Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:12

10-май: Президент Жапаров алтын тууралуу айтты, Рахмон менен Путин жолугушту


Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон менен Орусиянын президенти Владмир Путиндин Москвадагы жолугушуусу. 9-май, 2024-жыл
Тажикстандын лидери Эмомали Рахмон менен Орусиянын президенти Владмир Путиндин Москвадагы жолугушуусу. 9-май, 2024-жыл

10-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болду? “Азаттык” күндүн башкы жаңылыктарын тизмектейт.

Садыр Жапаров алтын тартылган видео жана агасы жөнүндө сөздөргө комментарий берди

Жапаров "Кабар" агенттигине берген интервьюда өкмөт иштеткен бардык алтын кендерге, Кара-Балтадагы аффинаж заводуна видео-камералар коюлганын, баары онлайн режимге келтирилип, тыкыр көз салынып турарын, ал жактан алтын чыгарып кетүү же уурдоо мүмкүн эмес экенин белгиледи. Ал ошондуктан интернетте тараган видеону “жалган” деп атап, коомчулукту ага ишенбөөгө чакырды.

Сүлүктү шаарынын мэри өзү аралашкан мушташ жөнүндө маалымат берди

Мэр Болот Абдыжапаров социалдык тармактарда тараган маалыматтар боюнча Фейсбуктагы баракчасында пост жазып, эки күн мурунку окуяга капыстан туш келгенин айтты. “Мага жалган жалаа жапкан адамдар Сүлүктү шаарындагы көмүр мафиясы экени ачык-айкын көрүнүп турат. Биз бир айдын ичинде таразаны ишке берип, Сүлүктүдөн чыккан көмүрдүн реалдуу көлөмүн аныктайбыз!” – деп жазды Абдыжапаров. Мунун алдында жергиликтүү активист Асель Набиева Фейсбукта: “Сүлүктүнүн мэри Болот Абдыжапаров мектептин окуучуларын сабады! Биздин мэр - Баткендин облпрокурорунун иниси! Прокуратура, бул кылмышты жапкан уят иш! Курманкул Зулушев, чара көрүңүз!” - деп жазган болчу.

Акыйкатчы Аскер прокуратурасынан жоокерлердин укугун коргоону талап кылды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева катардагы жоокерлер менен офицерлердин укуктарын камсыздоо жана саламаттыгын сактоо маселесин көтөрдү. Маалыматка ылайык, быйыл жылдын алгачкы кварталында Аскер прокуратурасына 16 билдирүү жөнөтүлгөн. Аскер бейтапканасына №73809 аскер бөлүгүнөн 10 жоокер кайрылган. Омбудсмен институтунун мониторингинде аныкталгандай, 15 аскер кызматкери кабыргалары сынып, колу-бутунан жараат алып, түрдүү травматикалык контузия жана башка жаракаттар менен кайрылышкан. Эки жоокер ийне жутуп алгандыктан аскердик госпиталга түшкөн."Айрым катуу ур-токмокко кабылган жоокерлер да ал окуя тууралуу айтуудан баш тартышат. Алардын укуктарын камсыздоо тиешелүү мамлекеттик органдардын көңүл чордонунда болушу керек”, - деп билдирген Жаманбаева.

Армиядан качкан 11 миң украин жараны Румынияга мыйзамсыз киргени кабарланды

Румыниянын чек ара полициясы билдиргендей, 18ден 60 жашка чейинки украиналык эркектер дароо эле румын бийлигинен башкалка сураган. Чек араны кесип өтүп жатып 19 адам набыт болгону кабарланды. Алардын 11и Украина менен Румыниянын ортосундагы Тиса дарыясына чөгүп кеткен. Украин парламенти мобилизациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырган. 2-апрелде украин президенти Зеленский аскерге мобилизациялоого 27 эмес, 25 жаштан алуу тууралуу мыйзамга кол койгон. Украина 2022-жылдын февраль айынан бери Орусиянын толук масштабдуу кол салуусуна каршы согушуп келет.

Грузияда дагы эки оппозициячыл активист сабалды

Белгисиз адамдардын ур-токмогуна бул ирет “Гирчи - көбүрөөк эркиндик” партиясынын мүчөсү Борис (Челе) Куруа жана “Бирдиктүү улуттук кыймыл” партиясынын өкүлү Нодар Чачанидзе кабылды. 8-майга караган түнү эл аралык алакалар боюнча эксперт Гия Жапаридзе, “Улуттук кыймыл” партиясынын мүчөсү Дмитрий Чиковани жана активист Лаша Гвинианидзе дагы ур-токмокко кабылган. Грузиянын ички иштер министри Вахтанг Гомелаури үч факты боюнча кылмыш иши козголгонун 9-майда маалымдады. Ал кол салуунун бардык түрүн айыптарын кошумчалады. Андан тышкары полиция 9-майда “чет элдик агент” мыйзамына каршы Тблисиде нааразылык акциясына чыккандардын арасынан жети кишини кармап кеткени маалым болду. Талаштуу долбоор 17-майда парламентте үчүнчү окууда каралат.

Рахмон менен Путин Орусиядагы мигранттар маселесин талкуулашты

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Орусиянын лидери Владимир Путин менен 9-майда Кремлде жолукту. “Бул биз үчүн абдан аярлуу жана эң негизги темалардын бири”, - деди тажик лидери. Орусияда "Крокус Сити Холлдогу" 22-мартта болгон кандуу калабадан кийин тажик мигранттарын текшерүү, депортациялоо, куугунтук күч алган. Буга терактты уюштурууга байланышы бар деп кармалгандардын көбү тажик тектүү экени түрткү болду.

Орусия менен Казакстандан кийин Кыргызстан да кумшекер экспортоону чектейт

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги Министрлер кабинетинин “Айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө” токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Токтом долбоорунда кумшекерди Евразия Экономикалык Бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагынан тышкары ташып чыгууга быйыл 31-августка чейинки мөөнөткө убактылуу тыюу салуу сунушталды. Орусия 3-майдан тартып, Казакстан 7-майдан тартып ЕАЭБ өлкөлөрүнөн сырткаркы мамлекеттерге кумшекерди экспорттоого тыюу салды.

Бразилияда суу ташкын 100дөн көп адамдын өмүрүн алды

Бразилиянын түштүгүндөгү суу ташкыны кеминде 107 кишинин өмүрүн алды, дагы 136 адамдын дайыны белгисиз. Аларды издөө-куткаруу иштери уланууда. Риу-Гранди-ду-Сул штатынын 165 миңден ашуун тургуну суу ташкындан улам үй-жайын таштап, коопсуз жакка чыгып кетүүгө аргасыз болушту. Штатка алып барчу көпүрөлөр талкаланып, жол каттамы үзгүлтүккө учурады. Аймак борборунда талап-тоноочулук күч алды.

"Азаттыктын" бул жана башка жаңылыктарын Telegram жана WhatsApp платформаларынан да окуп туруңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG