Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:28

"Үйүмдү саткам, талаада калдым". "Ихсанга" алдангандардын ыйы


"Ихсан" кооперативине алдангандарын айтып сотко кайрылгандардын арызы Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Сүрөттө "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчиси, учурда камакта отурган Акинай Бекмурзаева.
"Ихсан" кооперативине алдангандарын айтып сотко кайрылгандардын арызы Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Сүрөттө "Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчиси, учурда камакта отурган Акинай Бекмурзаева.

Кыргызстанда “Ихсан" турак жай кооперативине байланыштуу соттук териштирүү жүрүүдө. Ага алданып калганын айткан ондогон кишинин каражаты кантип, кандай жол менен кайтарылары белгисиз.

Бул боюнча укук коргоо органдарына 600дөн ашуун арыз түшкөн. Ал тапта үйлүү болууну эңсеген жарандар алданып калган учурлар азая электиги айтылууда. Буга чейин кооператив негиздеген жарандардын жоопкерчилигин күчөтүү үчүн мыйзамдык өзгөртүүлөр сунушталган.

Кооперативдерге барууга аргасыз болуп, алданып калгандар сот акыйкаттуулугуна ишенип турат.

"Үстүмдөгү үйүмдү сатып, кооперативге төгүп бергем"

52 жаштагы Анара (ысымы өзгөртүлдү-ред.) - мындан үч жыл мурда Алматыда эмгек миграциясында жүрүп алган бир бөлмөлүү батирин 2,5 миллион сомго сатып, "Ихсан Групп ЛТД" турак жай кооперативине салган. Компания менен түзгөн келишимге ылайык ал эки айдын ичинде жаңы үйлүү болуп калмак. Бирок үйдөн да, акчадан да жок, минтип сотко каттап калганын айтты.

"Ихсан Групп ЛТД" турак жай кооперативине нааразы болгондор сот отурумунда. 14-ноябрь, 2023-жыл.
"Ихсан Групп ЛТД" турак жай кооперативине нааразы болгондор сот отурумунда. 14-ноябрь, 2023-жыл.

"Буларга ишенип, мына эми үйү жок отурабыз. Андан бери эки жыл болду, сот отурумдары ушул жайда башталган, улам боло берет. Келебиз, тек-жайбызды тактайт, кайра кетебиз. 2021-жылы декабрда акчасын төктүк, февралда үй алмакпыз. Кезегибиз келгенде "алып бере албай жатабыз" дешти, алардын айтымында, биздин документтер даяр болбой жаткан. Эми күтө туралы, буюрса колго тиет, биз кыялыбыздагы батирди таптык деп ээси менен да сүйлөшүп алганбыз. Убактылуу деп ижарага үй алып жашап жүрдүк. Анан эле 2022-жылы март айында ызы-чуу чыгып, кооперативге нааразы болгондор мекеменин кеңсесине каттап, нааразылык күчөдү. Азыр сотко көп киши келет. Кооперативден үй алгандардын айрымдары берки акча салып, кезек күткөндөр менен сүйлөшүп, кырдаалдан чыгып кетүүдө. Биз болсо суммабыз көп болгондуктан эч ким менен келише албай убара тартып жүрөбүз. Эки эле ай жашайбыз деген үйдө эки жылдан бери турганга аргасызбыз. Мен сатып жиберген үйүмдү Казакстанда иштеп жүрүп ак эмгегим менен алдым эле. Азыр эми мамлекетке, сот адилеттүүлүгүнө ишенип турам".

Бирок Анара Аман кооперативдин банк эсебине салып берген акчасын кайтарып алган күндө да кыймылсыз мүлктүн азыркы бааларынан улам үй алуу дээрлик мүмкүн эмес деп кейип турат:

"Кооперативге тоюп бүттүп, ушул акыркысы болду менин өмүрүмдө. Бекмурзаева жаратканды, жоолукту бетине кармап, элди, бизди ишендирди. Аны жарнамалаган ажы, ырчы, актёр, блогерлерине чейин ишенгенбиз. Тааныш-билиши барлар салган акчасын коркутуп-үркүтүп эле чыгарып кеткенин угуп жатабыз. Баягы эле бей-бечаралар калдык, соттун эшигин каккылап, үзүлбөгөн үмүт менен жүрүп жатабыз".

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда "Ихсан" турак жай кооперативине байланыштуу сот отуруму уланууда. Сот ушул жылдын январында башталган. "Ихсандан" акчасын кайтара албай калганын айткан жарандардан укук коргоо органдарына 600дөн ашуун арыз түшкөн. Сот отурумдарына кеминде 40-50дөн киши келет, алардын баары бул турак жай кооперативине 300 миң сомдон 7 миллион сомго чейин бергенин айтууда.

Арасында карыздап акча чогултуп, насыя алып, алыскы жана жакынкы миграцияда жүрүп, болгон мал-мүлкүн сатып, акыркы тыйынына чейин төгүп бергендери бар.

Чолпон Ишенова 2022-жылы январда Таластагы үйүн сатып, борбор калаадан үч бөлмөлүү батир алам деген тилек менен "Ихсанга" барган. Келишимде компания 2022-жылдын майында Чолпонго 48 миң долларлык батир алып бермек. Бирок акча салынгандан эки ай өтпөй мекеменин ызы-чуусу башталат. Чолпон кооперативдин ишмердиги, окуяга чейинки козголгон маселелер тууралуу медиага чыккан маалыматтардан кабарсыз болгон. Кабар албай, компаниянын иши тууралуу билбей туруп, 20 миң доллардай акчасын карматып койгонуна өкүнүп жүргөн кези.

"Азыр үйүбүз бар, төрт балабыз менен эски тамда турабыз. Таластагы үй мындан 10 жыл мурда алынган эле. Балдарыбыздын келечегин ойлоп, үй-бүлөлүк кеңешүүдөн кийин ал үйдү сатууну чечкенбиз. Кардар чыгып, дароо акчасын алып келип, "Ихсан" кооперативине бергенбиз. Көрсө, кооперативдин иши 2021-жылы эле солгундап, токтой баштаган экен. Биз 2022-жылы январда барып, акча салганыбызда эле ондогон киши мекемеге нааразы болуп, милицияга арыз жаза баштаган экен, бирок биз аны уккан да, көргөн да эмеспиз. Сотто ушуларды айтып бердим. Мени түйшөлткөнү, ошол 20 миң долларды кайтарып берген күндө да мен ал каражатка кайра үй ала албайм, кыймылсыз мүлктүн баасы эки жылда эселеп өсүп кетти. Эми кантебиз деп турам. Үйдө күн алыс уруш-талаш, күйөөм мени укмак турсун көргүсү келбей калды, себеби үйдү сатууга мен үгүттөгөн элем. Дагы бир жагдай, өз акчабызды чыгарып алалы деп адвокат жалдап, ага да чоң айлык төлөп берүүдөбүз. Сот жыйынтыгы кандай болору али белгисиз".

"Күнөөмдү мойнума албайм"

"Ихсан Групп ЛТД" кооперативинин жетекчиси Акинай Бекмурзаева 2022-жылдын июнь айынан бери камакта отурат. Ал сот отурумунда өзүнө тагылган айыптарды мойнуна албай турганын айтты. Кооперативдин мүчөлөрү турак жай сатып берүү ишин улантуу үчүн тоскоолдуктарды жараткандыктан азыркы абалга кириптер болгонун кайталады.

"Ихсан Групп ЛТД" турак жай кооперативинин ээси Акинай Бекмурзаева өзүнө тагылган айыптарга макул эместиги сотто айтты. 14-ноябрь, 2023-жыл.
"Ихсан Групп ЛТД" турак жай кооперативинин ээси Акинай Бекмурзаева өзүнө тагылган айыптарга макул эместиги сотто айтты. 14-ноябрь, 2023-жыл.

2023-жылдын 27-январындагы биринчи соттук отурум учурунда да Бекмурзаева ал жетектеген мекеменин банк эсебинде акча каражаты бар экенин, эгер сот аны боштондукка чыгарса, элдин акчасын кайтарып берүү мүмкүнчүлүгү жараларын айткан.

Ички иштер министрлиги Бекмурзаевага “алдамчылык” жана “ишенип берилген мүлктү ээлеп алуу же коротуу” деген беренелердин негизинде айып тагылганын билдирген. Баштапкы эсептөөгө ылайык, зыяндын өлчөмү 121 миллион сомдон ашык деп көрсөтүлгөн.

Кооператив Европада бааланат

Турак жай кооперативдерине негизинен үй-жайга муктаж, бирок сатып алуу мүмкүнчүлүгү жок жарандар жана эмгек миграциясында жүргөндөр көп кайрылышат.

Каржы маселелери боюнча эксперт, BestWayElet турак жай кооперативинин түзүүчүлөрүнүн бири Кубан Чороев Кыргызстандын өз ресурсу алдыңкы сегиз жыл ичинде 8,5 миң кишини ипотекалык каржылоо аркылуу үйлүү кылууга жетерин айтат. Ал эми кооперативдер элдин муктаждыгына жараша ишин улап кете аларын белгиледи.

Кубан Чороев
Кубан Чороев

"Азыр деле биздин кооператив үй алып берүүсүн улантып келет. Биз катталуучуларыбызга баланча күндө же айда үйлүү кылабыз деген эч кандай кепилдик бербейбиз, болгону салымчылар электрондук кезекке туруп, убагы келгенде үй алат. Биздин жетишкендигибиз, компаниябызда топтоо программасы бар, аны 50% ашык мүчөбүз тандаган. Азыркы тапта бир миң мүчөбүз болсо, анын 232и үй алды, 47 киши төлөмдөрүн толук жаап, үйлөрдү өз менчигине чыгарып кеткен. Кезекте 179 мүчө турат. Биринчи төлөмүн топтоп жаткандардын саны 500дүн тегерегинде. Бул модель иштей берет. Мүчөлүк кылгандарга 700 миллион сомдун тегерегинде үй алынды, ал сумма салымчылардын эсебинен 5,5 жылда топтолгон. Албетте, бул үйлөрдүн баасы ошондон бери 50-60% чейин көтөрүлдү. Ошондуктан мүчөлөрүбүздүн акчасы кыймылсыз мүлктүн эсебинен эки эсе кепилденген", - деди Чороев.

Октябрь айында Жогорку Кеңеш өкмөттүн "Кооперативдер жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу сунушун колдоп берген. Президент Жапаров ага азырынча кол коё элек. Жаңыртылган документте турак жай кооперативдери онлайн кезекке туруу системасын камсыздап бериши керектиги тууралуу кошумчалар бар. Андан сырткары үй алып берүүнүн мөөнөтүн так белгиленбейт деген да талаптар киргизилди. Бирок мыйзамда турак жай кооперативдерине болгону миң киши мүчө боло алат деген жаңы талап бир катар экономисттерди, кооператив ээлерин чочулатып жатат. Маселен, мыйзам бир гана турак жай алып берүү менен алектенген кооперативдерди эске алып, мал чарба, айыл чарба техникасы, үрөн чарбасын кармаган да кооперативдерди көңүл сыртында калтырып койгондой эсептешет. Мындан улам бул өзгөртүүлөргө дагы толуктоолор киргизилиши керек дегендер президенттин администрациясы аны кайра кароого жиберет деп ишенип турат.

Үстөк пайызы бар ипотекалык насыя алууга шарты жоктор үчүн альтернативдүү вариант катары түзүлгөн керектөөчүлөрдүн мындай кооперативдерине кыргыз мыйзамдары буга чейин тыюу салган эмес.

Чороев кооператив системасын жакшы түшүнбөгөндөр бул тармакта иштеп, элдин ишенимине доо кетирип койду деп эсептейт:

"Негизинен экономикалык модель туура эмес түзүлүп, көп кооперативдер ачылган. Маселен, кооператив мүчөлөрү акча топтоо, пайлык төлөмдөр жана аны бириктирүү жолу менен өз ара жардамдашып үй алат. Бирок азыр ызы-чуу болуп жабылып калган, иш козголгон, ээси камалган кооперативдердин катасы - үйдү 2,3,4 же 6 айда алып беребиз деп убада бергенинде болуп калды. Анткени андай иштөө мүмкүн эмес. Топтоо моделин үлгү алып, ошол багытта акырындык менен жүргөн кооперативдер азыр саналуу гана калды, иштеп атышат. Мына ошол моделди биз мыйзамдын негизинде киргизип алышыбыз керек болчу. Кооператив эч качан үй алып бере турган мөөнөтүн кепилдебеши керек деген да жобо керек".

ИИМдин соңку маалыматына ылайык, жалпысынан 12 кооперативге кылмыш иши козголгон. Анын алкагында 950дөн ашык кылмыш иши тергелген. Анын теңинен көбү, тактап айтканда, 600дөн ашууну сотко өтүп, 168 иш кыскарган. Кооперативдерден зыян тарткандардын саны миңден ашык, жалпы зыяндын өлчөмү 692 миллион сом жана 940 миңдей доллар деп эсептелген.

"Ихсандан" үй ала албай, салган акчасын кайтара албай калганын айткан жарандар буга чейин бир катар нааразылык акцияларын уюштуруп келген.

Кооперативдин айрым өкүлдөрү Бекмурзаеванын күнөөсү жок экенин айтып, анын бошотулушун талап кылышкан.

Азыр кыргызстандыктардын көбү кызыгып, каражатын эң көп салган бул кооперативдин Бишкектеги эки жана аймактардагы кеңселери да жабык турат. Ал эми социалдык тармактардагы баракчалары, расмий сайты иштетилбей, байланыш телефондору өчүк турганына жарым жылдан ашты.

"Ихсандын" Инстаграмдагы расмий баракчасына 2021-жылы жарыяланган маалыматка ылайык, кооператив өз ишмердигин баштаган 2020-жылдан бери мекемеге 10 миң киши акчасын салып, 3800 киши турак жайлуу болгон.

Компания жарнамалоо компаниясын күчөтүп, айрым дин кызматкерлерине үй сатып берип, алар да пиар жүргүзүүдө колдоо көрсөткөн. Маданият чөйрөсүнүн кээ бир өкүлдөрү да мекеменин ишиндеги артыкчылыктарды белгилеп, коомчулукту кооперативге мүчө болуп кирүүгө, топтогон каражатын алып келүүгө үндөгөн ондогон жарнамалык видео-сүрөт тартып, ал интернетте желдей тараган. Дал ушул маалыматтарга ишенип, колундагы акчасын компанияга берип койгондор маданият өкүлдөрүн, дин кызматкерлерин да Бекмурзаева менен катар жазага тартуу зарыл экенин белгилеп, бир нече жолу нааразылык акияларына, митингдерге чыккан.

Ызы-чуу күчөп, акчасын кайтарып алууну каалаган 1400 кишинин арасынан 100ү каражатын кайтарып алган.

Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Алардын саны 70тин тегерегинде экени бейрасмий айтылып келет. Буга чейин Улуттук банк адамдардан каржылык салым чогултуп, анын үстүнө акча кошуп үй алып берүүнү убада кылган ишмердик “каржылык пирамиданын” элементтерине окшош экенин эскерткен.

