Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:54

Грузияда «чет элдик агент» мыйзамы талкууланып жатат, бийлик антимитинг уюштурууда


Тбилиси.
Тбилиси.

Грузияда «чет элдик агент» мыйзамы бүгүн, 29-апрелде парламенттин юридика комитетинде экинчи окууда каралып жатат. Ал жактан колдоо тапса, жалпы пленардык жыйынга чыгарылат.

«Азаттыктын» грузин кызматы билдиргендей, өткөн түнү борбор калаа Тбилисиде бир нече миң киши аянтта чогулуп, бул мыйзамдын кабыл алынышына каршылыгын билдирип, өлкөгө евроинтеграция зарыл экенин айтып турушту. AFP маалымат агенттиги 20 миңдей киши чогулганын билдирди.

Ал эми мыйзамды сунуштап жаткан орусиячыл «Грузин кыялы» партиясы аянтта бүгүн кечинде антимитинг уюштуруп, 100 миң кишини чогултарын билдирди. Парламенттеги көпчүлүктүн өкүлү Мамука Мдинарадзе "Жарым саатта 100 миңден ашуун киши чогулат. Жүрүшкө саясатчылар, жаштар уюмдарынын өкүлдөрү катышат", - деп айтты.

Оппозиция бүгүнкү талкууда аларды чектеп, журналисттердин эркин иштешине мүмкүнчүлүк берилбей жатканын айтууда.

Грузияда бийликтин Орусиянын «чет элдик агент» мыйзамын туураган деген демилгесине каршы акция 15-апрелде башталган, жалпысынан үч күн ичинде 27 демонстрант кармалган. Айрым жерлерде полиция менен кагылышуу болуп, митингчилерге күч колдонулган.

Орусиянын оппозицияны, жарандык коомду жана журналисттерди чектеген «чет элдик агент» мыйзамын туураган деп грузин оппозициясы айыптап жаткан «Чет өлкөлүк таасирдин ачыктыгы» мыйзам долбоорун кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партия сунуштоодо. Грузия парламентиндеги 150 орундун 84үн "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адамдар жүрүшкө чыкканда, ага бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы катышкан эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG