Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:49

Оштогу шайлоо: Таарынычын так айтпаган Маматов


Парламенттик шайлоодогу добуш берүү
Парламенттик шайлоодогу добуш берүү

Кара-Суу бир мандаттуу округунда мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан парламенттик шайлоодогу талапкерлердин бири “тоскоолдуктардан улам” жарыштан чыкканын Фейсбукка жазды. Бирок ким тоскоолдук кылып жатканын ачык айткан эмес. 28-апрелде өлкөнүн түштүгүндөгү бир мандаттуу үч округда шайлоо өтөт.  

Кара-Суу шайлоо округу боюнча мөөнөтүнөн мурда өтчү шайлоого талапкер болуп арыз бергендердин бири Руслан Маматов жарыштан баш тартты. Мындан башка калган эки округда дагы талапкерлер арасында баш тартуунун жол-жобосун сурагандар бар экенин Борбордук шайлоо комиссиясынын Оштогу өкүлү Дыйкандай Даминов билдирди.

“Кара-Суу округунан талапкер Руслан Маматов өз каалоосу менен келип арыз жазып кетти. Андан башка талапкерлер да келип сурашты. 100 миң сом күрөө бар да. Эгер арыз жазсак каражат кайтабы деп сурап жатышат. Ал эми Руслан Маматов өз каалоом менен деп эле арыз жазды. Арыз жазууга эмне негиз болгону боюнча бизде маалымат жок”, - деди БШКнын өкүлү.

Руслан Маматовдун фейсбук баракчасындагы билдирүүсү
Руслан Маматовдун фейсбук баракчасындагы билдирүүсү

Боршайкомдун өкүлү "өз каалоосу менен арыз жазды" дегени менен Маматов 17-апрелде социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, шайлоо өнөктүгүндө тоскоолдуктар болуп жатканын айткан. Бирок ал кимдер тарабынан кандай тоскоолдук болуп жатканын ачык жазган жок.

Маматов буга чейин Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген. Ал 2020-жылдагы Октябрь окуяларында өзүн аким жарыялап, Кара-Суу райондук админстрациясын ээлеп алганы жалпыга маалым.

Маматовдун өзү менен шайлоого катышуудан баш тарткан себебин билели деп байланыша алган жокпуз.

Ош, Кара-Суу жана Баткен бир мандаттуу шайлоо округдарында үгүт иштери жүрүп жатат.

Ош округу боюнча 14 талапкер ат салышууда. Талапкерлердин үстүнөн милицияга жана аймактык шайлоо комиссиясына арыз-даттануу түшкөн эмес. Ош шаарындагы шайлоого байкоо салып жаткан Нурлан Капаров бул жолу өнөктүккө элдин кызыгуусу солгун экенин айтты.

“Буга чейинки шайлоодо автоунааларды, автобустарды жалдап, баарын чогултуп, шайлоого алып барган учурлар болгон. Андай шарт түзүп, шайлоого алып барабыз дегендерди укпай жатам. Бул жолу андай көрүнүштөр азырынча жок”.

28-апрелде өлкөнүн түштүгүндөгү 3 округда шайлоо өтөт
28-апрелде өлкөнүн түштүгүндөгү 3 округда шайлоо өтөт

№2 Баткен округунан 10 талапкер ат салышууда. Буга чейин талапкерлер меморандумга кол коюшуп, мыйзамдуу атаандашууну шерттешкен. Чек-арага жакын аймактагы шайлоо өнөктүгү тууралуу Баткендин мурдагы акими Хайит Айкынов буларга токтолду.

«Талапкерлер арасында меморандум түзгөн элек. Ал жакшы жыйынтык берди. Мен ак сакал катары катыштым. Азырынча шайлоо өнөктүгүндө талапкерлердин ортосунда анчейин аттандаштык жок. Баары эле шайлоо комиссиялары уюштуруп берген чогулуштарга барып жатат. Бирок элдин бул жолку маанайы жалпы шайлоого салыштырмалуу начар деп айтсак болот».

Ал тапта Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Шамалды-Сай шаарында чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшыруу иш-чарасында Жогорку Кеңешти мыйзамсыз иштерге аралашкан депутаттардан “тазалоо” иштери жүрүп жатканын билдирип, талапкерлерге кайрылды.

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

«Урматтуу кандидаттар, эгерде кимдир бирөөңүздөр элди дагы сатып алайын деп же болбосо элди дагы алдап добуш алайын деген аракеттериңиздер болсо, биз мыйзам чегинде чара колдонобуз. Мындан ары шайлоолор таза болушу керек. Таза адамдар шайланып барышы керек. Жогорку Кеңеште болобу же болбосо мамлекеттик кызматта болобу таза адамдар иштеши керек. Бирөө бирөөгө жардам берип же мамлекеттик кызматкерлер жардам берип, шайлоого катышпаш керек», - деп эскертти Ташиев.

№9 Кара-Суу округунан 11 талапкер ат салышып жатат.

Ош бир мандаттуу округунан шайланган депутат Айбек Осмонов мандатын өз эрки менен тапшырганы кабарланган. Кара-Суу округунан шайланган экс-бажычы, ири коррупциялык система түзгөнүн мойнуна алган Райымбек Матраимовдун бир тууганы Искендер Матраимов да өз ыктыяры менен мандатын тапшырган. Ал эми Баткен округунан шайланган Нурлан Ражабалиев мындан үч жыл мурда Райымбек Матраимов менен бирге “Коррупция” беренесинин негизинде соттолгон.

Матраимовдордун кармалышы, коррупцияга каршы күрөш
please wait

No media source currently available

0:00 1:03:33 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG