Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Түндүк Корея дүйнөнү кайрадан "кыжалатка" салды


Пхеньяндагы Мамлекеттик маалымат агенттиги ракетанын учурулушу чагылдырган сүрөт таркатты, 12-декабрь, 2012
Пхеньяндагы Мамлекеттик маалымат агенттиги ракетанын учурулушу чагылдырган сүрөт таркатты, 12-декабрь, 2012

Түндүк Корея орбитага спутникти чыгарыш үчүн ракетасы ийгиликтүү учурулганын жарыялады. Муну дүйнөнүн бакубат өлкөлөрү муну айыпташты.

Түндүк Американын абадан коргонуу командачылыгы кабарлагандай, ракетанын биринчи катмары Сары деңизге түшкөн, экинчиси деңиздин Филиппин тарабындагы жээгине, үчүнчүсү Филиппинден 300 чакырым алыста Тынч океанга кулады.

Ракета учурулганын Түндүк Кореянын коңшулары Түштүк Корея менен Жапония заматта айыптаган билдирүүлөрүн таратышты. Орусия, АКШ жана Бириккен Улуттар Уюму расмий Пхеньяндын кадамын айыпташты.

Дипломаттардын айтымында, Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши бүгүн кечирээк чукул жыйынга чогулаарын да айтып жатышат.

Быйыл Түндүк Корея экинчи жолу ракета учурду. Апрелдеги биринчи аракети ийгиликсиз аяктаган.

Пхеньянда анын учурулушун "орбитага аба-ырайын алдын ала маалымдай турган спутникти чыгаруу зарылдыгы" менен түшүндүрүшкөн. Бирок сынчылар азыр Түндүк Корея чынында узак аралыкка жетчү баллистикалык ракетасын сынап жатканын айтышат. Буга Бириккен Улуттар Уюму тыюу салган.

Ракета өткөн түнү учурулду. Кийинчерээк ал тууралуу Түндүк Кореянын мамлекеттик телеканалы кабарлады.

""Кваңмйоңсоң-3" сателлитинин экинчи версиясы “Сохё” полигонунун космодромунан “Ынга-3” ракетасы аркылуу орбитага учурулду. Спутник ийгиликтүү жеткирилди", - деп жарыялады мамлекеттик телеканалдын алып баруучусу.

Түндүк Корея өзүнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин чукул жыйынын өткөрдү.

Жапония болсо ракета Окинава аралы аркылуу учуп өткөнүн, бирок аны атып түшүрүүгө эч аракет көрбөгөнүн кабарлады. Буга чейин расмий Токио ракета анын аба мейкиндигине кирсе, ошол азамат атып салаарын билдирген. Регионго Жапония ракетадан коргонуу системасын да жайгаштырган.

Жапон өкмөтүнүн баш катчысы Осаму Фужимура журналисттерге сүйлөп: "Биз алардан ракетаны учурбагыла деп суранганбыз. Бирок баары бир ракетасын учурганы өкүндүрөт жана муну Жапония эч кабыл албайт. Биз Түндүк Кореяга өзүбүздүн терең нааразылыгыбызды билдиребиз", - деди.

Вашингтондо да муну “регионалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч келтирчү провокациялык кадам” катары катуу айыпташты.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун болсо ракетанын учурулганы Коопсуздук кеңешинин резолюциясын “орой бузган иш болду” деп атады.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги “терең өкүнүчүн” билдирди. Түндүк Кореянын эң ири соода өнөктөшү жана донору Кытай да Пхеньянды сындады.

Түндүк Кореянын ракетасы Түштүк Кореяда президенттик шайлоого бир апта калганда жана Түндүк Кореянын мурдагы лидери, азыркы башчы Ким Чен Ындын атасы Ким Чен Ир өлгөнүнө бир жылга жакындап калган мезгилде учурулду.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG