Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:06

Сочи Олимпиадасына даярдык сынга кабылды


Сочи, Олимпиада өтчү жердеги курулуш иши. 2014-жыл, 7-январь.
Сочи, Олимпиада өтчү жердеги курулуш иши. 2014-жыл, 7-январь.

"Хьюман Райтс Уотч" эл аралык укук коргоо уюму Сочидеги Олимпиада оюндарын чагылдырган журналисттер үчүн документ иштеп чыкты.

Документте Сочиде өтчү Олимпиада учурунда иштеген журналисттерди кандай тобокелдиктер күтүп тургандыгы, «олимпиада оюндарынын баалуулуктарына каршы келген», жалпы эле адам укугун бузуу фактылары тууралуу жазылган.

"Хьюман Райтс Уотч" уюму орус өкмөтү өз беделин эл аралык коомчулуктун алдында жогорулатканга аракеттенгени менен, оюнга даярдыктар адам укугун бузуу менен коштолгонун эскертет. Алардын арасына ММКга жана жарандык коом институттарына карата басым жасоолор да бар.

Документте олимпиада оюндарына даярдык учурунда эмгек мигранттарынын укугу көп бузулгандыгы баса белгиленет. Мигранттарды эксплуатациялап, мыйзамсыз кармаган, мигрант - куруучуларды өлкөдөн мыйзамсыз депортациялаган, жергиликтүү калкты мажбурлап үй-жайынан чыгарган көрүнүштөр да сындалган.

"Хьюман Райтс Уотч" уюмунун Орусиядагы программалык директору жана улук изилдөөчүсү Таня Локшина «Азаттыктын» орус кызматына документ тууралуу толугураак айтып берди:

- Олимпиадага даярдык учурундагы укук бузуулар тууралуу айтсак, бул эмгек мигранттары тууралуу кырдаал. Аларды мыйзамсыз кармоолор, өлкөдөн чыгаруу, аткарган жумушуна жараша акы төлөбөө, олимпиадалык курулуштар үчүн айрым тургундарды жетиштүү компенсация төлөбөй туруп, өз үй-жайларынан чыгаруу фактылары катталды. Олимпиада курулуштарын сындаган көз карандысыз журналисттерге жана адам укуктары боюнча активисттерге басым күчөдү.

Документте Орусияда жакында кабыл алынган гей-пропагандага бөгөт койгон мыйзам да сындалып, бул олимпиада оюндарынын баалуулуктарына каршы келери айтылат.

- Олимпиада хартиясында дискриминациялабоо - бул эң башкы принцип. Өз өлкөсүндө олимпиада оюндарын өткөрүп жаткан өлкө оюн башталаар алдында ЛГБТ мүчөлөрүнүн укугун бузган мыйзамды кабыл алганы - бул акылга сыйбаган терс көрүнүш.

Бирок Таня Локшина Сочидеги Кышкы олимпиада оюндарынын 1980-жылы Москвада өткөн олимпиада оюндарынан айырмасы бар деп эсептейт.

Совет өкмөтү “Советтер союзунда мүмкүнчүлүгү чектелгендер жок” деп, Паралимпиадалык оюндарды өткөрүүдөн баш тарткан. Сочиде бул жолу олимпиада оюндары бүтөрү менен мүмкүнчүлүгү чектелген спортчулар үчүн Паралимпиадалык оюндар башталат.

Локшина эл аралык коомчулукту Орусиядагы адам укуктары жаатындагы абалга көз салууну улантууга үндөдү.

- Олимпиададан кийин Орусияны унутуп калышса, эмне болот? Азыр бизди карап жаткан көздөр башка жакты карап калса эмне болот? Биз чын эле Сочи оюндарынан кийин адам укуктарынын бузулушунун өрчүшүнөн коркобуз. Жарандык коомго, сөз эркиндигине, көз карандысыз активисттерге басым жасоо күчөшү мүмкүн.

XXII Кышкы олимпиада оюндарын тоскон Сочиде биринчи мелдеш 6-февралда башталып, эки жумага уланат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG