Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

АКШ менен Иран Ирак боюнча кызматташабы?


"Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети" тобунун согушкерлери. 2014-жыл.
"Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети" тобунун согушкерлери. 2014-жыл.

Ирактын борбору Багдадды көздөй жылып келе жаткан сунни согушкерлери бүгүн өлкөдөгү эң ири мунай заводго кол салышты.

Премьер - министр Нури ал-Малики телеге күрт жана сунни лидерлери менен кошо чыгып, элди улуттук биримдикке чакырды. Бул аралыкта АКШ президенти Барак Обама бүгүн Ирактагы кырдаалды Конгресстин лидерлери менен талкуулаганы жатат. Күн тартибине Ирак кризиси боюнча Иран менен кызматташтык керекпи же жокпу деген маселе чыгууда.

Ирактагы сунни согушкерлеринин тездик менен алга жылуусу эл аралык коомчулукта бул өлкө калкынын диний бөлүнүүсүнүн негизинде ажырап кетеби деген кооптонууларды жаратты.

Ирак боюнча айрым талдоочулардын пикиринде, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө азыркыдай коркунуч туулган учур мурда болгон эмес.

Сунни согушкерлеринин “Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети” деген тобу учурда өлкөнүн суннилер жашаган түндүк ыптасынын Мосул жана Тикрит шаарларын толугу менен, Тала-Афар шаарынын басымдуу бөлүгүн көзөмөлдөп турушат. Кечээ алар борбор Багдаддан 60 чакырым аралыктагы Бакуба шаарынын айрым бөлүктөрүн аскерлер менен шийи кошуундары сүрүп чыгарганга дейре кыска убакытка ээлешкен.

Шийи, сунни жана күрт лидерлеринин Багдаддагы жабык жыйынынын артынан премьер-министр Нури ал – Малики алар менен телеге чогуу чыгып, элди улуттук биримдикке чакырды. Мындай чакырыкты ирактыктардын дарегине БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун да жолдоду:

- Ирак өкмөтүндө сунниби, шийиби же күртпү бир гана мамлекет болушу керек. Алар адам укуктарын жана БУУнун баалуулуктарын урматтоо менен эриш-аркак жашагыдай абалда болушу зарыл.

Ирактан аскерий контингентин эки жарым жыл мурда чыгарып кеткен Кошмо Штаттар согушкерлердин мизин кайтаруу үчүн аскерий кийлигишүүнүн жолдорун караштырып жатат. Бирок ошол эле учурда ал – Маликинин өкмөтү сунни азчылыгынын камтамачылыктарына көңүл буруусу зарыл деп да эсептөөдө.

Кошмо Штаттар үчүн бул ирет Ирактагы кризисти жөнгөрүүдө Иран менен кызматташуу керекпи, болсо андай кызматташтык кандай нукта жүрүүсү керек деген маселе чыкты.

Анткени коңшу Иран соңку жылдары Ирактын шийилер үстөмдүк кылган өкмөтүнүн колдоочусуна жана өнөктөштөрүнүн бирине айланган эле.
Ак үйдүн Ирак боюнча азыркы пландарын президент Барак Обама бүгүн Конгресстин лидерлери менен талкуулаганы жатат. Бирок Ирак боюнча Иран менен кызматташтык маселесинде Конгресстин лидерлери арасында бирдиктүү позиция жоктой.

Оппозициядагы республикачылардан, маселен, Обаманын тышкы саясатын кескин сындап келе жаткан сенатор Линдсей Грехэм кечээги сөздөрүндө Иран менен кызматташтыкты колдоп чыкты.

Анын пикиринде, “Ирандын Иракта таасири бар жана ал таасирди пайдаланууга болот. Бирок бул АКШ менен Иран өнөктөш дегенди билдирбейт”.

Ал эми республикачылар арасында таасирлүү деп саналган сенаторлордон президенттикке мурдагы талапкер Жон Маккейн Иран менен кызматташтыкка караманча каршы. Бийликтеги демократтардын Конгресстеги өкүлдөрү Ирак үчүн Иран менен карым - катнаш түзүүнү этияттык менен колдошууда.

Демократтар арасында таасирлүү деп саналган сенатор Даяна Фейнштейндин айтымында, Иран эгер өзү туура багытты тандаса гана кызматташтык пайдалуу боло алат.

Өзү эки күн мурда АКШ менен Иран Венада, өзөктүк маселе боюнча сүйлөшүүнүн алкагыда Ирак кризсин бир сыйра талкуулашкан. Бирок америкалык дипломаттар бул маселеде Тегеран менен аскерий кызматташтык болбосун айтышууда.

Мамлекеттик департаменттин расмий өкүлү Жен Псаки Вашингтондогу кечээги басма сөз жыйында:

- "Ирактын жана Леванттын ислам мамлекети" Иракта туудуруп жаткан коркунучтар боюнча биз аймактык башка оюнчулар менен карым-катнашта болгондой эле Иран менен да карым-катнашка ачыкпыз. Бул талкуулар төмөнкү деңгээлде жүрчүдөй, биз Иран менен аскерий кызматташтык же координация жөнүндө айткан жокпуз. Биздин оюбузча Иракта негизги көңүл аскерий компонентке бурулушу керек эмес.

Бул аралыкта Ирандын президенти Хасан Роухани шийилердин Кербала, Нажаф, Кадхимия жана Самарадагы ыйык жайларын коргоо үчүн Иран колдон келгендин баарын жасарын айтып чыкты.

Роуханинин ырастоосунда, Ирандан көп адамдар ыйык жайларды коргоо жана террорчуларды ордуна коюу үчүн Иракка барууга даярдыгын билдирип жатышат.

Ал эми Сауд Арабиянын тышкы иштер министри Сауд-ал-Файсал бүгүн Иракта коопсуздук кырдаалынын начарлоосу жарандык согуштун белгилерин көргөзүп жатканын белгиледи.

Кечээ Ирак өкмөтү Саудиянын өзүн согушкерлерге “каржылык жана моралдык жактан колдоп жатат” деп айыптаган.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG