Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:26

Сирия оппозициясы жетекчилигин жаңылайт


Сирия оппозициянын башчылары "Сирияны куткаруу боюнча улуттук жыйындын" ачылышында. Дамаск, 23-сентябрь 2012
Сирия оппозициянын башчылары "Сирияны куткаруу боюнча улуттук жыйындын" ачылышында. Дамаск, 23-сентябрь 2012

Сирия оппозициясы эмки жумада Катарда болчу жыйында президент Асаддын режимине каршы күрөшкөн козголоңчулардын жаңы жетекчилигин шайлайт.

АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон Сирия оппозициянын жаңы жетекчилигине башын канжыгага байлап, уруш майданында жүргөн эр азаматтар да кирет деген үмүтүн билдирди.

Доха шаарында өтчү бул маанилүү жыйынды Араб лигасы менен Евробиримдик каржылоодо. Президент Башар Асад башындагы режимге каршы козголоң былтыр мартта башталган. Оппозиция активисттеринин эсебинче, бүгүнгө чейин куралдуу калабада жаны зобун болгондордун саны 35 миңден ашып кетти.

Бүгүн Сирия оппозициянын жетекчи органы деп, сүргүндөгү Сирия улуттук кеңеши саналат. Анын уюткусун өлкөдөн эбак сүрүлүп чыккан түрдүү кыймылдар түзөт жана кеңеште өлкөдө 20 жылдан ашык убактан бери болбогон да мүчөлөрү бар.

АКШ Сирия оппозициясынын жетекчилигин өзгөртүүчү жана анын курамына Асаддын бийлигине каршы курал менен согушуп, кан төгүп жүргөндөрдүн да өкүлдөрү кирчү мезгил келди деп эсептейт. Бул жөнүндө мамкатчы Хиллари Клинтон шаршемби күнү Хорватиядагы сапары маалында билдирди:

- Сирия улуттук кеңеши оппозициянын бирден бир лидери боло албасын биз ачык түшүндүрдүк. Алар чоң оппозициянын бир бөлүгү боло алат. Оппозицияга Сириянын өзүндөгү адамдар жана башка мыйзамдуу добушу барлдар кириши лаазим. Алардын сөзү угулууга тийиш.

Хиллари Клинтондун айтышынча, Башар Асаддын режими кулатылгандан кийин кайсы бир жааттын үстөмдүк кылышына жол бербөө үчүн жаңы жетекчиликке өлкөдөгү түрдүү катмарлардын өкүлдөрү кирүү керек:

- Сириядагы ыңкылапты экстремисттердин “уурдап” кетүү аракетине катуу каршылык көрсөткөндөй оппозиция керек. Экстремисттердин репрессиячыл режимге каршы элдик көтөрүлүштү өз максатында пайдалануу үчүн Сирияга кирип жатканы жөнүндө кабатыр кылчу кабарлар бар.

Хиллари айым Дохадагы жыйын боюнча Евробиримдиктеги жана Араб лигасындагы коллегалары менен үздөй масилээттешип турганын, Сирия оппозициясынын курамына кирчү ысымдарды жана уюмдарды Вашингтон сунуш кылганын да кошумчалай кетти.

АКШ антиасадчыл адаватчыларды колдоорун, бирок каруу-жарактан көмөк көрсөтпөгөнүн айтып келет. Анткен менен АКШ өкмөтү Түркия, Сауд Арабиясы жана Катар менен бирге Сириянын алавит азчылыгынын режимин кулатуунун жактоочусу.

Башар Асад президенттикти 2000-жылы атасынан мурастап алган. Атасы Хафез Асад бийликти 1970-жылы төңкөрүш уюштуруп келген.

Орусия, Кытай жана Иран эл аралык күчтөрдүн Сириядагы кырдаалга кийлигишүүсүнө каршы. БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги вето укугун пайдаланып, Кытай жана Орусия үч ирет Асаддын режимине кысым көрсөтүү боюнча Батыш менен Араб лигасы чогуу сунуш кылган резолюцияны өткөрбөй коюшкан.

Орусия жана Франциянын тышкы иштер министрлеринин шаршемби күнкү Париждени кездешүүсү да тараптар Сириянын болочокку өткөөл өкмөтүнүн курамы боюнча эки башка көз карашта экенин көрсөттү. Москва Асад өткөөл өкмөттүн курамына кириш керек деп эсептейт. Париж башка Батыш өлкөлөрүндөй эле Асад бийликтен сөзсүз кетиш керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG