Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

АКШ менен Иран келишим түзүлөрүнө ишенет


АКШ мамкатчысы Жон Керри жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. 16-март, Швецария
АКШ мамкатчысы Жон Керри жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф. 16-март, Швецария

Тегерандын талаштуу ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнү АКШ мамкатчысы Жон Керри жана Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 16-мартта улантышты.

Тараптар бул ирет Швейцариянын Лозанна шаарында кездешүүдө. Андагы максат: 31-мартка чейин Иран менен маанилүү саясий келишимдин негизин макулдашуу.

Лозаннада АКШ мамкатчысы Жон Керри жана Иран тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф кечээ чечилбей калган маселелер боюнча мунаса табыш керек. 15-мартта Лозаннада америкалык жана ирандык мартабалуу дипломаттар менен техникалык эксперттер жолугушуп, Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимдин техникалык аки-чүкүсүн такташты. Атап айтканда, Иранда канча даана уран байытуучу центрифуга калтырылыш керек экенин, алардын түрлөрүн жана оор суу менен иштечү атомдук реактордо канча плутоний өндүрсө болорун аныкташты. Татаал ишти алгалатууга көмөктөшүү максатында Лозаннага АКШнын энергетика министри Эрнест Монис жана Ирандын ядролук программасынын башчысы Али Акбар Салехи да келген.

Жон Керри жекшемби күнү Египеттеги сапары учурунда Ирандын ядролук программасы боюнча келишимди техникалык мүнөзгө караганда саясий мүнөзгө ээ экенин белгиледи. Андан бир күн мурда Си-би-ес телеканалына берген интервьюда 24-мартка же марттын соңуна корутунду келишим түзүлбөй калса, анда жайга чейин сүйлөшүү улантылып, оң чечимге жетүүгө ишенгенин айткан. Керри ошон үчүн Иран уранды ядролук куралга ээ болуу үчүн байытпаган болсо, анда Р5+1 тобуна кирген алты мамлекет (АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция, Германия) менен келишимге барууга чакырган 15-мартта Египетте жасаган билдирүүсүндө:

- Биз азыр бир чечимге келе албай калсак, анда апрелде же майда же июнда өзгөрүүгө жетишебиз деген ишенич абдан чоң. Эгер Ирандын ядролук программасы тынчтык максатын көздөсө, анда келишимге баралы. Андай келишим келерки жумаларда мүмкүн болот деген үмүттөмүн.

Жон Керри, былтыр сүйлөшүлгөндөй, Вашингтон 2015-жылдын 30-июнунда Иран менен жыйынтыктоочу келишимди түзүүнү кааларын айтып, Тегеранды “маанилүү кадамга бурууга” үндөдү.

Ирандын бул Арак өзөктүк жайындагы реактордун болочогу Тегеран менен алты держава ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү башкы маселелердин бири.
Ирандын бул Арак өзөктүк жайындагы реактордун болочогу Тегеран менен алты держава ортосундагы сүйлөшүүлөрдөгү башкы маселелердин бири.

Эксперттердин айтышынча, Тегеран менен түзүлчү келишимде эл аралык инспекторлордун Ирандын ядролук ишканаларын көзөмөлдөөсү жана Иранга каршы экономикалык санкцияларды токтотуу мөөнөтү саясий маселе болууда.

Ирандын тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчинин сөзүнө караганда, эки ортодо олуттуу ажырым бар, бирок Тегеран ал суроолор сүйлөшүүдө жөндөлөт деп ишенет. Бул жөнүндө Аркчиге шилтеп, Ирандын ISNA агенттиги кабарлады.

Иран уранды байытууну токтотсо, Тегеранга каршы киргизилген эл аралык экономикалык санкциялар алынып салынат.

Иран өкмөтү Бириккен улуттар уюму, Евробиримдик жана АКШ санкцияларын бир убакта токтотконун каалайт.

Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф 16-мартта Британия, Франция, Германиянын тышкы иштер министрлери, ошондой эле Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча комиссары Федерика Могерини менен жолугушат. Брюсселде өтчү бул кездешүү Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүнүн алкагында өтөрүн Могерини дүйшөмбү күнү маалымдап, маанилүү учур келгенин баса көрсөттү:

Федерика Могерини
Федерика Могерини

- Биз 24-марттын алдындагы маанилүү эки жумага кирдик. Бул мөөнөттө келишимдин негизи боюнча орток пикир табылыш керек.

Бирок Ирандын региондогу негизги атаандашы Сауд Арабиясынын жетекчи чөйрөлөрүндө Тегерандын ядролук программасы боюнча келишимге кол коюлса, чөлкөмдөгү башка мамлекеттер да уран байытууга ынтыла башташы мүмкүн дешет. Мындай пикирин падышалык үй-бүлөнүн таасирлүү мүчөлөрүнүн бири, ханзаада Турки Фейсал Би-би-си менен баарлашууда айтты.

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүгө катышкан бакубат алты мамлекет мындай пикирге макул эмес.

Ирандын ядролук программасына тийиштүү келишимди БУУнун Коопсуздук кеңеши бекитүүсү жана Улуттар уюмунун санкцияларын алып салууну Коопсуздук кеңешинде талкуулоо мүмкүнчүлүгүн Р5+1 өлкөлөрү менен Иран өз ара сүйлөшө баштаган. Бул тууралуу өткөн жумада "Ройтерс" агенттиги кабарлаган.

XS
SM
MD
LG