Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:12

Түндүк Корея ишара жасады, бирок ишеним аз


Ким Чен Ын аскерий кемеде. 7-февраль, 2012-жыл.
Ким Чен Ын аскерий кемеде. 7-февраль, 2012-жыл.

Түндүк Кореянын уран байытууну, узак аралыкка учуучу ракеталарын жана өзөктүк сыноону токтотору жөнүндөгү жарыясы этияттык менен кабыл алынууда.

Пхеньян жогорудагыдай кадамдарды жасоого көнгөнүн Түндүк Кореянын жарыясы алдында АКШ да ырастаган болчу.

Түндүк Корея өзөктүк программасынын маанилүү өңүттөрүн токтотору жөнүндөгү жарыяны жолбашчысы алмашып, өлкөдөгү башкы кызматка атасынын ордуна баласы келгенден эки айдан кийин жасап отурат.

АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын комитетинде сүйлөгөн учурунда, Түндүк Кореянын жарыясын диалог үчүн жагымдуу жагдай жаратуу жана өзөктүк куралдан арылуу ниетин көргөзүүсү катары баалады.

- Кошмо Штаттарда, мен кошумчалап кетейин, мурдагыдай эле терең тынчсыздануу (Түндүк Кореянын өзөктүк программасы боюнча) бар. Бирок Ким Чен Ир дүйнөдөн өткөн кезде, мен бизде жаңы жетекчилик өз өлкөсүн тынчтык жолуна багыттайт, милдеттемелерин аткарат деп үмүттөнөрүбүздү айткам. Бүгүнкү жарыя оң нуктагы алгачкы жөнөкөй кадам.

Түндүк Кореянын жакынкы өнөктөштөрүнүн бири саналган Орусия Пхеньяндын жарыясын алты тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жандануусун көздөй кадам деп баалады.

Коңшу Жапония болсо “маанилүү жетишкендик” деп мүнөздөдү. Жакынкы коңшусу Түштүк Корея Вашингтон менен Пхеньяндын макулдашуусуна ал да салым кошконун белгиледи.

Ал эми Түндүк Кореянын эң жакынкы өнөгү Кытай Пхеньян өзөктүк программасын токтотуп жатышын Корей жарым аралындагы тынчтыкты көздөй кадам катары сыпаттады. Бээжиндеги басма сөз жыйында Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хун Лэй буларга токтолду:

- Биз АКШ менен Түндүк Корея милдеттемелерин аткарышарын, Бээжиндеги сүйлөшүүлөрдөн кийин оң кадамдарды жасарын ырасташканына ыраазыбыз. Биз алар эки тараптуу мамилесин оңдоп жана Корей жарым аралындагы тынчтыкты сактап жатышканын кубаттайбыз.

Алгач АКШнын Мамлекеттик департаменти жарыялаган, артынан Түндүк Кореянын расмий кабар агенттиги ырастаган маалымат боюнча Пхеньян уран байытууну, узак аралыкка учуучу ракеталарын жана өзөктүк сыноолорду токтотууга макул болду.

Түндүк Корея Йонбен өзөктүк реакторун Батыш менен мамилеси курчуганда иштетет, оңоло баштаганда токтотот.
Түндүк Корея Йонбен өзөктүк реакторун Батыш менен мамилеси курчуганда иштетет, оңоло баштаганда токтотот.
Ага катар Пхеньян уран байытуу жана Йонбен өзөктүк реакторунун иши токтотулганын текшерүүсү үчүн өлкөгө МАГАТЭнин эксперттери келишине да көндү.

Мындан тышкары АКШнын билдирүүсүндө Түндүк Кореяга 240 миң тонна азык-түлүк жардамын көрсөтүү боюнча макулдашууну аягына чыгаруу үчүн эки тараптын расмий өкүлдөрү алдыда да жолугары айтылган.

Азыркы макулдашуулардын алдында Вашингтон менен Пхеньяндын чабармандары өткөн айда Кытайдын борбору Бээжинде кездешкен болчу.

Бузулган макулдашуулардын тизмеги узун

Түндүк Корея өзөктүк программасын токтоторун биринчи эле ирет жарыялап жаткан жок. Буга чейин деле ал бир нече ирет өзү макул болгон келишимден чыгып, сүйлөшүү столундагы өнөктөштөрүнөн көптү талап кылган учурлар кездешкен. Бул жолу деле Түндүк Кореянын расмий кабар агенттиги бир жаңсыл убадаларды берген жок. Анда өлкө макулдашууну “сүйлөшүүлөр жемиштүү уланган шартта” карманары гана айтылган.

2000-жылдан берки эле тарыхты алсак, 1990-жылдардын орто ченинде жетишилген макулдашуу 2002-жылы бузулган.

Андан кийин 2003-жылы Түндүк жана Түштүк Корея, АКШ, Жапония, Орусия, Кытайдын катышуусунда алты тараптуу сүйлөшүү башталып, 2005-жылы Пхеньян ага ири көлөмдө экономикалык, энергетикалык жардам көрсөтүлгөн шартта өзөктүк программасынан баш тартууга көнгөн. Бирок көп өтпөй 2006-жылы өзөктүк жардыруу жасап, бул окуя БУУнун Коопсуздук кеңеши ага каршы санкцияларды киргизүүсүнө алып барган.

2007-жылы Түндүк Кореяга миллион тонна кара май берилишин, мунун ордуна ал өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү зат – плутоний чыгарган Йонбен өзөктүк реакторунун ишин токтотуусун караган макулдашуу жетишилген.

Бирок 2008-жылдын декабрында Түндүк Корея өзөктүк программасын токтотконун текшерүүнүн жолдору боюнча пикир келишпестик чыгып, 2009-жылдын апрелинде, Пхеньян АКШ менен диалогу бүткөнүн, ушул жылдын июлунда алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөн да натыйжа болбосун жарыялаган.

Жаш жол башчынын ролу беймаалым

Пхеньяндын жол башчы алмашкандан кийинки азыркы кадамы бери дегенде Батыш менен алака-катыш түзүүгө, Корей жарым аралындагы чыңалган абалды басаңдатууга кызыкчылык бардыгынын ишарасы катары каралганы менен жакынкы тарыхты эске салган талдоочулар ал өзөктүк программасынан баш тартарынан күмөн санап турушат.

Америкалык “Вашингтон Пост” гезити жазгандай, жаш жол башчынын азыркы макулдашуудагы ролу канчалык экендиги беймаалым. АКШнын соңку сүйлөшүүлөргө катышкан, бирок ысымын атабаган расмий өкүлү бул басылмага сүйлөшүүлөрдү Түндүк Кореянын мурдагы эле адамдары менен жүргүзүшкөнүн, алардын маселелерди коюу ыкмасы америкалык тарапка жакшы белгилүү экендигин айткан.

Аталган басылманын пикиринде, АКШнын расмий өкүлдөрүнүн көпчүлүгү жашы отузга чыга элек Ким Чен Ын өз бийлигин Түштүк Кореяга кол салуу өңдүү аскерий чагымдар менен бекемдейби деп кооптонушкан.

Бирок анын эми Кошмо Штаттар менен карым-катнашка өтүүсү жаш лидердин саясий жактан маанилүү учурда тамак-аш тартыш өлкөсүнө 240 миң тонна
азык-түлүк алып келүү аркылуу өз дараметин көрсөтүү аракети болушу мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG