Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Украина-Орусия: Газ баасы үчүн күрөш кайра жанданды


Украинанын газды топтоп бөлүштүрүүчү ишканаларынын бири. 24-май, 2011
Украинанын газды топтоп бөлүштүрүүчү ишканаларынын бири. 24-май, 2011

Расмий Киев кайрадан Москвага кысым жасап, Орусиядан импорттолуучу газдын баасын төмөндөтүүгө аракет кылууда.

Газдын наркы Украинанын энергетика жана көмүр өнөр жай министри Николай Бойко менен Орусия өкмөтүнүн жетегиндеги "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллердин шейшемби күнү Москвада болчу сүйлөшүүсүндөгү башкы тема.
"Газпром" коммерциялык эле мекеме эмес. Ал саясий курал дагы. Ошон үчүн Беларуска газды аябай арзандатып берди.


Маалыматтарга караганда, украин тарап Орусиядан келчү 1 000 куб метр газды 250 долларга сатып алууну каалайт. Азыр 1 000 куб метр көгүлтүр отунду Украина 416 доллардан сатып алат.

16-январда украин премьер-министри Николай Азаров расмий Киев көгүлтүр отун үчүн Кошмо Штаттардагы керектөөчүлөргө караганда 5 эсе көп төлөп жатканын билдирди.

Газдын кымбат баасына нааразы орусиялык жарандар. Новосибирск шаары. 17-май, 2011
Газдын кымбат баасына нааразы орусиялык жарандар. Новосибирск шаары. 17-май, 2011
Азаров газдын 1 000 куб метрине 416 доллардан төлөгөнчө, көмүрдү пайдалануу экономикалык жактан пайдалуу экенин кошумчалады: “Биз Орусияга ай сайын дээрлик 1 миллиард доллар (кошумча) төлөөгө тийишпиз. Эгер биз Орусияга газ үчүн ашыкча акча төлөбөсөк, канчалаган социалдык маселелерди чечмекпиз.”

Ошон үчүн Украин жетекчилиги 2009-жылы Орусия менен түзүлгөн он жылдык газ келишимин кайра түзүүгө аракет кылууда. Расмий Москва көгүлтүр отундун наркын төмөндөткөнгө макул. Бирок ал үчүн Украинадан улуттук газ транспорттоо системасын 4 миллиард долларга сатууну сунуш кылган. Январдын украин тарап бул сунушка ынанган эмес.

Эмне үчүн Украина Орусия менен келишим түзгөндө газды кымбат сатып алганга макул болгон?

Киевдик эксперт Юрий Корольчук украин тарапты кымбат келишимге кол коюуга ошол кезде Москва түзгөн кырдаал мажбур кылганын айтты:

“2009-жылкы келишимге кол коюлганда жагдай татаал болчу. Орусия Евробиримдик өлкөлөрүнө, ошондой эле Украинага газ берүүнү азайткан. Берегидей кырдаал калыс сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берген эмес. Ошон үчүн келишим Украина үчүн ыңгайсыз болуп калган. Ал кездеги премьер-министр Юлия Тимошенко Орусия менен газ келишимине кол койгондон бир нече ай мурда орус газынын Евробиримдиктеги эң ири кардарлары: немистердин "Эйвон" жана италиялыктардын "Эни" компаниялары көгүлтүр отундун баасы кымбат деп, аны кайра карап көрүү жөнүндө сөз козгоп жаткан".

Киев шаарындагы Энергетикалык изилдөөлөр институтунун эксперти Юрий Корольчук эгер украин тарап сүйлөшүүнү математикалык эсептөөлөргө таянып жүргүзсө, 1000 куб Орусия газынын баасы кеминде 250 доллар турушу же эки эсеге жакын төмөндөшү керек деп болжолдойт.
Орусия премьер-министри Владимир Путин Украина премьер-министри Юлия Тимошенкону эки өлкө ортосундагы газ келишимине кол коюлганы менен куттуктоодо. Москва, 19-январь, 2009
Орусия премьер-министри Владимир Путин Украина премьер-министри Юлия Тимошенкону эки өлкө ортосундагы газ келишимине кол коюлганы менен куттуктоодо. Москва, 19-январь, 2009

Москвалык көз карандыз эксперт Александр Разуваев болсо Орусиядагы газдын монополисти - "Газпромдун" да, украин тараптын жүйөсү да негиздүү деп, чынында эле украиндер көгүлтүр отун үчүн Орусияга кымбат төлөп жатканын айтты:

"Ырас эле, газдын баасы Украина үчүн Кошмо Штаттардан жана Азия рыногунан кымбат. Украинадагы жагдай Европа рыногу үчүн да мүнөздүү көрүнүш. Себеби "Газпром" Евросоюзга саткан газдын баасы мунай жана мунай продуктуларына байланган. Ошондуктан европалыктар америкалык жана азиялык керектөөчүлөргө салыштырганда кымбат төлөшөт."

Талдоочулар АКШда жана Жапония, Түштүк Корея сыяктуу Азия мамлекеттеринде газдын наркы арзан экенин бул өлкөлөрдө атаандаштык күчтүү жана рынокто монополия жок экенине байланыштуу деп түшүндүрүшөт.

Александр Разуваев Орусия газды саясый курал ирети колдонгонуна да көңүл бурду:

“"Газпром" коммерциялык эле мекеме эмес. Ал саясий курал дагы. Ошон үчүн Беларуска газды аябай арзандатып берди. Ал эми Украинага газдын баасын төмөндөтүү үчүн газды транспорттоо системасына киргизесиң же Орусия, Беларус, Казакстан катарындагы Бажы союзуна киресиң деп, узак стратегиялык талапты койууда.”

Кыргызстанга кайрылсак, өлкө 2011-жылы Өзбекстандан 210 миллион куб метрге жакын көгүлтүр отун сатып алган. 1000 куб метр өзбек газынын баасы Кыргызстан үчүн өткөн жылдын соңку кварталында 304 доллар турган.

XS
SM
MD
LG