Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:31

Кытайда "бийликке жакпаган" 100дөн ашуун жазуучу абакта отурат


Гонконг. Кытайлык саясий туткундарды колдоо акциясы.
Гонконг. Кытайлык саясий туткундарды колдоо акциясы.

Кытайда бүгүнкү күндө 100дөн ашуун жазуучу жазган чыгармалары үчүн түрмөдө отурганын дүйнөдөгү сөз жана чыгармачылык эркиндигин коргоо менен алектенген PEN America эл аралык уюму билдирди. Уюмдун 1-майда жарыяланган «Жазуу эркиндиги» деп аталган баяндамасында айтылгандай, 2023-жылы Кытайда камакка алынган жазуучулар жана публицисттер саны алгачкы жолу жүздөн ашып, 107 адамды түздү. Алардын жарымы Интернетке жарыялаган посту үчүн камалгандар.

Бирок, баяндаманын авторлору белгилегендей, бийликти сындаганы үчүн камалгандар Кытайда андан көбүрөөк. Мисалы, «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык бейөкмөт уюмунун маалыматына караганда, саясий туткундар саны жүздөн 2020-жылы эле ашкан.

PEN America уюмунун эсебинде, дүйнөдө сөзү үчүн сот куугунтугуна кабылган жазуучулардын жалпы саны кеминде 339 адам. Демек, алардын эң көбү – үчтөн бири Кытайга туура келүүдө, бул дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө салыштырганда эң жогорку көрсөткүч.

PEN America уюмунун иликтөө бөлүмүнүн башчысы Жеймс Тейгер Кытайда сөзү үчүн кармалгандар кыйла көп болушу ыктымал экенин, анткени камалбаган, бирок эркиндикте жүрсө да цензурага кабылган же өзүн өзү чектөөгө, тыюуга мажбур болгондор эсепке алынбаганын айтты.

Бийликке ишенимсиз мамилесин билдирген жазуучуларга Кытайда адатта «талаш-тартыш жана башаламандык жараткан» деген айып тагылат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG