Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:34

Сирия: Дипломатиялык аракеттер күч алууда


БУУ жана Араб Лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннан (солдо) жана эл аралык байкоочулар миссиясынын жетекчиси генерал Роберт Муд. 28-май, 2012-жыл, Дамаск
БУУ жана Араб Лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннан (солдо) жана эл аралык байкоочулар миссиясынын жетекчиси генерал Роберт Муд. 28-май, 2012-жыл, Дамаск

БУУ жана Араб Лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Кофи Аннан дүйшөмбүдө Дамаскиге барды.

Сириядагы кырдаал Москвадагы жолугушууда да талкууланды. Анын алдында Коопсуздук кеңеши Асад режимин Хула шаарындагы кыргын үчүн айыптаган.

Хула шаарчасында жума жана ишемби күнкү аткылоодон кеминде 108 киши набыт кеткенден кийин Сириядагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык аракеттер күч алды.

БУУ жана Араб Лигасынын чабарманы Кофи Аннан шейшембиде Дамаскта президент Башар Асад менен жолугушканы жатат.

Сириядагы кризис ошондой эле дүйшөмбүдө Москвада британ тышкы иштер министри Уильям Хэйг жана орус тышкы мекемесинин жетекчиси Сергей Лавровдун кездешүүсүндө талкууланды.

- "Сирияда бийликте ким турганы биз үчүн маанилүү эмес. Кандай режим болбосун, биз үчүн зордук-зомбулукка чекит коюу, адамдардын, биринчи кезекте жайкын тургундардын өлүмүн алдын алуу жана ички саясий диалогдун башталышы маанилүү", - деди Сергей Лавров.

Жекшембиде Улуттар уюмунун байкоочулары Хулада шейит кеткендердин 49 балдар, 34 аялдар болчу деп маалымдашты. "Курман болгондордун көбү артиллерия жана танктардын аткылоосунан ажал тапкан, андыктан кыргынга Сирия өкмөтүнүн армиясы катышкан деп болжолдоого негиз бар", - деп айтылды БУУнун Коопсуздук кеңешинде.

Кеңеш кыргынды айыптаганы менен Сирия режимине каршы резолюция кабыл алынган жок. Буга чейин Орусия жана Кытай жаңжал үчүн жоопкерчиликти Асад өкмөтүнө жүктөө аракеттерине вето коюп келишкен.

Жекшемби күнкү билдирүүнү Азербайжандын БУУдагы элчисинин орун басары Тофик Мусаев окуду:

- Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү Хомс шаарынын жанындагы Хула кыштагында ондогон эркек, аялдардын жана балдардын өлтүрүлүшүн, жүздөгөн адамдардын жарадар болушун катуу айыптайт. Бул маалыматты БУУнун байкоочулары тастыкташты. Жайкын тургундар жашаган чөлкөмдөрдү аткылоого өкмөттүк артиллерия жана танктар тартылган.

Коопсуздук кеңеши ошондой эле бейкүнөө адамдарга “жакын арадан” ок чыгаруу фактысын айыптады. Бирок андай чабуулдардын артында ким турганы айтылган жок.

Сириянын БУУдагы өкүлү Башар Жаафари Хуладагы окуя үчүн күнөөнүн бардыгын өкмөткө жүктөө - Дамаскка каршы буга чейин айтылып келаткан “чоң калптын” бир бөлүгү деп, кан төгүү үчүн террористтерди айыптады:

- Бир нече мүнөт мурун кеңештин кээ бир мүчөлөрү тарабынан айтылган “калптын ири толкунун” биздин өкмөтүбүздүн атынан айыптаймын. Алар менин өкмөтүмө тагылган күнөө фактыларга негизделген деп силерди адаштырып жатышат. Бул - жалган, алар силерди адаштырышууда.

Бирок бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү Хуладагы кыргын үчүн Дамаск өкмөтү жооптуу экени күмөн туудурбайт дешет.

Ал тапта оппозициядагы Революциялык кеңеш жекшембиден бери Хама шаарында армиянын чабуулдарынан кеминде 40 киши окко учканын билдирди. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тарабынан ырастоо мүмкүн боло элек.

Сирияда иштеп жаткан байкоочулардын арасында Кыргызстандын 7 өкүлү да бар. Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар жана коопсуздук департаментинин директорунун орун басары Нуран Ниязалиев "Азаттыкка" маалымдаганына караганда, коргоо, ички жана өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрүнөн куралган топ 7-майда Сирияга жөнөп кеткен. Алардын бардык чыгымдарын БУУ көтөрөт. 29-майда Улуттар уюмунун бейпилдикти орнотуучуларынын күнү белгиленет. Кыргызстан дагы эл аралык тынчтыкты орнотуучулардын миссиясына катышып келет.

XS
SM
MD
LG