Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Обама Аятолла Хаменеиге кат жолдоду


АКШ президенти Барак Обама Ирандын жогорку лидери Аятолла Хаменеиге жашыруун кат жолдоду. Анда “Ислам мамлекети” радикалдык тобуна каршы күрөшүүдө эки өлкөнүн кызыкчылыктары окшош экени айтылганын Wall Street Journal басылмасы жазды.

Wall Street Journal басылмасы өз булактарына таянып жазганына караганда, АКШ президенти Барак Обама Ирандын жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеиге соңку катын октябрь айында жолдогон. Бул Обаманын 2009-жылдан бери Ирандын руханий лидерине жазган төртүнчү кайрылуусу.

Гезиттин ырастоосунда, Обама Ирандын уранды байытуу программасы боюнча келишимди “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы күрөшүүдөгү кызматташтыкка байлаган. Дүйнөлүк державалар менен Иран уранды байытуу программасын чектөө жөнүндө туруктуу келишимге 24-ноябрга чейин кол коюуга тийиш.

Ак Үйдүн басма сөз катчысы Жош Эрнест беделүү басылмага чыккан маалыматты бышыктоодон же төгүндөөдөн баш тартып, Кошмо Штаттардын Иранга карата саясаты өзгөрүүсүз экенин белгиледи. Ошол эле кезде бирөөгө кат жазуу президенттин “жеке иши” деп айтты.

- Мен президенттин башка өлкө лидерлери менен жеке кат алышуусун комментарийлей албайм. Бир гана нерсени белгилегим келет, президенттин жана анын администрациясынын Иранга болгон саясаты өзгөрүүсүз калууда.

5-ноябрда Обама Вашингтон Тегеранга атомдук энергияны тынчтык максатында пайдаланууга жол ачкан сунуштарды жолдогонун, Иран утурумдук келишимдин шарттарына көнгөнүн айткан. Ак үйдүн басма сөз катчысы Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүүлөрдө “Ислам мамлекети” радикал уюумуна каршы жүргүзүп жаткан стратегия тууралуу сөз болгонун кошумчалады.

- Кошмо Штаттар 5+1 форматында эл аралык коомчулуктун Ирандын ядролук программасына тынчсыздануусу боюнча Иран менен сүйлөшүүлөргө бирге тартылган. Ал сүйлөшүүлөрдөн башка дагы бери дегенде эки учурда АКШ баштаган 60тан ашуун өлкө түзгөн коалиция “Ислам мамлекети” радикал уюумуна каршы жүргүзүп жаткан өнөктүк боюнча сөз болду.

Конгресстин Өкүлдөр палатасынын төрагасы, республикачыл лидер Жон Бейнер “Ислам мамлекети” уюмуна каршы стратегияга Иранды тартуу демилгесин колдогон жок. Ал ошондой эле Тегерандын ядролук программасы боюнча дүйнөлүк державалар менен болгон келишимдер деле олуттуу болоруна ишенбей турганын билдирди.

- Мен ирандыктарга ишенбейм, ошондуктан аларды бул күрөшкө кошуп алуу керек деп ойлобойм. Уранды байытууну токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө алар олуттуу мамиле кылат деп ишенем... Бирок ага деле күмөнүм бар.

Обама 7-ноябрда Конгресстин лидерлери, республикачыл, демократ мүчөлөрү менен жолугат деп кабарланган. Анда президент “Ислам мамлекети” согушкер тобуна каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кеңири маалымат бере турганы айтылган.

Бул президент Обаманын конгрессмендер менен 4-ноябрдагы өткөөл шайлоодо республикачылар жеңишке жетип, Сенатта көпчүлүктү камсыздашкандан кийинки алгачкы сүйлөшүүсү. Обама “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөш жана Ирандын атомдук программасы боюнча маселелерде Конгресс менен “жемиштүү” иштешерин буга чейин билдирген.

Иран да, АКШ да «Ислам мамлекети» радикал уюмунун баскынчылык аракеттерине каршы болгону менен Тегеран Кошмо Штаттар башында турган коалициялык күчтөрдүн Ирак жана Сирияга абадан урган соккуларын сындап келатат. Расмий Тегеран Иракка аскер бөлүктөрүн жөнөттү деген маалыматтарды четке кагууда. Бирок иран бийликтери куралдуу согушкерлерге каршы күрөштө кеңешчилерди жөнөтүп, логистикалык жардам берип жатканын моюнга алышууда

XS
SM
MD
LG