Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Россия Беларуска газды чектелген режимде бере баштады


Россиянын мамлекеттик "Газпром" компаниясы Беларуска берген газдын көлөмүн 15 процентке азайтты. Компаниянын башчысы Алексей Миллердин айтымында, Минск карызынан кутулбаса, газдын агымы 85 процентке чейин төмөндөйт. Орустар Беларус газ үчүн 192 миллион доллар бересе деп ырасташууда. Беларус бийлиги муну четке кагууда. Орус бийлиги карызды товар менен төлөп берүү сунушуна көнбөдү. Россия Европага экспорттогон газдын 20 проценти Беларус аркылуу өтөт. Бирок Москва талаш европалык кардарларга таасир этпей турганына ишендирүүдө. Украина менен Россиянын газдын баасы жана карыз боюнча ушундай эле талашы былтыр Еврошаркетти кыш чилдесинде газсыз калтырган эле.

XS
SM
MD
LG