Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:39

Жамгырчиев мандатын тапшырды, Абакиров депутат болду


"Альянс" партиясынын тизмеси менен шайланган экс-депутаттар Фарходбек Алимжанов менен Эмил Жамгырчиев
"Альянс" партиясынын тизмеси менен шайланган экс-депутаттар Фарходбек Алимжанов менен Эмил Жамгырчиев

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 2-февралда Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынан шайланган депутат Эмил Жамгырчиевдин мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Ушул эле жыйында Элдар Абакиров менен Айсулуу Мамашова аталган фракциянын өкүлдөрү катары мандат алышты.

БШК ошондой эле Токтобүбү Оргалчаны "Альянс" партиясынын тизмесинин чыгарды. Жамгырчиев өткөн айда "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген айып менен козголгон кылмыш ишинин алкагында камалып, кайра үй камагына чыкты.

БШКнын билдиришинче, мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу үй камагына чыккан Эмил Жамгырчиев өзү арыз жазган. Аталган мекеменин шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын жетекчиси Төлөгөн Айтикеевдин маалыматында, Токтобүбү Оргалча дагы "Альянс" партиясынын шайлоо тизмесинен чыгаруу өтүнүчү менен өзү кайрылган.

"Жогорку Кеңештин депутаттыгына Альянс" партиясынан катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу тууралуу Токтобүбү Оргалчадан БШКга арыз түштү. Бүгүн "Альянс" фракциясынан депутат Эмил Жамгыриевден ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызы келди. Анын арызы да БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын катышуусунда кабыл алынды", - деди Айтикеев.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев 27-декабрда парламенттен Жамгырчиевди "чек арадан мыйзамсыз өткөн" деген негизде козголгон кылмыш ишинин алкагында жоопко тартууга уруксат сураган. Депутаттык комиссия 9-январда макулдук берген. Жамгырчиев ошол күнү фракциялашы Нулифар Алимжанованын иш бөлмөсүндөгү терезеден качып кеткени белгилүү болгон. Бир күндөн кийин парламент Жамгырчиевди жоопко тартуу жөнүндөгү депутаттык комиссиянын чечимин колдогон.


Парламентте атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев Жамгырчиевге мыйзамсыз чек арадан өткөнүнө байланыштуу Өзбекстанда дагы кылмыш иши козголгонун айткан. Ал депутат "Салимбай байбачага" кат жазганы аныкталганын билдирип, чек арадан мыйзамсыз өткөнүнө байланыштуу камалбасын белгилеген.

Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Жамгырчиев 24-январда камалган. Атайын кызмат бир күндөн кийин түшүндүрмө таратып, депутат коңшу өлкөлөрдүн бирине "качып кетүүгө камданып жатканы" тууралуу ыкчам маалымат түшкөнүн билдирген. Ошондон бери Жамгырчиев жана анын жактоочусу, жакындары комментарий бере элек.

Соңку парламенттик шайлоодо "Альянс" фракциясында мандат бөлүштүрүү жөнүндө БШКнын чечимине байланыштуу талаш чыккан. Боршайком анда партиялык тизме менен шайланып келген талапкерлер арасында 30% гендердик квота кандай сакталары тууралуу жобосун чукул өзгөрткөн. Анын негизинде "Альянстагы" жети мандаттын үчөөнү аялдарга берип, Жанар Акаевдин ордуна Токтобүбү Оргалчаны депутат кылып каттаган. Бул коомчулукта талаш-талкуу жараткан жана сот БШКнын чечимин мыйзамсыз деп тапкан.


Оргалча Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган автобустары бар "Шыдыр Жол KG" ишканасынын ээси катары белгилүү болуп келген. Ал 1972-жылы Кытайда төрөлгөн этникалык кыргыз. Учурда Кыргызстандын жараны.

Буга чейин журналисттер 2020-жылы Октябрь окуяларынын тушунда Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөн автобустар "Шыдыр Жол KG" ишканасыныкы экенин иликтеп чыккан.

2021-жылы июнь айында Бишкек шаарында жүргүнчү ташыган кичи автобустардын айдоочулары иш таштап, Айгүл Жапарова жетектеген, ошол маалда "Үмүт булагы" фонду 20 автобусту жүргүнчүлөрдү бекер ташууга чыгарган. Аталган фонд кийинчерээк автобустарды "Шыдыр Жол KG" ишканасынан ижарага алганын билдирген.

Өткөн жылы Токтобүбү Оргалча алдамчылыкка шек саналып кармалып, үй камагына чыкканы белгилүү болгон.

БШКнын 2-февралдагы жыйынында "Альянс" партиясынын тизмесиндеги Элдар Абакиров менен Айсулуу Мамашова депутат болуп катталды. Буга чейин аталган фракциядагы бош мандаттардын бири Абдувахап Нурбаевге тиери айтылып жаткан.

БШКнын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мырзабек Таалайбеков жети мандат алган фракцияда үч орун аялдардыкы болушу керек деген токтом күчүндө экенин айтып, Мамашовага мандат берилген себебин түшүндүрдү.

"Бишкек шаардык административдик сотуна "Альянс" партиясы кайрылып, БШКнын 2021-жыл, 15-декабрдагы "Альянс" фракциясындагы жети мандаттын үчөөнү аялдарга берип, ошондой эле Токтобүбү Оргалчаны депутат кылып каттаган токтомун жокко чыгарууну талап кылган. Биринчи талап боюнча иш өзүнчө бөлүнүп алынган. Экинчи талап боюнча Бишкек шаардык административдик соттун чечими чыгып, Токтобүбү Оргалчанын ордуна Жанар Акаев мандат алган. БШК "Альянстын" биринчи талабы боюнча доо арыз жазып, 2022-жылы 23-мартта сот аны канааттандырган чечим чыгарган. Бул соттук актыга каршы арызданган тарап болгон эмес".


Жогорку Сот "Альянс" партиясынын тизмеси менен шайланган, дипломуна байланыштуу талаш чыккан Фарходбек Алимжановдун мандатынан ажыраткан БШКнын чечимин мыйзамдуу деп тапкан.

БШК Алимжановдон сырткары "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын депутат Фархат Исмаиловду да дипломдоруна байланыштуу чыккан талаш-тартыштардан улам былтыр июлда мандатынан ажыраткан. УКМК 2022-жылы жазында аталган эки депутаттын дипломдору жасалма экенин билдирген жана экөө тең дооматтарды четке кагып келген.

"Альянс" партиясын саясатчы, Жогорку Кеңештин бир канча чакырылышынан депутат болгон Алтынбек Сулайманов түптөгөн. Ал депутат болуп турган кезинде, 2022-жылы февралда өкмөткө барып, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган, бирок жарым жылдан кийин иштен кеткен. Анын себебин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы реформа болбой жатканы менен негиздеген. Президенттин ошол кездеги басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев анын дооматтарын четке каккан.

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков "Альянс" партиясы шайлоого аттанганда тизмесине либерал катары сыпатталып келген жаштарды сүрөп чыкканы менен, бир катар чуулуу, күмөндүү иштерде аты аталган адамдарды да кошуп алганын белгиледи.

Мавлян Аскарбеков.
Мавлян Аскарбеков.

"Азыркы чабал парламентте "Альянс" салыштырмалуу жакшыраак партиялардын бири деп айтсак болот. Башында идеясы жакшы эле. Бул партия прогрессивдүү жаңы муундун өкүлдөрүн бириктирүүгө аракет кылган. Бирок "бир кумалак бир карын майды чиритет" дегендей, арасына коррупциялык иштерде аты аталган адамдарды дагы кошуп алганын да шайлоо убагында айткам. Ошол эле Жамгырчиев тууралуу дагы айткам. Азыр эми бул фракциянын айланасында болуп жаткан окуялар түшүнүктүү эле. Салыштыруу үчүн айтсам, бийликчил, бийликти толугу менен колдогон фракцияларда мындай маселе болгон жок. Ошол эле "Бүтүн Кыргызстан" жана "Альянс" ачык оппозиция болбосо дагы, кээ бир депутаттар кайсы бир маселелерде позициясын ачык билдирип келгени үчүн ушундай мамилеге кабылууда деген ойдомун. Башка фракциялардагы айрым депутаттарды деле көрүп жатпайбызбы. Чуулгандуу иштерде аты аталса деле, териштирилбей, депутат бойдон калууда".

Соңку шайлоодо "Альянс" партиясы 107 миң добуш алган жана ал жалпы добуштардын 8,35% түзгөн.

Жогорку Кеңештин азыркы, жетинчи чакырылышында алты фракция, эки депутаттык топ бар. Азыркы курамы 2021-жылы 29-декабрда ишке киришкен, 90 депутаттан турат. Алтынчы чакырылышта 120 депутат болгон.

Октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин тушунда Баш мыйзам кайра өзгөртүлүп, өлкө референдум жолу менен президенттик башкарууга өткөн жана парламенттин ролу менен ыйгарым укуктары кыйла кыскарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG