Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:32

АКШ менен Орусия кайым айтышууда


Орусияда жасалган танк Сириядагы шаардын көчөсүндө, 13-июнь, 2012-жыл
Орусияда жасалган танк Сириядагы шаардын көчөсүндө, 13-июнь, 2012-жыл

Орусия менен АКШ Сириядагы согуштун айынан 13-июндан бери бири-бирин айыптап жатат.

Вашингтондо мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон Орусияны Сириядагы президент Башар ал-Асаддын режимине аскерий тик учактарды жөнөтүүдө деп кайрадан айыптады.

"Азыр Орусиядан Сирияга карай аскерий тик учактар жөнөтүлүп жатканын уктук. Бул бизди өзгөчө тынчсыздандырды. Анткени ал абалды андан бетер курчутат", - деди Клинтон.

Хиллари Клинтон, андан сырткары, “Сирия менен курал-жарак боюнча сооданы токтотуу” жөнүндө эл аралык коомчулуктун суранычтарына расмий Москва кулак салбай жатканына да көңүлү калганын айтты.

- Биз Орусияны Сирия менен курал-жарак соодасын толугу менен токтотууга, мындан ары ага жардам бербөөгө бир канча жолу чакырдык. Алар болсо дагы эле куралдарды жөнөтүп жатышканын ырасташты. Андыктан абал жакшырбай, кайра эле граждандык согуштун абалында калып жатат. Мына ушундай учурда бүтүн эл аралык коомчулук, анын ичинде Орусия менен Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин бүт мүчөлөрү, Асадга ачык эле “кан төгүүлөрдү токтот!” деген сөзүбүздү айтышыбыз керек. Зомбулук токтотулуп, Кофи Аннандын тынчтык планына кайтышыбыз керек, андан ары саясий жетекчиликти башкаларга өткөрүү тууралуу ойлоно алабыз.

Бирок орус тышкы иштер министри Сергей Лавров тик учактарга байланышкан кабарды четке кагып, Орусия расмий Дамаскка абадан коргонуу системасын сатуу тууралуу буга чейинки келишимдер эл аралык мыйзамдарга каршы келбей турганын билдирди.

- Сириягабы, башка жаккабы, айтор, тынч демонстранттарга каршы колдонулчу куралды биз эч кимге сатпайбыз. Ошол эле АКШдан айырмаланып, биз андай максатта курал жибербейбиз. АКШ болсо жакында эле Перс булуңундагы мамлекеттердин бирине ушундай куралдарды жиберди. Бирок аны катардагы эле нерсе деп эсептешет. Биз андай максатта курал жибербейбиз. Сирияга берген куралыбыздын баары непада Сирияга сырттан чабуул болуп калса гана керек боло турган куралдар.

14-июнда Лавров Ооганстанда Британиянын тышкы иштер министри Уилиям Хейг менен жолукканы жатат. Сөз Сирияда Улуттар уюму менен Араб лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннандын тынчтык планына “аткарылышы зарыл” деген статус берүү жөнүндө болоору, Орусия ага каршы экени айтылууда. Мындай демилгени Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус көтөргөн эле.

Эгер планга андай статус чындап берилсе, анын талаптары аткарылбаган учурда Сириядагы кырдаалга сырттан кийлигишүүгө укук берилиши мүмкүн. Бирок Лавров Коопсуздук кеңешинде вето укугуна ээ Москва буга жол бербей турганын даана эле айтканы бар, расмий Бээжин да ушундай эле позицияны карманат деп күтүлүп жатат.

АКШ менен Орусиянын ортосунда “мына эми тутанып кетет экен” делинип жаткан дипломатиялык жаңжалга айрым маалымат булактарында келтирилген Лавровдун сөзү да май чачкандай эле болду окшойт.

Аларда орус тышкы иштер министри Вашингтонду “Сириядагы оппозицияны курал менен камсыздап жатат” деген айыптаганы айтылган. Бирок кийинчерээк бул сөзүн Лавров оңдоп, ал болгону “АКШ Жакынкы Чыгышка гана айрым куралдарды жибергенин айтканын” билдирди.

Кандай болгон күндө да Клинтон “Кошмо Штаттары сириялык оппозицияга курал берди” деген өңдүү кептин баарын жокко чыгарды.

Ал арада Сириянын өзүндө бир аптага созулган атышуулардан кийин Хаффехте өкмөттүк аскерлер региондогу көзөмөлдү колго алышканы айтылууда.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG