Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:20

Евробиримдик Россия-Украина газ чатагына кирише албай турат


Россия-Украина арасындагы газ чатагынан улам Евробиримдиктин чыгышындагы айрым өлкөлөргө көгүлтүр отун ырааттуу келбей калды. Эки өлкө арасында аяздуу кышта жүрүп жаткан талашка ырасмий Брюссел тынчсызданганын билдирди. Бирок Биримдик жай-баракат арачылык кылуу менен чектелип, не Россиянын не Украинанын тарабын албай турат.

Россия менен Украина ортосундагы газдан чыккан чатак жалпы европалык деңгээлдеги маселе айланды. Евробиримдиктин жаңы төрагасы - Чехиянын жана Еврокомиссиянын өкүлдөрү дүйшөмбү күнү Киевге учуп келишти. Алар шейшемби күнү Россиянын «Газпром» компаниясы менен сүйлөшөбүз деген үмүттө.

Маселени Биримдиктин Брюсселдеги элчилери дүйшөмбү күнү талкуулашты. Биримдиктин тышкы иштер министрлери газ чатагына байланыштуу кырдаалды талкуулоо үчүн бейшемби күнү Прагага жыйналса, жума күнү уюмга кирген 27 өлкөнүн эксперттери Брюсселге чогулат.

Москва жана Киев газдын баасын быча албай, европалыктарды бушайманга салып жатканы менен, Биримдик чатакка баа берүүдө өтө этият карманууда. Дүйшөмбү күнү Евробиримдиктин аткаруу бийлиги - Еврокомиссиянын отун энергиясы боюнча комиссарынын өкүлү Ферран Тараделас журналистерге жооп берип жатып, Россия-Украина арасындагы газ чатагын коммерциялык пикир келишпестик катары сыпаттады:

- Бул Украина жана Россия ортосундагы маселе. Ошондуктан Еврокомиссия эки өлкө арасындагы коммерциялык талашты тез жөндөөгө жана Россиянын Украина аркылуу Европага газ жөнөтүүсүн тез калыбына салууга чакырабыз.

«Азаттыктын» Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякастын баамдашынча, Евробиримдикте араздашкан тараптарга өкүм сүйлөө үчүн «колунда камчысы жок». Атап айтканда, Биримдиктин мүчөлөрү арасында Россия саясаты боюнча ынтымак жана жлапы энергетикалык саясаты жок. Отун энергиясы менен камсыздоо Евробиримдик үчүн коммерциялык маселе. Ал эми газды жеке менчик компаниялар ташыгандыктан, алар көгүлтүр отунду россиялык монополист «Газпромдон» канчадан сатып алганын жана канчадан жеткиргенин коммерциялык сыр ирети купуя кармашат. Бул жагдай Евробиримдик керектеген газдын бештен бирин саткан «Газпром» үчүн да ыңгайлуу.

Андан пайдаланып, оболу 1 миң куб метр газды 250 долларга Украинага сатам деп жаткан «Газпром» жаңы жылдан кийин 415 долларды айтса, 4-январда бааны дагы көтөрүп, 1 миң куб метр газ 418 доллардан кемге сатылбасын эскертти.

Ал эми Евробиримдикте азырынча, Россиядан башка да Борбор Азиядан же Жакынкы Чыгыштан да газ ташуу жагын ойлонуубуз зарыл же газ булагын диверсификациялоо керек дегенден башка амалы жок.

XS
SM
MD
LG