Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

“Газпром” жана “Нафтогаз” келишим түзүштү


"Газпром" жана "Нафтогаз" он жылга келишим түзүштү.Юлия Тимошенко жана Владимир Путин.
"Газпром" жана "Нафтогаз" он жылга келишим түзүштү.Юлия Тимошенко жана Владимир Путин.

Россиянын “Газпром” жана Украинанын “Нафтогаз” компаниялары он жылдык мөөнөткө келишим түзүштү. Москвада эки өлкөнүн өкмөт башчылары жакынкы сааттарда европалыктарга газ бериле баштайт деп ишендиришти.

“Газпромдун” жана “Нафтогаздын” жетекчилери келишимге Россиянын премьери Владимир Путин менен Украинанын өкмөт башчысы Юлия Тимошкенконун көзүнчө кол коюшту.

Документтерге кол коюлар замат “Газпром” европалык багыттагы бардык куурларга газ толтура баштады. Украина алардын баарын өз аймагы аркылуу токтоосуз өткөргөнгө ишендирди.

Мындан тышкары “Газпром” Украинанын өз керектөөсү үчүн да газа бере баштайт. “Нафтогаз” орус газын быйыл жалпы европалык баадан 20 процентке арзан алат. Украинага чектеш турган өлкөлөр алдыдагы үч айда орустарга миң кубометр газ үчүн 420 доллардан акы төлөшөт. Өткөн жылы “Нафтогаз” ошончо эле өлчөмдөгү “көгүлтүр отунду” “Газпромдон” 179,5 долларга сатып алып турган.

Табыгый газдын соода-сатыгында Россия менен Украина быйылкы жылдын 1-январынан тартып европалык рыноктун наркына өтүшкөнүн белгилеп, Путин бул эреже эки тараптын мамилелерин узак мөөнөткө нормалдаштыра турганына ишенич билдирди. Мындан тышкары өз ара эсеп-кысап иштеринде эч кандай ортомчу, далдалчы уюмдар болбойт.

Юлия Тимошенко да макулдашылган бааларды абдан калыс негиздеги чечим деп атады. Ошону менен бирге ал Путинге жана анын командасына Украинага дагы бир жылга өзгөчө жеңилдиктерди бергени үчүн ыраазылык билдирди. Бул мөөнөт ичинде Украина өзүнүн энергетика чөйрөсүндөгү иштерин оңдоп-түздөп алганга мүмкүнчүлүк берет.

“Менимче,бүгүн чын эле тарыхый учур болду – он жылга бейкуттук келди, Украинаны жана Европаны газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылуунун кепилдиги түзүлдү”,-деп айтты Тимошенко.

“Тарыхый бул учурга” жетүү үчүн эки тарапка дээрлик жарым айга созулган газ “согушу” керек болду,европалык бир катар өлкөлөр кыштын кыраан чилдесинде отунсуз калышты.

Москвада жетишилген келишимдерге байланыштуу Евросоюз кубанганга али эрте экенин эскертти. Европалыктарга газ келгенде гана Москва менен Киевдин ортосундагы газ талашы бүткөнүнө ынанса болот. Эки өлкө тең өздөрүнүн беделине шек келтирип алышты.

XS
SM
MD
LG