Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:46

МАГАТЭ Иранга чектеген мөөнөт аяктады


Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин шектүү өзөктүк программасына тиешелүү суроолоруна Тегеран жооп берген же бербегени азырынча беймаалым. Бул үчүн берилген мөөнөт бүгүн аяктады.

Ал аралыкта Еврошаркет тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Кэтрин Эштон Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Зариф менен 1-сентябрда Брюсселде жолугарын кабарлады.

Буга чейинки акыркы жолугушууда Эштон менен Зариф Ирандын өзөктүк программасы боюнча узак мөөнөттүү келишим даярдалуучу убакытты 24-ноябрга чейин узартууну макулдашкан.

Эштон - Иран менен сүйлөшүүлөрдө P 5+1 тобунун же БУУнун Коопсуздук кеңеши менен Германиянын башкы өкүлү.

Аталган топ менен талаштуу өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасын Тегаран БУУнын Башкы ассамблеясы учурунда өткөргөнү жатат. Башкы ассамблеянын жыйыны 16-сентябрда ачылат. (UE)

XS
SM
MD
LG