Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Жихадчы президенттен кечирим сурады


"Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында согушкан борбор азиялыктар
"Ислам мамлекети" террордук тобунун катарында согушкан борбор азиялыктар

Ошто Сириядагы согушка катышкан деп шектелип үч жаран кармалды. Алардын бири бири Кыргызстандын элинен жана өлкө башчы Алмазбек Атамбаевден кечирим сурады.

Мындан бир жарым жыл мурун Сирияга барып, бир айга жакын атайын даярдыктан өтүп келген жарандар 26-мартта атайын кызматтар тарабынан Ошто кармалган. Алардын бири Сириядан келип, бир жарым жыл тынч жашаганын, эч ким менен согушуу ниети жок экенин айтып, кыргызстандыктардан кечирим сурап жатат.

- Мен үчүн жихад өзүмдүн напсим болуп калды. Бир капырды өлтүргөндөн көрө ага жакшы сүйлөп, динге тартканым туура экен. Биринчиден, мен Аллага тобо кылдым. Экинчиден, президентибиз Алмазбек Атамбаевден, соттордон жана жалпы Кыргызстан элинен кечирим сурайм. Кудай буюруп чыгып кетсем, жалпы адамзатка зыяным тийбейт.

"Ислам мамлекети" тобунун согушкери
"Ислам мамлекети" тобунун согушкери

Кармалгандардын бири 26 жашта. Ал 2006-жылдан тарта эл катары динге берилип, такай намаз окуй баштаган. Бирок 2011-жылы айыл мечитине имам болуп келген 20 жаштагы Сиражидин аттуу кишинин үгүтүнө берилип, үч таанышы менен бирге Сирияга аттанган. Ал азыр Сирияда 19 күн болгонун, буга чейинки оюнан кайтканын айтууда.

- Сирияга баргандан кийин 11-күндөн тарта машыга баштадык. Чуркадык, автомат аттык. Анан Башар Асаддын аскерлери турган жерден үч чакырым бери жактагы блок-постко алып барышты. Мен ал жерде турганда саат экиде вертолет менен бомбалап, танктардан ата башташты. Коркуп кетип, ыйлап артка качтым. "Кайра кетем" деп сурандым. Алар "сен кетсең УКМК кармап, камайт" дешти. Мен ошого да кайыл болуп келдим. Өз жеримде өлөйүн дедим.

Сириядагы согушка катышып, атайын даярдыктан өтүп келген үч жаранды атайын кызматтар бир жарым жылдан кийин кармашты. Кармалгандардын бири 1,5 жыл бою карызын төлөө үчүн кыш куюп, айдоочулук менен тиричилик кылып жүргөнүн айтты.

Сирияга барганым үчүн кечиргиле...
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00

Улуттук коопсуздук кызматынын маалымат катчысы Рахат Сулайманов аларга жалданмачылык беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

- Эл аралык террордук уюмдун үч мүчөсү кармалды. Алар Ош облусунун тургундары. Буга чейин Сириядагы согуштук аракеттерге катышып келген. Учурда аларга жалданмачылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө жүрүп жатат. Алардын кийинки тагдырын сот чечет.

Сирияда согушуп жүргөн казакстандыктар
Сирияда согушуп жүргөн казакстандыктар

Буга чейин Сириядагы согушка катышкан деп кармалгандардын көпчүлүгү мурунку ойлорунан кайтканын айтышкан. Бирок аларды коркунуч жаратпайт деп ишенгендер аз. Адистер Сирияга баргандарды кечирүү же кечирбөө маселесинде ар бирине өз-өзүнчө мамиле жасалышы керектигин айтып келишет.

Конфликтолог Расул Авазбек уулу болсо, Атамбаев менен элден кечирим сураган жихадчылардын кайрылуусу моралдык гана күчкө ээ дейт.

- Бул укуктук маселе. Биздин Кылмыш-жаза кодексинде жалданмачылык деген берене бар. Эгерде алардын согуштук аракеттерге катышкандыгы далилденсе, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алдында жооп бериши керек. Ал эми кечирим берүү-бербөө маселесин президент чечпейт. Президенттин соттук маселеге киришкенге акысы жок. Ошондуктан алардын кечирим суроосу моралдык гана маселе.

Расмий маалыматтар боюнча Сирияда 300гө чамалуу кыргызстандык бар. Сириядан кайтып келгендердин элүүдөйү кармалган. Анын ичинен сегиз жаран беш жылдан сегиз жылга чейин кесилген. Дагы үчөө Ош шаардык соту тарабынан шарттуу кесилди. Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев Сирияда 500дөй кыргызстандык бар экенин айткан.

XS
SM
MD
LG