Турак жай кооперативдерине ишенүү кыйын

Турак жай кооперативдеринин иштөө схемасы боюнча мүлк сатып алууну каалаган жаран анын наркынын 25-30% алдын ала кооперативге төгүп, экиден алты айга чейинки мөөнөткө кезекке турат. Анын жетпеген суммасын кооператив кийинки келген салымчылардан чогултулган каражат эсебинен төлөп берет. Мындан тышкары салымчылар мүчөлүк үчүн карыз алган мөөнөт ичинде акы төлөп турушат, бул жылына 2-4%. Каражат кооперативдин ишмердигин каржылоого жумшалат. Кооперативдердин айрымдары сатып алынган турак жайды өзүнө каттап, салымчы карызын төлөп бүткөндөн кийин ага өткөрүп берүүнү убадалайт. Дагы бир бөлүгү турак жайды алгач өзүнө каттап, андан кийин салымчыга узак мөөнөттүү карыз шарты менен берет. Салымчылардан чогултулуп, сатып алууларга жүгүртүлгөн каражаттардын коопсуздугу жана керектөөчүлөрдүн укуктары кепилденген эмес.

Мындан улам, коомдо турак жай кооперативдеринин ишмердигине кооптонуу менен мамиле кылгандар да бар. Алар мындай кооперативдердин Кыргызстанда азыркы учурда иштеп жаткан моделинин өзөгүн пирамидалык принциптер түзөт деп эсептешет.

Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарга турак жай кооперативи сыяктуу күмөндүү уюмдар активдешкенин эскертип келет. Ошондой эле мында каржы пирамидасынын белгилери бар экенин айтып, жарандарды этият болууга, бардык документтерди дыкат текшерип, мамлекеттик органдардагы маалыматтар менен салыштырууга, жасалма эместигин аныктоого чакырган. Мындан тышкары, Улуттук банк турак жай кооперативдери каржылык операция жүргүзүү үчүн көзөмөл органдарынан лицензия алышы керек деген позицияны карманат.

Милицияга арыз менен кайрылгандар “Ак үй KG”, “Жилье Грант”, “Элдик Групп”, “Ордо-Мурас”, “Финико”, “S-LINE”, “Ихсан Групп ЛТД”, “Биринчи турак жай кооперативи”, “Ансар”, “Ипотека” деген турак жай кооперативине нааразылыгын билдирип келет.

Турак үйгө болгон муктаждык

Өкмөт калкты турак жай менен камсыз кылуу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияны 2015-жылы эле ачкан. "Менин үйүм 2021-2026" мамлекеттик турак жай программасы 2021-жылы 16-сентябрда ишке кирип, 828 үй-бүлө турак жайлуу болгон. Бирок мамлекеттик ишкананын ачылганына жети жыл болсо да, туруктуу каржыланбай, койгон талаптары үй алуучулар үчүн кыйынчылык жаратып келгени айтылат.

Президент Садыр Жапаров ипотекалык насыялоонун мөөнөтүн 15 жылдан 25 жылга чейин узарткан мыйзамга кол коюп, өзүнүн жер үйүн мамлекеттик компанияга өткөрүп берген.

Турак жайга муктаж катары мамлекеттик ипотекалык компанияга жана турак жай кооперативдерине 50 миңден ашык үй-бүлө кайрылган.

2022-жылы 88 742 турак үй курулган. Анын 33 миңи шаар жергесинде, калганы айыл-кыштактарда. Азыркы тапта ар бир кыргыз жаранына 13 чарчы метр турак үй туура келет, ал эми эл аралык стандарттарга ылайык, бул сандар 18 чарчы метрден кем болбошу керек.

Жыл сайын Кыргызстанда 1 млн 300 миң чарчы метрдин тегерегинде турак үйлөр колдонууга берилет. Анын 400 миңге чукулу Бишкекте, 200 миңден ашыгы Ош шаарында курулат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG