Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:28

Лавров Брахими менен кездешти


Сирия -- Оппозиция жоокери өкмөттүк күчтөргө карата ок атууда. Гарем шаары,31-октябрь, 2012.
Сирия -- Оппозиция жоокери өкмөттүк күчтөргө карата ок атууда. Гарем шаары,31-октябрь, 2012.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Сирия маселеси боюнча Египетте бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, оппозицияга болушуп жатат деп батыш өлкөлөрүн айыптады.

Сергей Лавров Каирге болгон сапарында Араб Лигасынын төрагасы Набил Элараби жана Сирия боюнча эл аралык атайын чабарман Лахдар Брахими менен кездешти. Министр Орусия Сириядагы кан төгүүнү токтотуу боюнча эл аралык бардык келишимдерди аткарып жатканын белгилеп, бирок Батыш өлкөлөрү сириялык оппозицияга ар тараптуу колдоо көрсөтүп, жаңжалды токтотуу аракетин көргөндүн ордуна Сирия режимин кулатууга жан үрөп жатат деп сынга алды:

Сергей Лавров Каирдеги жыйында. 2012-жылдын 4-ноябры.
Сергей Лавров Каирдеги жыйында. 2012-жылдын 4-ноябры.
- Менимче, бул жерде баары жөнөкөй. Сирия боюнча эмне жасашыбыз керек экендигин биз Женевада сүйлөшкөнбүз. Женевада бардык сырткы оюнчулар ич ара согушуп жаткандарга “жок” деп айтабыз деп макулдашканбыз. Орусия ошол келишимди аткарып, өкмөткө да, оппозицияга да бирдей мамиле жасоодо. Батыш өлкөлөрү болсо тескерисинче оппозицияны колдоп, согуша бергиле, силер жеңесиңер деп шыкактап жатат, - деди Лавров.

Министр жолугушуудан кийин өткөн маалымат жыйынында Москва Вашингтон менен Сириянын президенти Башар Асаддын режимин кулатуу боюнча жашыруун сүйлөшкөн деген каңшаар кепти четке какты.

Лавров менен болгон жолугушууда БУУнун жана Араб лигасынын Сирия боюнча чабарманы Лахдар Брахими Сирияда бейкүнөө каза болгондордун саны улам өсүп жатканына тынчсыздануу билдирип, кырдаалды аскерий кийлигишүү менен чечүү мүмкүн эместигин белгиледи. Брахиминин айтымында, жаатташкан тараптар бир пикирге келе албаса, анда Сириядагы кризис кошуна өлкөлөргө да таасирин тийгизет:

Лахдар Брахими
Лахдар Брахими
- Бейкүнөө адамдардын канын төккөн бул кагылыш эки тарапка тең жеңиш алып келбейт. Аскерий кагылыш менен кризистен чыгуу мүмкүн эмес. Мындай учурда тараптар саясий чечим кабыл албаса, кризистин кесепети жакынкы жана алыскы өлкөлөргө чейин жетет.

Араб Лигасынын төрагасы Набил Элараби Каирде өткөн сүйлөшүүлөр натыйжасыз болду деген баасын берди. “Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча конкреттүү чараларды көрчү маселе козголгон жок” - деди Элараби.


Оппозиция жанданды


Эл аралык коомчулук тараптарды элдештире албай убара тартып жаткан чакта, сириялык оппозиция Катарда жыйынга чогулуп бирдиктүү фронт түзүү боюнча сүйлөштү. “Сирия улуттук кеңеши” оппозициялык кыймылынын өкүлү Осама Монажед оппозициянын ортосунда олуттуу жарака кетти деген сөздөрдү четке какты.

Кыймылдын басма сөз катчысы Жорж Сабра:


Сириялык оппозициянын жыйыны. 2012-жылдын 23-сентябры.
Сириялык оппозициянын жыйыны. 2012-жылдын 23-сентябры.
- Биз - Сириянын Улуттук кеңеши башка оппозициялык кыймылдар менен өлкөдөгү режимдин кулашын тездетүүгө жана эркиндик менен демократияга өтүү мезгилинде кандай милдеттерди аткаруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышууга чечим кабыл алдык.

Сирияда он тогуз ай мурун башталган оппозиция менен бийликтин куралдуу кагылышынан өлгөндөрдүн саны 30 миңден ашканы кабарланууда. Өлкөнү таштап качкын болуп кеткендер 450 миңге чукулдайт.

Сирияда бүгүн да жардыруулардан ондогон адамдар набыт болду. Аскердик бекеттин жанында жанкечтинин жардыруусунан 50 жоокер каза болгону айтылууда. Ушул эле күнү Идлиб чөлкөмүндө 20 адам, Дамасктагы жардырууда 11 адам мерт кетти.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG