Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:40

Сочи Олимпиадасынын көмүскө аренасы


Сочидеги жарылган жол. 3-январь, 2014-жыл.
Сочидеги жарылган жол. 3-январь, 2014-жыл.

7-февралда баштала турган Сочи Олимпиадасына даярдыктар көптөгөн жергиликтүү тургундардын жашоосуна терс таасирин тийгизди.

Орус бийлиги Кышкы Олимпиада оюндарына даярдык үчүн 51 миллиард доллар сарптады. Мисалы, көптөгөн оюндар өтчү Красная Поляна менен байланыштырган 50 чакырым жолго эле 8 миллиард доллар акча кетти.

Бирок Сочидеги жаркыраган стадиондордун, жаңы спорт комплекстердин жана оюндар өтчү жайлардын артында жүздөгөн жергиликтүү жашоочулардын кыйын күнгө тушукканын көрүүгө болот.

Дмитрий Абжандын үйүнө жакын жерде курулуш иштери башталган. Мунун айынан жер көчүп, Абжандын тамы жарым-жартылай урап, кыйшайган абалга келди.

Сот Абжан компенсация алат деп чечим чыгарганы менен, ал аткарылган жок. 27 жаштагы Абжан анын бийликтерге кайрылуусу жоопсуз калганын кошумчалады:

- Эч кандай аракеттер болгон жок. Мындан ары эмне кылышты, кимге кайрылышты билбейм. Балдар чоңоюп жатат. Ушул жерде туулуп-өскөнбүз, эми үй-жайсыз бирөөгө айландык.

Бул Сочи олимпиадалык шаарчасынын көмүскө жашоосу.

Красная Полянага кеткен жолдон эки чакырым алыс жайгашкан Ахтырка айылын курулуш чаңы күн сайын каптайт. Газ жок. Жергиликтүү тургундар цемент чаңынан улам короосундагы курмасы жакшы өспөй, аны сата албай калганын айтышууда. Бул аз келгенсип Красная Полянага кеткен жол Ахтырканы түштүктө жайгашкан Адлерге кетчү коомдук транспорттон кур калтырды.

65 жаштагы Виктор Коленин Чернобыль апаатынан жапа чеккен адам. Ал "курулуштан чыккан чаң өпкөмдү жабыркатса, ооруканага кантип жетем?" деген санаа менен алышып келет.

- Чоң Сочиде Адлер району боюнча Ахтырка эң таза айыл эле. Эми минтип таштанды жайына айлантып салышты. Администрация бул тууралуу абдан жакшы билет, бирок унчукпай тим болот, - дейт Коленин.

Ахтырканын башка тургуну 53 жаштагы Елена Рунович жаңы курулуш башталганы кичүү кызын мектепке узатып, кайра тосуп алуу үчүн жумушун таштоого аргасыз болгонун айтат.

Эми Абжан жашаган Баку көчөсүнө кайталы. Ал жерде да көптөгөн адамдар жергиликтүү бийликтерге нааразы. 85 жаштагы Полина Калайжан Абжандын коңшусу. Курулуштан улам кыйшайган үйдө Калайжандын абышкасы экөөнөн башка, тогузга жакын бала-бакырасы жашайт. Алар бийликтерден компенсация күтө берип чарчашкан.

- Биз Путинге, Медведевге, Краснодар крайынын администрациясына, бардык жерлерге жаздык. Ал жактан бизге “жергиликтүү бийлик карасын” деп жооп келди. Жергиликтүү бийлик болсо, "биз эч кандай жардам бере албайбыз" деп алакан жаюуда.

Шаар боюнча ири курулуштардын айынан электр жарыгы да улам өчүп турат. Ольга Агалакова аттуу блоггер асмандагы ай да азыр Сочиге абдан маанилүү болуп турганын минтип жазды:

- Бул жөн эле ай эмес! Измайловскто жана Семеновскто - бул жарыктын негизги булагы. Эки айдан бери электр энергиясын 12 же анда да көбүрөөк саатарга өчүрүп жатышат. Кээде эки күн бою жарык берилбейт!

Айрымдар Олимпиада оюндарынын бүтүшү менен аба тазарып, электр энергиясы үзгүлтүксүз бериле баштайт деп күтүп жатышса, Абжанга окшогондор оюн бүтөөрү менен алардын көйгөйлөрү унутулат деп кооптонушат.

- Биз бул жакка эки күнгө келген жокпуз да. Биз ушул жерде туулуп-өскөнбүз. Биздин ата-бабаларыбыз ушул жерде жашаган. Биз болсо бөөдө жерден үйсүз калып, бул нерсени эч өзгөртүүгө алыбыз жетпей жатат. Биз Олимпиадага сүйүнөбүз, бул жакшы нерсе – жолдор курулду. Бирок жергиликтүү тургундарды таарынтышпаса болот эле. Олимпиаданы өткөрүү үчүн адамдарды үйсүз калтыргандан кийин аларды унутуп калбай, ордуна башка нерсе бергиле.

Макаланын автору "Азаттыктын" Москвадагы кабарчысы Том Балмфорт жазган. Аны Аида Касымалиева кыргызчалады.

XS
SM
MD
LG