишүү үчүн кысым жасабоого тийиш деп билдирди. Мындай билдирүүнү министр жума күнү Швейцариянын Лозанна шаарында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен кезектеги жолугушууну утурлай жасады.

Зарифтин айтымында, Тегерандын ядролук программасы боюнча көп тараптуу сүйлөшүүлөргө катышып жаткан АКШ, Британия, Франция, Кытай, Германия жана Орусия “басым же келишимдин” ортосунда тандоого тийиш.

Обаманын видео кайрылуусуна жооп кайтарып, министр "Иран эли ар-намысыбызды сактоо менен кызматташабыз" деди.

АКШ-Иран сүйлөшүулөрү, 17-март
АКШ-Иран сүйлөшүулөрү, 17-март

Керри менен Зарифтин жолугушуусу үстүбүздөгү дүйшөмбүдө башталган. Тараптар Тегерандын атомдук программасы боюнча мунаса табууга аракеттенишүүдө. Марттын этегине чейин жаңы келишимдин негизги жоболору даяр болууга тийиш. Иран уран байытуу ишин убактылуу токтотууга көнсө, эл аралык санкциялар алынып салмакчы. Документ 30-июнга чейин даяр болушу керек.

Керри буга чейин келишим түзүүдөгү кыйынчылыктар “техникалык эмес, саясий маселелерге барып такалууда" деп билдирген.

Ирандын ядролук программасын ошондой эле Брюсселде Евробиримдиктин тышкы саясатынын жетекчиси Федерика Могерини, британ премьер-министри Дэвид Камерон, Франциянын президенти Франсуа Олланд жана Германиянын канцлери Ангела Меркел талкуулашты.

Иран атомдук курал жасоого умтулбаганын айтып, программасы тынчтык максаттарды гана көздөрүн айтып келатат.

XS
SM
MD
LG