Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:59

Башар Асад: Сирия тышкы кол салууга тушукту


Сирия -- Президент Башар Асад парламентте сөз сүйлөп жатат. Дамаск, 3-июнь, 2012.
Сирия -- Президент Башар Асад парламентте сөз сүйлөп жатат. Дамаск, 3-июнь, 2012.

Сириянын президенти Башар ал-Асад жекшембиде парламентте сөз сүйлөдү.

Парламенттеги сөзүн Асад «шейит кеткен жарандарды жана аскерлерди» эскерүүдөн баштады. Ал Сирияга сырттан интервенция болуп жатат деп ырастады:

- Биз терроризм дегенде ички саясий кырдаалды гана айтпай турган абалга жеттик. Биз азыр сырттан нагыз интервенцияга туш келип жатабыз.

Асад Хула кыргынына өкмөттүн тийешеси жок экендигин баса белгилеп, аны «карөзгөй кылмыш» деп мүнөздөдү:

- Чындыгында эң зөөкүрлөр да мындайга бармак эмес. Арабдар эле эмес, жалпы эле адам баласынын мындай канкордукту сүрөттөөгө тили жетпейт болуш керек.

Асад өлкө оторчулук аяктагандан кийинки эң оор мезгилди башынан өткөрүп жатат деп ырастап, жумушсуз сириялыктарды өкмөткө каршы демонстрацияларга акы төлөп чыгарып жатышат деди. Асаддын сөзү анын буга чейинки козголоң үчүн террористтерди айыптаган мазмундагы сөздөрүнө үндөшүп турду.

Бул Асаддын Хула аймагында мындан бир жума мурда 100дөн ашык киши өлтүрүлгөндөн кийин эл алдында биринчи жолу сүйлөшү. Курмандыктардын арасында ондогон аялдар, жаш балдар болгон эле. Бириккен Улуттардын Сириядагы байкоочулары бул кыргын үчүн өкмөтчүл Шабиха уюшмасынан катуу шек санап жаткандыгын айтууда.

Асад өкмөт колдогон саясий диалог уланып жаткандыгын белгилеп, бирок өкмөт сүргүндөгү оппозиция өкүлдөрү менен сүйлөшпөй тургандыгын эскертти:

- Саясий жараянда жылыш бар, бирок терроризм улам күч алып жатат. Алар башында бир гана бийлик партиясы болгондуктан ушуга жеттик дешкен. Андан бери партиялар тууралуу мыйзам чыгардык, анан эми конституциянын Баас бийлик партиясына саясий монополия берген сегизинчи беренени сындашты. Биз ал беренени да алып салдык, башка сындалган жагдайларды өзгөрттүк. Ошого деле болбой, кырдаал өзгөргөн жок.

Парламенттик шайлоо көп партиялуулукка жол ачкан конституция референдум аркылуу өзгөртүлгөндөн кийин 7-майда өткөн. Оппозициячыл партиялар шайлоого катышуудан баш тарткан.

Анын аралыгында оппозициянын активисттери жекшемби күнү президент Асад парламентте сүйлөп жатканда Сирия боюнча беш кишинин өлтүрүлгөнүн айтып чыгышты.

Оппозициядагы Жергиликтүү координациялоо комитетинин билдиришинче, беш киши Алеппо, Хомс, Хама дубандарына өлтүрүлдү. Лондондо жайгашкан Сириядагы Адам укуктарын көзөмөлдөө уюмунун кабарлашынча, мындан тышкары Дамаскиде жана Алепподо эки жардыруу болду. Уюмдун маалыматына ылайык, Алепподогу жардырууда бир нече киши жараат алды. Ал эми Дамаскиде президент парламентте сүйлөп жатканда Тадамун аймагында жардыруунун добушу угулду.

Сириядан келип жаткан кабарларды көз карандысыз булактардан тактоо кыйын, себеби өкмөт былтыр март айында толкундоолор башталгандан бери бардык чет элдик маалымат каражаттарына тыюу салган.

XS
SM
MD
LG