Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:26

Мамлекеттик ипотеканы ким алат?


Бишкектеги Анкара көчөсүндө жайгашкан ипотекага берилген көп кабаттуу үй.
Бишкектеги Анкара көчөсүндө жайгашкан ипотекага берилген көп кабаттуу үй.

Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) катышууну каалагандарга үлүштүк турак жай курулуш программасынын шартын жарыялады. Анын негизинде мигрант болуп жүргөн кыргызстандыктар дагы арзан ипотекага үй алса болорун билдирди. Азырынча өкмөт бул программаны жүзөгө ашыруу жол-жобосун толук иштеп чыга элек.

Ушул айдын башында президент Садыр Жапаров жарандарды социалдык батир менен камсыз кылууга багытталган жарлыкка кол койгон.

Бул күндөрү МИКке күн сайын там-ташка муктаж ондогон, жүздөгөн адам кайрылып, жеңилдетилген ипотекалык насыя алуунун, кезекке туруунун шарт-жобосун сурап жүрөт. Алардын бири тигүү тармагында иштеген Сагынбү Акимбаева мындан 1,5 ай мурун жазган арызы шарттарга туура келбейт деген негизде кабыл алынбай калганын айтып берди. Ошондой эле тигүүчүлөр үчүн маселелер бар экенине токтолду:

"Үч балам бар. Бишкекте, батирде турабыз. Бир бөлмөдө жашайбыз, жети миң сом айына төлөйбүз. Өзүм тигүүчү болуп иштейм. 40 миң сомдун тегерегинде маяна алам. Социалдык ипотекага арыз бергем. Жумушумда расмий иштебегендиктен, патент төлөнбөй эле жүргөн. Жок дегенде бир жыл расмий иштеп, патент, салык төлөнүшү керек экен. Ошондо гана мени кезекке киргизишет экен. Ошо соципотека башталганда эле салык төлөп, патентке төлөй баштасам, азыр мен кезекке туруп калмак экем. Биз арыз жазып, ал кабыл алынып, жактырылгандан кийин гана үйгө кезекке коюп, кезегибиз жеткенде үй берилет дешти. Мен арыз бергем, бирок эмгек тажрыйбам расмий эсептелбегендиктен, Соцфондого акча төлөнбөгөндүктөн арызды кабыл алуудан баш тартабыз деп келген. Ошону азыр кайра сурайын деп келгем. Арызды 1,5 ай мурун жазгам. Менде жыл бою такай иштеген эки жылдан кем эмес эмгек тажрыйбам болушу керек экен. Бир жылдан кийин кайра келип арыз берсем болот экен".

Айрыкча Бишкекте соңку жылдары турак жай кымбаттап, ижара акысы бир канча эсе өстү. Мындан улам жеңилдетилген шартта ипотека алууну көздөгөндөр көбөйдү. Төрт балалуу Айдана Нариеванын күйөөсү борбордогу жеке компаниялардын биринде иштейт. Ал мындан бир жыл мурун МИКтин онлайн порталына ипотека алуу үчүн берген арызы толук эмес деген негизде кабыл алынбай калганы белгилүү болгон.

"Үй-бүлөлүүмүн, төрт балабыз бар. Бишкектеги кичи райондордун биринде батирде турабыз. Айына 30 миң төлөйбүз. Мен иштебейм, күйөөм гана, жеке жакта, бирөөнүн колунда, каргодо иштейт. Бир жыл мурун ипотекага кезекке туралы деп арыз жазганбыз. Бирок биздики жакшы кетпептир. Азыр мен кирип сурадым. "Силер документтерди толук камдабапсыңар, черновикте эле турат. Эгер кайра толуктап тариздесеңер, аны үч айдын ичинде карайт" дешти. Ал жерде пункттары абдан эле көп экен. Мейли, анын баарын толтурабыз, бирок күйөөм менчик компанияда иштейт. Эгер Cоцфондго төлөбөй эле келген болсо, ипотека берилбейт экен. Күйөөм жетиштүү эле акча табат. Бирок анын жумушунан салык, Cоцфондго салым төлөйбү же жокпу - чынында билбейм, төлөшсө эле керек деп турам. Жолдошум жаңы эле ишке кирген, бир жыл да боло элек. Булар иштегенине бир жылдан ашкан адамдарга берет экен. Мамлекеттик мекемелерде иштеп туруп алайын десең, алардын айлыгы такыр эле аз да. Ашып кетсе 25-30 миң аласың, анын теңин ипотекага берип койсоң, анда биз кайсы каражатка жашайбыз деген маселе бар да".


МИК 2015-жылы өкмөттүн демилгеси менен элдин турак жай алуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлгөн. Аталган компания учурда бул багытта үч программа ишке ашырылып жатканын билдирген. Биринчиси “социалдык ипотека” деп аталат жана бул категорияга көп балалуу үй-бүлөлөр, жалгыз бой ата-энелер, майыптыгы бар жарандар, элетте жашаган жаш адистер кирет. Алардын 4% үстөк менен турак жай алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Экинчи программанын алкагында мамлекеттик мекеме-уюмдарда иштегендерге ипотекалык насыя 4% үстөгү менен 25 жылга чейин берилет. Булар баштапкы салымын 20% кем эмес төлөшү керек. Андан сырткары жеке тармактарда иштегендер 8% үстөгү менен 15 жылга чейин ипотекалык насыя ала алат.

МИК жаңы үлүштүк турак жай курулуш программасына катышууну каалагандар үчүн анын шартын жарыялады.

Ага ылайык, арыз берген жарандардын курагы 21 жаштан жогору болуп, ипотекалык насыянын акыркы төлөмүн төлөгөн учурда 70ке чыга элек болушу керек.

Ошондой эле бул программага катышкандардын жана алардын жакындарынын (аялы, күйөөсү) жана жашы жете элек балдарынын Кыргызстанда турак жайы болбошу шарт. Андан сырткары, арыз берген күнгө жана турак жайга каржы алган учурга чейинки үч жыл аралыгында турак жай менчигине байланыштуу сатуу-алуу келишимдери болбошу зарыл. Программага катышууну каалагандар МИКтин электрондук порталы аркылуу арыз бере алат.

Турак жайдын баасы жана насыянын пайыздык чени курулуштун эсеп-кысабына жараша аныкталат. Эсеп-кысабы бекигенден кийин компаниянын расмий сайтына анын баасы, пайыздык чени тууралуу маалымат берилет.

Ипотеканы төлөө мөөнөтү 15 жылга чейин деп белгиленет. Баштапкы төлөмү 50% кем эмес болот. Анын 20% курулуштун алдында берилет. Калган 20% ай сайын же квартал сайын төлөнөт. Калган 10% болсо курулуш аяктагандан кийин алынат.


МИКтин директору Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" курган маегинде азыр үлүштүк курулуш деген программа ишке кирип жатканын, анын негизинде бардык жарандар үчүн салыштырмалуу арзан баада батир алуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатканын билдирген:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

"Үлүштүк курулушка катышуу - бул арзан турак жайга ээ болуу деген сөз. Анткени жерди биз, мамлекет, бекер беребиз. Бекер бергенден кийин жердин наркы турбайт. Коммерциялык пайда табабыз деген бөлүгү кошулбайт. Жарандар өздөрү үлүштүк курулушка катышып, 50% гана төлөйт. Калган 50% мамлекет берип турат, аны болсо 15 жылдын ичинде төлөп кутулат. Бул жарандарга болгон жеңилдик. Болбосо бул жерлер кандайдыр бир жолдор менен курулуш компанияларына кетмек. Анан пайда табуу деген маржа кошулуп, табигый түрдө баа кымбаттап кеткен учурлар болот".

Расмий маалыматка ылайык, соңку жылдары эки миңдей киши мамлекеттен жеңилдетилген шартта ипотекага үй алган.

Бишкектеги конуштардын биринде батирде жашаган Айнура Муратбек кызынын күйөөсү ушул тушта Орусияда иштеп жүрөт. Ал мигранттарга жеңилдетилген шартта берилген ипотекалык насыя алуунун жол-жобосун караштырып жүрөт.

"Өзүм эч жерде иштебейм, азыркы убакта декреттемин. Жолдошум мигрант, Орусияда иштейт. Ак-Ордо конушунда батирде турабыз. Биз ошо биринчи бөлүгүн берип, калганын бөлүп төлөп берсекпи дегенбиз. Ушундай жеңилдик болсо дегенбиз", - дейт Айнура.

МИКке келгендердин дээрлик басымдуу бөлүгүн аялдар түзүп жатканын байкоого болот. Алардын бири беш балалуу Мутабар Жалилова үч бөлмөлүү батирге жетсем деп тилек кылат:

"Менин беш балам бар. Жеке менчик ишканада иштейм, күнүнө алган айлыгым миң сом. Өзүм Батrенден болом, бул жакта бир эле бөлмөлүү батирде жашайм, айына 10 миң төлөйм". Ипотекага үй алуу максатында бул жакка биринчи жолу келдим. Беш балама үч бөлмөлүү батир болсо дегем. Душ, ваннасы, ашканасы бөлөк-бөлөк болушун каалайт элем. Эгер ипотекага үй алсам, айына 10 миң сомдон төлөсөм, ошол мага ыңгайлуу болот эле".

Президент Садыр Жапаров ушул айдын башында "Менин үйүм 2021-2026" программасынын негизинде жарандарды социалдык турак жай менен камсыз кылууга багытталган жарлыкка кол койгон. Ал өзү Фейсбуктагы баракчасына программанын негизинде үлүшкө катышуу шарты менен бардык жарандар үчүн үй алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын жазган.

"Мындан ары бардык жарандарды – мигранттар болобу, базарда иштегендер болобу же башка тармактарда болобу, айтор, бардык катмарды камсыз кылганга аракеттерди баштадык. Биз азыркы убакта кезекте турган мамлекеттик кызматкерлерге 20-25 жылга чейин ипотекалык үйлөрдү берип жатабыз. Эми мындан ары мүмкүнчүлүгү бар жарандарыбыз үлүштүк катыш менен батир ала алгыдай шарттарды түздүк. Ал кандай шарттар? Мисалы, батир алууну каалаган жаран батирдин жарым баасын алдын ала төлөп, калган жарым баасын 10-15 жылга чейин ипотекалык шартта төлөө менен ала алышат. Батирдин жарым баасын төлөгөндөн кийин бир же эң көп дегенде эки жылда өз батирине ээ болуп, кирип жашоого мүмкүнчүлүк алышат. Менин МИКке койгон талабым ушундай! Эмне үчүн? Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, кечээ жакында алдамчы компаниялар элдин акчасын үлүштүк катыш катары чогултуп алып, же батирден жок, же акчаларын кайтарып бере албай качып жүргөндөрүн көрүп, ушундай чечимге келдим. Мындан ары жарандардын батир алуу маселесин МИК аркылуу биз, мамлекет, колго алабыз", - деп жазган Жапаров.

Президенттин жарлыгынын негизинде өкмөткө бир айлык мөөнөттүн ичинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү бийликтин карамагындагы жер тилкелерин аныктоо, аларды МИКке мөөнөтсүз пайдаланууга өткөрүп берүү тапшырмасы берилген. Андан сырткары мигрант болуп жүргөн жарандар үчүн үлүштүк каржылоо жол-жобосун иштеп чыгышы керек.

Садыр Жапаров жалпы 40 райондо, 32 чакан шаарда жана жети облустун борборунда Мамлекеттик ипотекалык компания көп кабатуу үйлөрдү кура баштаарын билдирген.


Мигранттар демекчи, мындан эки жылдай мурда сыртта иштеп жүргөн мекендештерге ипотекалык насыя берүү боюнча Мамлекеттик ипотекалык компаниянын "Ак-Босого" деп аталган турак жай-сактык туунду компаниясы иштеп жатканы айтылган. Анын жетекчиси Айзада Усупова жергиликтүү басылмаларга берген маектеринин биринде компания 2020-жылы Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөнүн, 8% үстөгү менен бардык жарандарга, алардын ичинде мигранттарга дагы ипотекалык насыя берүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп жатканын айткан. Орусияга чейин барып кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөнүн билдирген.

МИКтин басма сөз катчысы Жылдыз Бекбаева "Ак-босого" былтыр "Элдик турак жай компаниясы" болуп өзгөргөнүн, көп өтпөй эле МИКке бириккенин билдирди:

"Ал компаниянын милдеттенмелерин өзүбүз алганбыз. Ал компания азыр жок. Биз мигранттарга үлүштүк курулуш деп жаңы продукция чыгарбадыкпы. Бул тууралуу маалымат берип жатабыз. Президент жарлык чыгарды, жол-жобосун иштеп чыккыла деп бир айлык мөөнөт койгон. Министрлер кабинети 7-февралда коомдук талкууга койду. Биз алдын ала роликтерди жасап, алдын ала маалыматтарды жарыялап койдук".

Москвадагы "Ноокат" коомунун башчысы Толкунбай Акматовдун пикиринде, ипотеканын жол-жобосу, шарты ачык-айкын болбосо, ишеним азаят, коррупцияга жол ачылат:

"Мигранттардын баары эле там кылып алайын деп келген. Баарынын максаты ошол. Мамлекет баштады, бул жакшы көрүнүш. Элдин көбү алдамчы кооперативдерге акчасын берип алданып калды. Кыргыздарда "сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" деген сөз бар эмеспи, ошентип чочуп да калышты. Бирок эми мамлекет курат десе, ишенич болсо керек. Негизи эле баары ачык-айкын болгону жакшы. Болбосо бул дагы баягы эле алдамчылыкка, коррупцияга алып келет. "Мен алып бере калайын, мага мынча бер" деген ортомчулар пайда болот".

Садыр Жапаров буга чейин соңку эки жылда 13 миңдей адамды турак жай менен камсыз кылууга ниети бар экенин, 2035-жылдарга карата шаарда батир маселеси чечилерин билдирген.

Деген менен айрым эксперттер калктын колу жука катмары үчүн ипотекалык насыянын шарты жеңил эмес экенин белгилешет. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, гендердик маселелер боюнча эксперт Гүлжамал Султаналиева жалгыз бой келиндерге көңүл бурулуп, шарттар түзүлүшү керек деп эсептейт:

"Соңку жылдары аялдардын жашоо шарты оорлоп жатат. Ошондуктан бул жааттагы мамлекеттин саясаты өзгөрсө жакшы болмок. Турак жай маселеси - бул адамдын эң биринчи туруктуулугу да. Мисалы, ошол эле тигүү тармагында көбүнчө аялдар иштеп жатат. Ал жакта айлыктар толук көрсөтүлбөй, соцфондго акча төлөнбөй, социалдык фондго да чегерилбей жаткандыктан, бул дагы алардын үй алуусуна кедергисин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан бул жерде комплекстүү көз караш менен мамиле жасалса жакшы болмок. Жалгыз бой келин болсо, тапкан каражатын көрсөтө алса, кандайдыр бир кошумча жеңилдиктер менен үй алып калса жакшы болмок.

Кыргызстан "Менин үйүм 2021-2026" программасын ишке ашыруу үчүн Сауд өнүктүрүү фондунан 100 миллион доллар насыя алары айтылган. Тиешелүү мыйзамды былтыр парламент июнда кабыл алып, бир айдан кийин Садыр Жапаров кол койгон.


Расмий маалыматка ылайык, былтыр МИК жалпы баасы 3 миллиард сомго жакын 1366 насыя берген. "Менин үйүм 2021-2026" программасынын алкагында 9 миллиард сомдон ашкан 3902 насыя берилген. Насыялардын орточо суммасы 3 миллион сомду түзүп, 4% үстөк менен 25 жылга алышкан. Былтыр МИКтин уставдык капиталы 5,2 миллиард сомго көбөйүп, жыйынтыгында 15,5 миллиард сом болгон.

Былтыркы жылдын аягына карата МИКтин электрондук порталына 30 миңден ашык адам арыз менен кайрылып, анын 15 миңден ашыгы кезекке коюлган.

Азыркы тапта Бишкекте 7 миңден ашык батирлүү көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. Жалал-Абад шаарында 639 батирлүү үйлөрдү куруу башталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG