Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:01

Сочи: Коопсуздук жана кумсалардын укугу


Ачылуу алдында турган Сочи Олимпиадасын утурлай эл аралык коомчулуктан жогорку деңгээлде көтөрүлгөн эки маселе адам укуктары жана коопсуздук болду.

Олимпиада жуп ачылар алдында Кошмо Штаттар Орусияга каттаган авиакомпанияларга террорчулар жардыруучу заттарды тиш пастанын кабына катып алып өтүү коркунучу бардыгын эскертти. Ал эми БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун кумсаларды кысмактоону жана кодулоону айыптап чыкты.

Пан Ги Мун бейшембиде, Сочиде Эл аралык Олимпия комитетинин жыйынында сөз алды:

- Олимпиада оюндары спорттун адамдардын жашы менен расасына, классына, динине жана жөндөмүнө, жынысына жана сексуалдык багытына, гендердик өзгөчөлүгүнө карабай бириктирүүчү күчүн көргөзөт. Олимпиада бизге ар адамдын укугун ал кайдан келгенине, кимди жакшы көрөрүнө жана кандай экенине карабай урматтоого мүмкүндүк берет. Мен бул Олимпиада да, адамдардын баары сексуалдык багытына карабай, достукту жана өз ара сый - урматты сезип, олимпиадалык кыймылдын духунда атаандаша алат деп үмүттөнөм.

БУУ башкатчысы Пан Ги Мун жана ЭОК президенти Томас Бах Сочиде. 6-февраль, 2014-жыл.
БУУ башкатчысы Пан Ги Мун жана ЭОК президенти Томас Бах Сочиде. 6-февраль, 2014-жыл.
БУУ башкатчысы Орусияны түздөн-түз атаган жок, бирок салттуу эмес сексуалдык байланышты карманган адамдарды кодулоо жана кысмактоо көрүнүштөрүн айыптап, аларга карата кол салууларга чечкиндүү түрдө каршылык билдирүү керектигин кошумчалады.

Орусиянын Сочи Олимпиадасын утурлай салттуу эмес сексуалдык байланыштарды “пропагандалоого” каршы деп кабыл алынган мыйзамы эл аралык коомчулукта кескин сындалган эле. Сынчылар бул мыйзамды Олимпиаданы конок ээси болуп жаткан өлкөнүн адам укуктарына олуттуу шек келтирүүсү катары баалашкан.

Адам укугун коргоочу уюмдар жана Батыш өлкөлөрү мыйзамдын дискриминациялык мүнөзүнө жана документтин жоболору кумсалардын укугун ачык коргогондорду да жазалоо үчүн колдонулуусу мүмкүндүгүнө басым жасашкан. Орус бийликтери "мыйзам менен гомосексуализим идеяларын балдар арасында пропаганда кылууга тыюу салууну гана көздөдүк" деп ырасташса, активисттер Олимпиаданы бойкоттоого чейин чакырышкан.

Бейшембиде Олипиаданын ачылышын утурлай орус өкмөтүнүн вице - премьери Дмитрий Козак Сочи Олимпиадасына келген спортчуларга жана конокторго кайрадан эскертүү бергендей болду.

Адлер аэропортундагы күзөт. Сочи, 6-февраль, 2014-жыл.
Адлер аэропортундагы күзөт. Сочи, 6-февраль, 2014-жыл.
Козак белгилегендей, азчылык өздөрүнүн сексуалдык ориентациясын чоңдор арасында пропагандалай алат, бирок балдарга тийишпөөсү керек. Кумсалар Сочиде өздөрүн ээн-эркин эле сезе алышарын, бирок балдарга тийишпөөсү керектигин жакында президент Путин да айткан.



Кош жардыруудан кийинки чочулоо

​Сочи Олимпиадасын утурлай эл аралык көңүлдү бурдурган экинчи олуттуу маселе - бул коопсуздук. Олимпиада тынч өтөбү же өтпөйбү деген тынчыздануулардын күчөшүнө негизинен Түндүк Кавказдагы согушкерлердин Волгограддагы кош жардыруусу түрткү берген.

Олимпиаданын ачылышын утурлай АКШнын Ички коопсуздук боюнча министрлиги Орусияга түз учкан авиакомпанияларга террорчулар жардыргыч заттарды тиш жууй турган пасталардын кабына катып алып өтүшү ыктымалдуулугун эскертти.

Америкалык расмий өкүлдөрдүн айтымында, мындай эскертүү Орусияга түз каттамдары бар, анын ичинде АКШдан да учкан авикомпанияларга тиешелүү.

Орусиянын Олимпиаданы тейлеген вице-премьер-министри Дмитрий Козак бейшембиде Сочидеги басма сөз жыйында АКШдан айтылган эскертүүгө мындайча комментарий берди:

- Бул маалымат текшерилүүдө. Эгер ал ырасталса, биздин күч органдарыбыз абдан кыраакы иштеп жатканын көргөзөт. Коркунучтар жана тобокелчиликтер тууралуу бардык маалыматтар Олимпиадалык оюндардын, Сочи шаарынын коопсуздугу талаптагыдай сакталат деп айтууга мүмкүндүк берет. Дагы бир жолу кайталап кетем, Сочидеги коопсуздук деңгээли Нью-Йорк, Вашингтон, Лондон, Бостондогудан жаман эмес.

Козак ири спорттук иш-чаралар учурунда терроризм коркунучу Орусияда же башка жерде да болорун, орус өкмөтү дүйнө өлкөлөрү менен Олимпиаданын коопсуздугун мүмкүн болушунча кепилдөө үчүн иштешип жатканына да токтолду.

АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин билдирүүсүндө алар Олимпиаданын коопсуздугуна байланыштуу бардык маалыматтарды орус бийликтери менен алмашып турганы айтылган.

Мурдараак Пентагон Кара деңиздеги эки аскерий кемеси эгер Орусия кайрылса, коопсуздукту камсыздоого кол кабыш кылууга даяр экендигин билдирген.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG