Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:10

“Жаңы Тажикстандын” башчысы камалды


Зайд Саидов.
Зайд Саидов.

Тажикстанда оппозициячыл маанайдагы жаңы саясий партия түзүп жатканын жарыялаган саясатчы камакка алынды. Бийликтер Зайд Саидовду башка маселелер менен катар көп аял алган деп да айыптоодо. Байкоочулар болсо бул окуяны алдыдагы президенттик шайлоо менен байланыштырып жатат.

Мурдагы өнөр-жай министри, Тажикстандын ишкерлер ассоциациясынын төрагасы, элүү төрт жаштагы Зайд Саидов өзү өңдүү бир катар ири ишкерлер, окумуштуулар менен бирдикте “Жаңы Тажикстан” деп аталган саясий партия түзүп жатышканын өткөн айда жарыялашкан. Партиянын уюштуруу курултайы майдын соңунда болору күтүлгөн.

Бирок жаңы партия тууралуу жарыя жасалгандан бир ай өтүп-өтпөй эле тажик бийликтери “Жаңы Тажикстандын” башкы лидерин 19-майдын түнү Европадан кайтып келгенде аэропорттон камакка алышты.

Ал эми дүйшөмбү күнү Душанбенин шаардык кеңеши Зайд Саидовду кол тийбестик макамдан дароо ажыратты. Анткени ал шаардык кеңештин депутаты эле.

Саидов өзү камалардын жуп алдында “Азаттыктын” тажик кызматы менен телефон аркылуу маегинде ага коюлуп жаткан айыптарды саясатка киргени менен байланыштырган:

- Толугу менен ушундай, башка себеп жок. Албетте, мен ишкер катары такай кысым астында, текшерүү астында жүргөнмүн. Бирок саясий партия уюштуруу жөнүндөгү чечимим мунун баарын күчөтүп жиберди.

Тажикстандын Каржылык көзөмөл жана коррупцияга каршы күрөш боюнча агенттиги Саидовду бир катар оор кылмыштар, анын ичинде ири өлчөмдө пара алган, кызмат абалынан пайдаланып, көз боёмочулукка барган деп айыптоодо.

Бийликтердин ырастоосунда, Саидов борбор Душанбедеги эң бийик имарат - 20 кабаттуу “Душанбе плазаны” курууда муниципиалдык кордон 400 миң доллар уурдаган.

Мындан сырткары Саидовго көп аял алган деген да кине тагылып жатат. А түгүл бир апта мурда прокурорлор саясатчынын үйүндө тинтүү жүргүзүшүп, бул айыптын негизинде анын уулун да суракка алышкан.

Саидов өзү “Азаттыктын” тажик кызматы менен маегинде жогорудагы дооматтардын чоо-жайын мындай чечмелеген:

- Менде төрт аялы бар дегендер жаңылышат. Чынында, бул кылдат маселе да, этикалык нормалар бар дегендей. Мен балдарымдын энелеринен кечирим сурайм. Бүгүн бир эле жубайым менен жашайм. Балдарымдын апалары уулдарынын колунда. Бирок мен балдарымдын алдында жоопкерчиликти сезгендиктен, аларга такай барып турам.

Душанбелик саясат таануучулар “Жаңы Тажикстандын” лидеринин кылмыш иши эки багытта өнүгөрүн болжоп жатышат.

Биринчиси, кылмыш ишинин токтошу үчүн бийликтер Саидовго саясий партиясынан баш тартууну сунуш кылат. Экинчиси, кылмыш иши сотко жеткирилип, саясатка баш баккан ишкер сот жообуна тартылат.

Душанбелик саясат таануучу Парвиз Мулладжанов “Азаттыктын” тажик кызматына маегинде:

- Иштин келечеги Зайд Саидов жана анын жактоочуларынын өкмөт менен сүйлөшүүсү кандай кетерине көз каранды. Балким, алар кандайдыр бир мунаса табышат. Балким анын саясий партиясын катташат, жок дегенде ишкерлигин улантууга мүмкүндүк беришет. Биз проблеманын тарыхын, өкмөт эмне үчүн мындай одоно реакция кылганын билбейбиз.

Жакындап калган президенттик шайлоо

Оппозициячыл маанайдагы “Жаңы Тажикстан” саясий партиясы түзүлүп жатканы жарыяланганы менен анын лидери алдыдагы президенттик шайлоого катышуу мүдөөсү бардыгын айткан эмес.

Анткен менен оппозициядагы башка саясий топтордун өкүлдөрү Саидовдун камалышы алдыдагы президенттик шайлоонун контекстинде караларын белгилешүүдө.

Социал-демократтар партиясынын төрага орун басары Шакиржан Хакимов “Азаттык” менен маегинде буларды айтат:

- Бул кысым көргөзүүлөрдүн баары саясий партия түзүү жөнүндөгү жарыядан кийин башталганы маселенин саясий жүйөсү бардыгын көргөзүп турат. Бул көрүнүш ошондой эле тажик президентинин шайлоо адилет жана демократиялуу өтөт деген убадасына каршы келет. Муну менен Тажикстандын эл аралык коомчулуктагы беделине да шек кетет.

Тажикстандын кезектеги президенттик шайлоосу быйыл ноябрь айында өтүшү керек. Президент Эмомали Рахмон өткөн айда Брюсселге барганда шайлоого катышуу же катышпоо жөнүндө чечим кабыл ала электигин, бирок шайлоо адилет өтөрүн кепилдей аларын билдирген.

Ал эми байкоочулардын баамында, Рахмон шайлоого катышат, бийлик болсо саясий өнөктүктү утурлай ыктымал тобокелчиликтерди четтетүүдө.

Былтыр декабрда Дубайда расмий Душанбенин өтүнүчү менен “Топ 24” деген оппозициячыл уюмдун лидери, дагы бир ири ишкер Умрали Куватов камакка алынган эле. Тажик бийликтери учурда аны Бириккен Араб Эмираттарынан өткөрүп алууга аракеттенүүдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG